Төөмоюн-Ата

Төөмоюн айыл өкмөтү

Акшар айылы

Кароолчусу жок.

Бул ыйык жер жаткан төөгө окшош. Бул жерге эл келип, жыт чыгарып, сыйынып кетишет. Бул тоо белгилүү ыйык жерлердин катарына кирбей калган.

Жакыпов Мойдун, 73 жашта, мугалим: Негизинен алганда Төөмоюн-Ташта уран бар дешет. Уран бар тоолордун башына чөп чыкпайт. Ал облучение болуп калат. Облучение денеге илинген дегенди түшүндүрөт. Ошол нерсе илээшип калышы да мүмкүн. 1939-жылы Төөмоюн-Атаны орустар атканда, бардык адамдар өлгөн. Аткан адамдар да, карап турган адамдар да өлгөн. 1974-жылы 40 адам изилденген.

Бул тоого чыккан адамдардын бир жери ооруп калат. Мусулманчылыкта “көзүңө ар нерсе көрүнөт”, “авария болот” дешет го. Ар бир жердин өзүнүн ээси болот да. Мисалы, Төөмоюн-Атада ак чапанчан аксакал адам бар дешет. Ошол көзгө көрүнсө керек. Ошондуктан адам таза, даарат менен чыгышы керек. Төөмоюн-Таш – азиз жер. Адамдар азыткы бар деп калышат. Төө-Моюнга байланыштуу менде бир окуя болгон. Сары-Таштын үстүндө буудай экчүбүз. Канча жашта экенимди билбейм. Убак болсо шам аралаш эле. Биз аттуу болчубуз. Бир атты минип, бир атты жетелеп кетип баратканбыз. Алдыбызда Абдували деген олбурлуу бригадир акебиз бар эле. Малканага барганда, чапканда, аттын туягынан жалын чыга баштаган.

Мен минген атта нокто бар эле, жүгөнү жок эле. Абдували аке башка жакты карай жөнөдү. “Кайтыңыз!” – десем да, кайтпайт. Акыры тоонун четине барып, такалып калды. Ат жыла албай калды. Ошондо мен азыткы бар экенин билгенмин, азиз экенин дагы билем. Кээ бир адамдар: “Төөмоюн-Ташта этият болгула. Үстүнө чыгып ооруп калгандар бар”, – дешет. Түшүп, башкача айтканда, кулап кеткендер, ооруга чалдыгып калгандар дагы болгон. Бул жер да Оштогу Сулайман-Тоодой эле ыйык. Төөмоюн-Атада уран болуп, атканда, адамдар өлгөн үчүн да ыйык болуп калгандыр. Дааратсыз чыккан адамдар ооруп калат. Ар нерсенин ээси бар. Мисалы, үйдүн ээси болот. Негизи Төөмоюн-Ата – ыйык жер. Бул жердин эли ток, жакшы жер. Бул жерде күн ысык болгондугуна байланыштуу, өз убагында адамдар жабыркаган. Күндүзгү саат 12ден 5ке чейин эшикке чыга алышкан эмес.

Акшар айылында дагы эки-үч мазар болуп калган жерлер бар. 1943-44-жылдары ачарчылыктан, безгек, котурдан өлүп, көмүлгөн кыргыздар менен чечендердин сөөгү жаткан жерлер мазар сыяктуу.

Ыйык жер деген бул өзү адам пайда болгондон бери келет. Бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө ыйык жерлер бар. Кайсыл жерде адамдар болсо, ошол жерде ыйык жер болот. Бардык жердин өзүнүн ыйыктыгы бар. Биз эле эмес, бардык адамдар сыйынышат (Исак кызы Нуржамалдын маалыматы).

Оозеки тарыхы:

 

Атамкулов Абдырахман, 92 жашта, догдур, тарыхчы: Кара бийдин үч уулу болду: Көн, Дөөлөт бийке, анан Бахадары. Дөөлөт бийке азыр Чавайдын орду Тешик-Арыкта. Ошо маалда Кунан баатыр Өзбекстанда Акбашта, Көндүн балдары Тешик-Арык, Төөмоюн, Чоң-Алайда жашаган.

Сарыбай Молдо Кайкенин төрт уулу болду: Акбарак, Жанбарак, Байгол, Жанбол. Акбаракты Кара-Дөбөгө коюп, үч баласын Төөмоюнга алып келди. Байбол деген баласына Сары-Таш, Авиз, Быягы Кырк-Кулачка чейин берди. Эми Жанбаракты азыркы Салиевага таштады. Жанболду азыркы Ленинге таштады. Эми Байболдон үч уул: Мамеке бий, Мамбеткул, Маматкул бар. Мамеке бийдин отурган жери – Кошташ-Дөбө. Таш ажы 1985-жылы Авизде калып, азыркы Кадыров мектебинин өрүк багы жагына өзүнө бир үй салды, мечит курду. Төөмоюн-Таштагы мазар ушундай.

Имар ажы – Мамеке бийдин небереси. Имар ажынын тагалары – Отуз уул. Имар ажы Андижанга базарга барып, базарлык кылып келип, анан жолдо табы айнып, өйдө чыкканда, мунун көзүнө бир нерсе көрүнүптүр. Көзүнө ак кийимчен адам көрүнгөн. Эми көзүнө эле көрүнгөндүр. Оорулуу кеселдеп жатат. Анан ал балдарына: “Мага кактан көгүч көрүндү. Кактан мага кечел тийди. Мени алышка же сууга өлүмүмдү сүйлөбөй, какка көмүп коюш керек”, – дейт. Анан Имар ажынын керээзин аткарып, аны жолдун боюна көмүшөт. Эстелик тургузушат. Анан калган мазарга наймандар көмүлөт. Имар ажыны көмүп, анын осуяты боюнча ошол мазар Как мазары болуп калды. Андан кийин аерге өлгөндөрдү койбой, Төөмоюнга пахта-сахта эгип, анан мазардын калганын саал тосуп коюшуптур.

Ар ким ар нерсени айтат. Менин көзүмө көрүнбөдү. Адамдардан угам, ак сака ороп алган адам Төөмоюн-Таш жакка келип эле, жоголуп кетет деп. Андай адам, мындай адам деп, элдин айтканы эле өтө көп. Төөмоюн-Атада узундугу он метрче үңкүр болгон. Анан бул үңкүргө адамдар келип, зыярат кылып, кой, тай союп, куран окуп, Төөмоюн-Ата азиз жер деп келип, зыярат кылып жүрүшкөн. Анан Өзбекстандын зору Ахунбабаев деген киши болгон. Өзбекстандын элчилиги болуп калганда Ахунбабаев каналдарды чукулатып, атайын адамдарды жөнөтүп, он метрче жерде үңкүр болсо, ошонун үч жерине мина коюп туруп жардырткан. Бул эл зыярат кылбасын деген максатта болгон. Эл: “Төөмоюн-Таштын ташын аракет кылган”, – дешет. Антпей эле, Ахунбабаев Советтер Союзуна жакшы көрүнөйүн деп, зыярат кылышпасын деп жардырган.

Ашхабадда окуп жүрөбүз. Анан бир күнү эле кошумча эч маалыматы жок, Ахунбабаевдин өлгөндүгү тууралуу гана кабарды угуп калдык. Эмне болуп өлгөнүн сурасак, лейтенантыбыз анын жарылып өлгөнүн айтты. Муну Төөмоюн-Атаны жардыргандыгынын жыйынтыгы деп түшүнүп койдум. Анын каерде көмүлгөнү да белгисиз. Бардыгы кудайдан го, бирок ыйык жерге тийбеш керек. Андан кийин Төөмоюн атанын ташын алабыз деп, орустардын дагы өлүп кеткенин айтышат. Мазардын адамдар баскан жеринде чөп жок.

Мазардын төөгө окшоп калгандыгы кудайдын кудурети. Бул жердин куту тоодой. Таштын моюнун, эки өркөчүн карасаң, төө чөгүп жаткандай. Мазардын аталышы ошондон да, бул азиз жер (Исак кызы Нуржамалдын маалыматы).

Маткалыкова Калима, 46 жашта: Төөмоюн-Атанын ыйык жер экенине мен өзүм ишенем. Сыйынсаң алладан амир болуп, Төөмоюн-Атанын азиздери тилегиңди берет. Булагына барып сыйынып, үй-бүлөбүз менен бети-колубузду жууп келебиз. Сыйынганы келген адамдар муну Шыпаа-Булак деп атап коюшкан. Биринчиден, чыккан жараларга дары болсо, экинчиден, ич ооруга да дары. Ата-бабаларыбыз айткандай, Төөмоюн-Ата ушунчалык касиеттүү жер. Ажыга баргандардан да Төөмоюн-Атаны бир көрүп келдиңби деп сурашат экен. Бул – менин чоң аталарымдан укканым. Колдоочулары бар. Ушул жерде жашагандыгым үчүн да колдоочулары колдойт. Иштерим жакшы.

Ыйык жер деген – бул сыйынуучу жер. Зыяратың кабыл болсун деген түшүнүктөгү жер. Мен ойлойм, күн чыкканга чейинки жер ыйык деп. Бул мазарга жаш-кары дебей балалуу болуш үчүн, сакаюу үчүн келишет. Апрелден сентябрга чейин адам үзүлбөйт. Бул – Алланын керемети менен элге берилген жер. Мында ар түрдүу ырымдар аткарылат. Чырак коюшат, челпек бышырышат, союш союшат (Исак кызы Нуржамалдын маалыматы).

Акматалиев Абдурасул, 65 жашта, Акшар айылынын тургуну: Мазарларга сыйыныш өзү динде жок. Бул – шовинизмден калган нерсе. Исламдан мурда отко, сууга сыйынып жүрүшкөн. Ислам бир гана кудайга сыйынуу дегенди түшүндүрөт. Эми Төөмоюн вахт дегени. Төөмоюнга жетим-жесирлер, бей-бечералар келип, жерге эгин эгип отурукташкан.

Кабыр ылдый жакта, каналдын боюнда мазар бар. Ал жерге илгери казактар коюлган. Бир мезгилдерде казактарда ачкачылык болуп, ооп келишип, андан кийин чечендер келип, алар көмүлгөн. Ал мазар суу болуп кеткенден кийин, бул жакка, айылга көчүрүлгөн.

Төөмоюн-Ата ыйык жер, азиздери бар. Адамдар зыяратка барышат. Ал төөгө окшош, моюну, өркөчүнө карасаң, жаткан төөгө окшошот. Ыйык жер деген олуялардын кадамжайлары коюлган жерлер. Ошол жер ыйык болуп калат. Өлгөн адамдар тирүү адамдарга муктаж болот. Тирүү адамдар өзү эле ыйык. Адамдар (тирүү) бар жерлерди ыйык жер деп эсептейм.

Ыйык жерлерде ырым-жырым аткаруу туура эмес. Андай жерлерге барып чүпүрөк байлашат, бул мурдагы динден калган нерсе.