Ак-Терек

Сары-Баргы айылы

Кароолчусу жок

Ак-Терек мазары Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Баргы айылында жайгашкан. Машина менен баратканда, Сары-Баргы айылынын кире беришинде, сол жакта суу агат. Ал эми оң жакта жар, көчкү бар. Айылдын оозунда эле чоң зоо бар, ал зоо айылды экиге бөлүп турат. Зоонун бир бетин көчкү алып кеткен, кийин кыпкызыл, чоң жар болуп калган. Ошол чоң зоонун түбүндө катар-катар өскөн ак теректер бар. Алыстан, жолдон эле көрүнөт экен. Бир эң узун жана эң чоң теректин жанында булак бар. Булактан таза суу чыгат, ичиндеги топурак таштар кыпкызыл. Бирок суу туптунук жана муздак. Төгөрөк узундугу60 см, эндиги да болжол менен ошондой эле. Казанга окшош, кызыл таштар менен тосулган.

Сары-Баргы айылынын тургуну Жээнтай кызы Айжамал: Бул сууга бетине жара, сепкил чыккандар жуунат. Бирок айтып калышат, көп жуунганда, бетти бырыштырат деп. Мен билгенден бул булак кышкысын тоңбойт. Ага даарат алып, таза болуп барышың керек. Булакка жакын турган үч талга чүпүрөк байлашат, жакшы ниет менен барып, сөзсүз куран окуу керек.

Мен 9-класста окуп жүрүп, уйлардан (малдан) чакалай жуктуруп алгам. Ал аябай кычыштырат, аллергияга окшош. Апам ээрчитип алып, мени ушул булакка күнүгө жуунтчу эле. Сууй тийгенде эле ачыштырып, ыйлачумун. Бирок ал он күндө эле жоголгон, азыр чыкпайт.

Бул булактын кароолчусу деле жок, эл өзү эле карап турат. Баргандар чөптөрүн жулуп, тегерек-четин тазалашат (Разакова Гүлзаттын маалыматы).