Чил-Устун

А.Анаров айылдык кеңеши

Кароолчусу жок.

Бул ыйык жер борбордун түндүк тарабында, үч чакырым алыстыкта орун алган, башкача айтканда, Араван менен Андижандын ортосундагы тоодон орун алган. Тоонун бийиктиги болжол менен 800-850 метр. Анын 300-400 метрлеринде орун жайгашкан. Мазарга жетпей, 500-600 метралыстыкта атайын парк бар. Мазарга бир гана адам алып барып, алып келет (Жеңишбек уулу Аскар).

Ыйык жер Дул-Дул-Ат ыйык жеринен үч чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жерге “Чарбак” саноториясын аралап өтүп барууга болот.

Ыйык жердин түрү – үңкүр. Ал Чил-Устун тоосунун чокусунда жайгашкан. Тоо негизинен өтө таштак, өсүмдүктөр жокко эсе, шылдырап аккан суулар да жок. Тоого бара турган жолдо эскертме жазылган. Тоодо кызыл китепке кирген жарганаттын эки түрү мекендейт.

Бул тоонун чокусуна чыгуу үчүн 1,5-3 саат убакыт керектелет. Жолдору ыңгайсыз болгондуктан, карылар, жат балдар чыга алышпайт. Ошондуктан тоонун бир топ жерине чейин машина менен барууга мүмкүн, муну менен убакытты үнөмдөөгө болот. Жолду билген, туристтерди тоого чыгарып жүргөн гиддин (жергиликтүү тургундун) айтымында Чил-Устунга чыгып келүү үчүн бир жуп бут кийим жыртылат. Ал гид – өзбек улутунун өкүлү. Жогоруда белгилегендей, жол опурталдуу. Машина менен барган күндө дагы, жолдун жарымынан көбүн жөө басууга туура келет. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жамгыр көп жааганда, табигат кырсыктары болушу мүмкүн экен. Ошондой эле, биз бараардан эки күн мурда бири россиялык, бири бишкектик эки изилдөөчү жол таппай адашып, туңгуюкка кептелип калышып, куткаруучулар келгенде, бири бул дүйнө менен кош айтышыптыр.

Үңкүргө жакын тоодон Андижан көрүнөт (Жетимиш кызы Айжамал).

Оозеки тарыхы:

Дул-Дул-Ат ыйык жеринин шайыгы Эргешали Усмановдун айтуусунда, “Чарбак” саноториясындагы бактарга бир дагы канаттуу конбойт, коргондон сырткары жайгашкан гана бакка канаттуу конот. Мунун себеби бар.

Курбан аттуу пакиза, таза адам артына дайыма дан чачып жүрө берет. Адамдар ага чачкан данын дайыма канаттуу терип жеп кете бергендигин эскеришет. Ал: “Болду, канаттуу келбесин, конбосун!”, – деп таягын жерге урат. Ошол жер азыркы “Чарбак” саноториясы экен.

Тоонун “Чил-Устун” деп аталышынын себеби, “чил” – кырк дегенди билдирет, башкача айтканда, биздеги “чилде” – кырк күн деген сөзгө маанилеш. Бул тоодо 40 устун бар, 20 сы асманга батыгтталган, 20сы жерди карай шиш таштар бар. Тоонун чокусунда “Чыл-Чыл”деген булак бар, ал ашып да кетпейт, түгөнүп да калбайт. Ал – тамчылап аккан суу, бир жерде гана бир калыпта тура берет. Үңкүргө баруунун эки гана жолу бар. Жалгыз аяк болуп чубалып жаткан жолдордун бириби, же таштан ташка секирип жүрүп олтурган  жердеги жолбу, аңдап түшүнө албадым. Ошол тоодогу жалгыз аяк болуп таштарды аралап кеткен жолдор менен үңкүргө барган бир адам (байыркы мезгилде болгон адамдын ысымын маалыматчы эстей албады. – Айжамал) айылдан жок болуп, тоого чыгып кетип, кайра келип калып жүрчү экен. Кайда жүргөндүгүн сурашса, ал адам үңкүрдүн ичиндеги жол аркылуу Мекеге барып-келип жүргөндүгүн айткан имиш. Эл ичинде: “Кимде-ким ажыга баруунун жолун таппай жатса, Чил-Устун тоосунда жол бар”, – деп айтылат. Үңкүргө жеткен чакта да, үстүдөн бир адам жиптин учун кармап, экинчи адам үңкүргө түшөт экен (Жетимиш кызы Айжамал алган маалымат).

“Менин атым – Эргеш Аали. Мени бул жерге адам жөнөткөн жок, кудай жөнөткөн. 1993-жылы 14-октябрда шаршемби күнүндө келгенмин. Келгениме 17 жыл болуптур, ошол бойдон  ушул жердемин. Мен ооруп, көптөгөн жерлерге жатып чыктым. Мисалы, Ош областык  ооруканасында,  Дул-Дул-Ат мазарына жакын  жердеги ооруканага жатып  чыктым, бирок даба  ала  албадым. Ооруганымдын  айынан  273  ушундай  ыйык  жерди  басып  өттүм.  Акыры  ушул  жерге  келдим. Өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү, жашабаган үй мазарга айланат. Бул жер дагы каралбай калып кеткен, мен 1993-жылдан баштап ушул жердемин. Бардыгына жетиштим.  Акыркысы болуп 2000-жылы мына бул турган күмбөздү бүтүрттүм, бул  күмбөз бүткүчө мени  аябай  кыйнап  койду. Баштагы  күмбөзү болгон, бирок жапыз болуп турган. Ушул күмбөз  үчүнчү болуп ондолуп курулганы аябай жакшы болду. Бул күмбөздүн долбоорун өзүм айтып  берип олтуруп, жетинчиси гана ушул күмбөз болуп чыкты.

Бул жерге адамдар Аллах деп келет, иши жүрүшпөгөндөр, балалуу болбогондор, үйлөнбөгөндөр келет, ар  кыл адамдар келип: “Таксыр,  дуба  берип койсоңуз”, –  дейт. Мен  дубамды  аябайм,  алардын  максатына  карап  бере берем.

Дул-Дул-Ат  деп  аталып  калышынын  себеби, бул  пайгамбарыбыздын аты  болгон.  Ал  эми  пайгамбарыбыз өмүрүнүн  аягына  чейин  даватта  болгон. Айрым адамдар аттын кишенегенин уктук дешет, бул эми миңден бир адамга гана угулат” (Жеңишбек уулу Аскар алган маалымат).