Абыл-Мейиз

Ылай-Талаа айылы

Кароолчусу жок

Ылай-Талаа айылынан Абыл-Мейиз мазарына чейин, эгерде ат менен барса, эки сааттык жол, ал эми камаз автоунаасы менен бир жарым саатта жетүүгө болот. Ал Ат-Жайлоо тоосунун артындагы чоң, кызыл, сыйдаң жар. Анын бийиктиги 100-150 метрдей, туурасы – 80-100 метрге жакын. Жашоочулардын айтымында, магниттүү, темир же магнит алып келип жармаштырса, жармашат. Жардын түбүндө Кум-Бел аттуу карлуу тоодон агып келген чоң дайра агат.

 

Оозеки тарыхы:

 

1938-жылы туулган эмгек ардагери, А.Осмонов атындагы мектепте 35 жыл кыргыз тили жана адабиятынан сабак берип, эми эс алууга чыккан адам, 28 небере, 5 чөбөрөнүн чоң энеси Эрмектаева Максат: “Илгери өткөн заманда байдын жалгыз уулу, кедейдин жалгыз кызы болуптур. Ата-энеси үйлөн десе болбой, Абыл көпкө чейин үйлөнбөй жүрөт. 26-27 жашка чыкканда, бир тойго барып калат. Ал тойдо Мейиз деген кызга көзү түшөт. Ал ушунчалык сулуу, назик, жүзүнөн нур төгүлгөн кыз болот.

Абыл Мейизге ошол замат ашык болуп, ата-энеси каршы болсо да, сүйлөшүп калат. Бала кызды отолоп келгенде, жаштар кыз куумай ойноп калышат. Ошондо Мейиз: “Эгерде азыр сен мага жетип алсаң, мен сендикмин. Жетпесең, мен бул жашоо менен кош айтышам”, – деген бойдон чү коет. Бала артынан атын чабат. Анткиче кыз зымылдаган бойдон жардын жээгине барып калат. Ошондо Мейиз: “Мен сендик эмесмин, бул дүйнөдө болбосо, аркы дүйнөдө бирге болобуз”, – деген бойдон ат-паты менен жардан секирип кетет. Абыл элге уят болдум дегениненби, же Мейизди ушунчалык катуу сүйгөнүнөнбү, артынан кетет. Ошентип, экөө тең бир күндө көз жумуп, тоюна деген мал-аш тажиясына берилет. Экөөнү бир күмбөзгө коюшат.

Мындан 20-30 жыл мурда жардын түбүндө, каптал жагында күмбөзү бар болчу. Бирок азыр эч нерсе жок.

Жакын арада жашагандардын айтымында, ай толгон мезгилде, түнү аппак кийинген эки жаш жардын так үстүндө секирип, бийлеп, чуркап калышат экен. Бул экөөнүАбыл жана Мейиз деп түшүнсөк болот.

Бул мазарга жай мезгилинде көп келишет. Абыл-Мейиздин тегерегиндеги жаратылыш абдан кооз. Мына бул жар болсо, накта Ат-Жайлоо тоосу, ортосунда шарылдаган таза суу, өйдөрөөгүндө Качура деген токой. Келип мал союп, арбактарга, шейиттерге, Абыл-Мейизге куран окуп кетишет. Жакшылык жана тынччылык тилешет”.

Өзүн Гүкү деп тааныштырган 11-класстын окуучусу: “Кичинемден бери эле жайлоодо чоңойдум. Ушул жар тууралуу уламыштарды жатка билем десем да, жаңылышпасам керек. 8-класста болсо керек, ушул жерге келип ойноп, кечкиге калып кеттик. Ошондо акемдер: “Тиги жакты карасаң, биз тарапка эки аппак кыз-жигит келе жатат”, – деп эле чокуну көрсөтөт. Мен: “Көрбөй атам”, – десем, кача башташты, мен да качтым. Аркасынан чуркап баратып, чымга чалынып түшүп, бутумду чоюп алгам. Аябай коркуп калган экемин. Эртеси күнү бетимдин баарына учук чыгып калыптыр.

Менимче мазарларга адамдар тазаланыш үчүн барышат. Бул мазарга дагы жайкысын көп келишет. Келип бизден, же башкалардан кой сатып алышат, кымыз, каймак, курутту көп алышат. Ошентип, көп болсо эки түн түнөп кетишет. Бул мазар эч кимдин менчиги эмес. Болгону токойчулар айланасындагы теректерди кыйбагыла деп текшерип турушат” (Бекболотова Бегимайдын маалыматы).