Дүңгүрөмө

Ылай-Талаа айылы

Кароолчусу – Коңурат, 1958-жылы туулган, Ленинградда окуган, буга чейин А.Осмонов атындагы мектепте географиядан сабак берген, азыр пенсияда. Мал чарбасы менен алек.

Бул ыйык жер чоң дөңдүн каптал тарабында жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – үңкүр. Анын ичинде шаркыратма бар. Үңкүргө кирээрде үстү жакта 2-3 тоннадай таш бар. Үңкүрдүн ичи суук. Сол тарабында кырлуу таштар бар, бутуң менен анын үстүн баса албайсың. Оң тарабы жагынан айланып, 2-3 метрылдый ылай менен сыйгаланып түшөсүң. Түшкөндө аппак таштар көп, төрдө үңкүрдүн шыбынан жапыз шаркыратма бар, ал 4-5 метрбийиктиктен түшөт. Ага колуңду тоссоң, суусу муздак, колуңа таш түшүп келгендей сезилет. Түшкөн суу ылдый жактагы таш топтомунун арасына кирип кетет, каякка жок болуп кеткенин билбей каласың. Бул сууга даарат алуунун да өз эрежеси бар.

Барган киши бутундагыны чечип, шымын өйдө түрүп, биринчи киргенде үч жолу жууйт. Кийин үч жолу бетинди жана оозуңду чайкайсың. Анан үч жолу бутуңду жууп, рухуң жетсе, ичиндеги шаркыратманы үч жолу айлансаң болот. Дүңгүрөмөнүн дагы бир ырымы бар, ичиндеги ак таштан бирөөнү оозуңа салып алып, шимип жүрө бер, ошондо ден соолугуң чың болот, анан оорубайсың.

Оозеки тарыхы:

 

Ылай-Талаа айылынын тургуну Сатыбаева Манап: Өзү кыргыздар мазар десең башкача түшүнүшөт, мазар деп күмбөздү, жайды, мүрзөнү элестетишет. Байыртадан эле мазарды ыйык, сыйына турган жер деп билебиз, азыр эле бурмалашып, башкача түшүнүшөт. Дүңгүрөмө жөнүндө айтсам, мындан эки жыл мурда Франциядан биздин токойчулар менен иштешебиз деп окумуштуулар, токойчулар келишкен. Алар бул мазарга кызыгып, изилдешти эле.

Айылдан чыгып, Көпүрө баштан өтсөк, Тартмага жетебиз. Андан кийин Ири-Суу. Ири-Суудан өтсөк – Ажике. Азыр жайлоого эч кимге чыкпайт, суук чөптөр да өсө элек. Кыш өтүп, март айларында малчылардын бары Тартмага келишет. Кадимкидей эле чакан үйлөр бар. Күн жылып баштаганда, Ири-Сууга кетишет. Ири-Суу – бул тоолуу аймак. Ири-Сууда апрелдин башынан, ортосунан тартып, майга чейин жашашат. Күн жылыгандан кийин кайра кыргыз үйлөрүн, чатырларын бузушуп, аттарга жүктөп, Ажикеге сапар алышат.

Ажикеде мазарлар көп: Токбай-Ата, Дүңгүрөмө, Кургак-Дүңгүрөмө, Үч-Көл, Көк-Көл, Тогуз-Булак, Таш-Булак, Кызыл-Таш, Үч-Тал, Абыл-Мейиз. Тартмада да Капчыгай деген жер бар. Бирок акыркы он-он беш жылдан бери унутулуп деле калды.

Дүңгүрөмө – өтө чоң эмес үңкүр. Жанында кичине дарак турат. Бул жерге бардык эле мазарлардай, жип, чүпүрөк байлашат. Үңкүрдүн оозунда таш турат, ал чоң, 2-3 тоннадай ак таш. Бул жөн таш эмес, бекеринен ал жерде турбайт. Үңкүрдүн ичине катуу кыйкырып, бакырып сүйлөбөш керек, болбосо баягы таш үңкүрдүн оозун жаап калат. Мен бул жерди билгенден бери мындй учурлар болгон эмес, бирок менин чоң атам мындай окуялардын болгонун айтчу. Ошондо айылдын балбандары келип ташты көтөрүп, ордуна коюп коюшкан дейт. Колот жакта (Дүңгүрөмөдөн пас, ылдый) суу агат, ал жерде эки чакан көлчүк бар. Дамба-1 жана Дамба-2 деген бар. Эл Дүңгүрөмөдөн чыккандан кийин, бул экөөнө киринишет. Ошондо гана бардык жамандыктардан, кирден, жол болбостуктардан арылабыз деген түшүнүк бар.

Дүңгүрөмөнү биздин айылдагылардан башкалар билишпейт. Жай маалында адамдардын аягы суюлбайт. Эми ар кандай бирөөлөр ооруганыма жардам берет десе, экинчилер жөн эле тазаланыш үчүн, үчүнчүлөр ойногону келишет, кызыгып келишет. Июль айларында жайлоодогулар үлүш өткөрүшөт, ошондо жайлоонун тургундарынын баары келип, сыйынып, кан чыгарып, тазаланып, ойноп кетишет (Бекболотова Бегимайдын жазып алган маалыматтары).

Мазардын шайыгы Коңураттын маалыматы: Мени айылдагылар Дүңгүрөмөнүн кароолчусу деп коюшат, бирок мен өзүмдү антип эсептебейм. Мен жөн гана анын жанында жашайм. Жайында күрөк менен балдарым менен чогуу Дүңгүрөмөнүн ичине тепкич жасап коем, сооп болсун деп. Мен жашаган жерде булактар жок, ошондуктан сууну Дүңгүрөмөдөн алып ичебиз. Кечинде Дүңгүрөмөгө барбаганга аракеттенебиз, өтө коркунучтуу жер да. Мен кичине кезимде Нияз деген жалгыз жашаган киши бар болчу, ошол киши Дүңгүрөмөгө кирип алып, бирөөлөр менен сүйлөшө берет деп айтып калышчу. Бир четинен карасаң жиндиге окшошсо, бир жагынан абдан билимдүү. Чынында ал киши менен эч ким сүйлөшкөн да эмес. Сыягы Дүңгүрөмө менен кандайдыр бир байланышы болсо керек. Келип алып айылдап, тентип жүрө берет эле, кээде Дүңгүрөмөнүн оозунда уктап да калчу. Элдердин айтымында ал киши эч качан ооруган эмес, кээ бирлери анын ден соолугунун чың болушун Дүңгүрөмө менен байланыштырышчу. Согушка катышып, бүтөөрүнө бир жыл калганда, качып келе берген экен. Эл чогулган жерде: “Кийин көрөсүңөр го, сен жайлоодо туруп, мен айылда туруп, экөөбүз сүйлөшөбүз”, – деп азыркы чөнтөк телефондорду айтса керек деп ойлонуп калам (Бекболотова Бегимайдын жазып алган маалыматы).