Каргаша таш (Кабар таш)

Жошолу айыл өкмөтү

МТФ айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн МТФ айылында жайгашкан. Жар боорунда орун алган бул таштын топурактан түркүгү (стойкасы) бар. Анын бийиктиги 10 метрдей, үстүндө, болжол менен айтканда, 10 тоннадай тегерек кара таш турат. Сүрөттөп айтканда, узун түркүгү кызгылтым топурактан, ал үстүндөгү ташы менен турат. Жар бооруна киши жакын бара албагандыктан, алыстан караганда, аялдын башына кара казан кийилгенсип турат. Бул ыйык жер тике келген жар боорунда эч бир жерге жармашпай, өзүнчө жайгашкан. Таштын астында Бала бейит деген мазар бар.

Каргаша таш айылга жакын жерде жайгашкан. Ал тоо боорунда жайгашкандыктан, баруу, аны жакындан көрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, ага зыярат кылгандар алысыраактан эле сыйынып, кете беришет. Жамгыр жааса, кара тегерек таштан өтпөй, тосуп калып, топурак ташка жамгыр тийгизбейт (кол чатыр сыяктуу) (Мурзатөрө кызы Элнуранын маалыматы).

 

Оозеки тарыхы:

Алай районунун Курманжан датка айылынын тургуну Тажиев Мамырасул[1]: “Элдик уламышка караганда, кайын энеси менен келини болот. Ал экөөнүн ортосунда бир гана казан болгондуктан, казан талашып, көп урушушат. Акыры келин казанды бербей койгондо, кайын энеси: “Ылайым казаның башыңа кийилип, таш болуп катып кал!”, – деп каргайт. Кайын энесинин каргышы тийип, келин таш болуп катып калган экен. Ошон үчүн да таш аял башына кара казан кийип тургандай көрүнүп турат.

Бул таш, бул мазар өтө касиеттүү болгондуктан, канча кылым болсо да көчпөй, урабай турат. Канча жер титирөө болот, канча жамгыр-карды, шамалды тоготпой, былк этпей турат. Анан биз жергиликтүү аксакалдардан сураганда, “Бул таштын качан, кайсы мезгилде пайда болгондугун биздин чоң аталарыбыз да билген эмес. Канча жылдар өтсө да, бул таш эч козголбой, сыр катып турат. Касиеттүү таштан көзү ачык адамдарга төө, ажыдаар, жылаан ж.б. көрүнөт”, – деп айтышат.

Болжол менен 1960-70-жылдары ушул ташка аскерлер келишет. Алар аскердик машыгуудан кайтып келаткан болот. Арасынан эки аскер Каргаша ташка кызыгып, аны атышат. Анан жолдо баратып эле ошол эки аскердин оозунан ак көбүк куюлуп, жыгылып түшөт. Аскерлер замбилге салып алып, райондук ооруканага жеткиришет. Бирөө каза болот, бирөө араң адам болот. Ошол учурду көргөн-билгендер азыр деле бар экен. Элден сураштырса, табылчудай.

Ал эми бизе кайыптан тушкөн маалымат боюнча, бул таш Каргаша таш эмес, Кабар таш экен. Себеби жерге, элге бир кабар, аян болсо, ушул таш аркылуу түшөт экен. Бул таштын сыры XXI кылымда ачылат. Алтын доор келгендиги айтылат.

Эми менин жеке пикиримде, бул ташта чоң сыр катылып жатат. Атайын касиеттүү, көзү ачык, изилдөө жүргүзгөн адамдар изилдеп-иликтесе болчудай. Илгертен ушундай мазарлуу, ыйык жерлерге кыргыздар сыйынып, ниет-тилек кылып, сыр сурап, ден соолук сурап, балалуу болууну самагандар бала сурап келишкен. Кыргыз эли үчүн арбак, мазар жашоодо сырдуу таяныч болгон. Эл ачык табият менен  сырдаш-дилдеш болуп, улуттук идеологияга башат таап келишкен. Мындай нерселерге бир мисал, “Базары жакын байыбайт, мазары жакын тайыбайт” деп керээз калтырышкан.

Ушул учурда ыйык, мазарлуу жерлерди изилдөө – учурдун талабы. Себеби, эл мындан тазалык, улуулук, сулуулук алган, ниет-пейилин оңдогон, табият менен гармонияга келген жана улуу табияттагы көп сыйкырдуу сырлардын ачкычы болуп беришет.

Жетимиш кызы Айжамал: Байыркы жоокерчилик заманда тынч жаткан элди жоо чаап кетет экен. Элдерин тоноп, өлтүргөнүн өлтүрүп, калганын кул, күң кылып айдап кетишет. Ошол жерде бир кемпир, колунда баласы бар келин, эки-үч майда бала аман калат. Алар жоо кеткен соң, эптеп баш-аягын жыйып, коркунуч баскан айылдан башка жакка кетишет. Ачка калышып, тоо мөмөлөрүн жеп жан сакташат.

Алардын арасында жүргөн кемпир жеткен ачкөз, сараң экен. Казанын төбөсүнө көтөрүп, жалгыз канаттуулардын уясын издеп таап, алардын жумурткаларын казанына бышырып жейт. Ал жөнөкөй эмес, канаттуулардын тилин билген кемпир экен. Канаттуулар менен үн алышып, алардын уясынын жайгашканын илип алып, жумурткаларын жеген. Казанын кызганып, шериктерине берчү эмес экен. Келин кемпирге келип: “Казаныңызды берип турсаңыз, балдар ысык тамак ичпей кыйналышты. Кайнак сууга бышыргыдай ун таптык эле”, – дейт. Кемпир келинден унду кайдан алгандыгын сураса, ышкындын түбүн жанчып, чымчым ун кылгандыгын айтат. Келинди жалдыратып, казанын бербей койгондо, жаны ачыган келин: “Казаныңды көтөргөн боюнча катып кал”, – деп каргаган экен. Бул сөзгө бүт канаттуулар кошулуп, каргашат. Ошол мезгилде алай-дүлөй катуу шамал пайда болуп, куюн кемпирди казаны менен кошо учуруп жөнөйт. Куюн аны бийик аска бетине алпарып таштайт. Ошол мезгилде казанын башына кийген кемпир аска бетинде ташка айланып, катып калыптыр”.

Экинчи бир маалыматты Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Торошев Каныбек айтып берди: “Каргаша мазары тарапта Үңкүр деген айыл бар. Ошол жерде бир уруу эл жашаган. Бул таш доорунда болгон окуя. Эл башында эркек адам эмес, акылман аял заты турган экен. Ал эне эл ичиндеги тил албагандарды жазалап турган. Ошол кезде бир аял туура эмес иш кылып, аны эл башы эне жаза катары ар дайым отунга жумшайт. Токойдон отун терип жургөн келинди башка бир айылдын бир эркек адамы байкап: “Ушу сени кантип отунга айдап атышат. Сен биздин урууга келсең, шартың такыр башкача болот, биз сени аял экендигиңе карабай эл башы кылабыз. Бирок мун үчүн сен бир шартты аткарышың керек. Урууңардагы жалгыз казанды бизге уурдап келип бер”, – дейт. Ал кезде бир уруунун элин баккан бирден гана таш казан болгон экен. Баягы келин өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгынан улам, уруудагы казанды уурдап чыгып, кыяны бойлоп, коңшу айылга бет алат. Аңгыча казандын уурдалганын байкаган бир жаш адам айгайлап эл башы энеге барат. Эне ал жигиттин демин басып: “Эми болоор иш болуптур. Ийри жылаан өзүбүздөн чыгыптыр. Артынан кууп убара болбогула”, – деп бардыгын бир үйгө киргизип отургузуп, акылын айтып, жанагы келинге тескери бата берген экен. Түнү менен кыян жүрүп, нөшөрлөп жамгыр жаап, күн алай-дүлөй болот. Эртең менен кыя жол жоголуп, ошол жерде башынан жогору казан көтөргөн бир гана элес калганын айтып келгендерге эл башы эне: “Мен муну кечкурун эле түшүнгөм”, – деп жооп берген экен. Ошол элес кийин таш болуп катып калган экен. Каргаша таштын баяны ушундай”.



[1] Тажиев Мамырасул