Күртүк-Ата

Үч-Төбө айылы

Бул ыйык жер Нурага кетип бараткандагы кан жолдун оң тарабында, коктуда жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – таш. Ага төрөбөгөн аялдар барып, бешик ташка эңкейип, бала эмизген сыяктуу ишаарат кылышат, жанындагы оюк таштан өтүп, ошол учурунда оюндагы тилектерин билгизишет. Бул жерден балалуу болгондор арбын. Бизди дагы апам ошентип жүрүп аман-эсен төрөп алган экен (Чотурова Марипат, 1955-жылы туулган, элдик дарыгер, Сопу-Коргон айылынын тургуну).