Ак-Таш

Кара-Кочкор айыл өкмөтү

Нобот аянты

Ак-Кыя айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – таш. Анын адам баткыдай тешиги бар. Тешигинен өтөм дегендердин ичинен турмушта күнөөлөрү барларын таш кысып калат деп айтышат.

Мазар Ак-Кыя айылынын чыгыш тарабында, жөө баскан адам 1,5 саатта жеткидей аралыкта жайгашкан. Ал жердин өзүнө чейин унаа каттабайт. Анткени ал тоодо, Ак-Таш тоосунун түбүндө, жайгашкан. Жергиликтүү калк ал жерде бир ажыдаардын бар экендигин айтат. Райондун борборунан 15 чакырым алыс. Учурда мазардын жанында 2 гектар жерге жаңгак эгилген (Бегимкулов Орозбай, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы).