Камыш-Ата

Кашка-Суу айыл өкмөтү

Кашка-Суу айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Сары-Могол айылынан 30 чакырым алыстыкта, Кашка-Суу айылынан 10-15 чакырым күн батыш жакта жайгашкан.

Ыйык жерлин түрү – булак. Тегерегинде бутактарына ырымдап чүпүрөк байланган дарактар бар. Айланасы тосмолонгон. Бул мазарга көбүнесе жергиликтүүлөр зыярат кылып келишет. Көбүнчөсүооруп калгандар, денесине жара-жура чыккандар ой-тилегин, ниетин билдирип келишет, балага зарылгандар келет. Бул мазар ыклас койгондор үчүн жакшы. Бул жерде гана атайын ырымдар бары белгисиз, адамдар аны оз ойлдоруна жараша аткара беришет (Мыйматова Турдукан, Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы).