Жылуу-Суу

Гүлчө айыл өкмөтү

Жылуу-Суу аянты

Бул ыйык жер Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн Жылуу-Суу аянтында жайгашкан. Ал Ош-Гүлчө авто жолунда жайгашкандыктан, эс алуу жайын ачууга ыңгайлуу болуп, бассейн, кафелер курулуп кеткен. Ош-Гүлчө жолу 80 чакырым. Чыйырчык ашуусун ашып өтүп, Таш-Короо, Кара-Булак, Жылуу-Суу, анан Гүлчө айылы жайгашкан.

Коргонго (Жылуу-Суу) кире бериште, авто унаалар токтоочу жай, эки кабат кафе, чарпаялар (сөрү), төмөндө (Гүлчө дарыясынын жанында) тамак бышыруучу жайлар, самса бышыруучу тандырлар, жогорулап тепкич менен дөңгө чыксаң, аялдар үчүн өзүнчө, эркектер үчүн өзүнчө бассейн (жабык бассейндер), мончолор, андан жогору кафе, андан бир аз, болжол менен5 метржогору булак жайгашкан.

Мазардын түрү – булак. Ал тик эмес, бирок бийик тоонун боорунда өскөн дарактын жанынан чыгат. Булактын көзү ар түрдүү жерден, таштын, жердин кычыктарынан чыгат. Суусу жылуу.

Жогорудагы курулуштардын союз мезгилинде эле курулгандары да бар. Бассейндер, эки кабат кафе ошол мезгилге таандык. Бул жерден көп киреше түшө тургандыктан, эки бир тууган ага-ини соттошуп, бул жерди талашып жатышыптыр. Менчик жер болуп саналгандыктан, алар өздөрү каалаган багытта колдонушат.

Булакка денесинде ар түрдүү жаралары барлар шыпаа издеп, балалуу болбогондор бала тилеп келишет. Булактын айланасын дубал менен тосуп койгон. Булактын жанындагы даракка чүпүрөк, жиптерди байлап, булактын четине акча таштап коюптур. Беш-алты окуучу кыз ак кагазга өздөрүнүн тилектерин жазып, таштын кычыктарына, ошондой эле сууга агызып жатышыптыр. Алардан бул эмне болоорун сурасам, “тилектерибиз аткарылат, кагазга биз атын жазган балдар эми бизди жакшы көрүп калат”, – дешти.

Көбүнчө эс алуу үчүн келишкендиктен, булак үчүн атайын келген адамдын жолугушу кыйын. Кээ бирлери мындай касиеттүү булак бар экендигин биринчи жолу угуп жаткандыгын билдиришти.

Мазардын оозеки тарыхы боюнча келгендердин эч кимисинен маалымат ала албадым. Мазардын менчик ээси ошол мезгилде жок экен, анын балдары, келиндери, кызматчылары адамдарды тейлөө үчүн (бассейн, тамак-аш ж.б.) ар кимиси өзүнүн бөлүнгөн иштерин жасап жүрүштү.

Толук эмес маалыматтарга караганда, бир молдо бул булакты тосуп койгон үчүнбү, же тоспой койгон үчүнбү, айтор, ал намаз окуп жаткан мезгилде жылаан көрүнгөн дешет. О шондон соң бул жердин ыйыктыгын элдер билишип, булакка каттай башташыптыр.

А. аттуу маалыматчы: “Жылуу-Суу мазарына байланышкан 1999-жылы августта болгон бир окуя эсиме түшөт. Анда биз туугандар иномарка автоунаасы менен Ошко бара жатканбыз. Салондо беш адам (чоңдор), үч жаш бала бар элек. Айдоочубуз, жездем мас абалында болчу, Гүлчөдөн чыгып, Жылуу-Сууга токтоп бассейнге түшүп, булакка барып куран окуп, Ошко бет алдык. Жолдо бара жатып авария болдук. Тойдон келе жаткандыктан нан, эттер майдаланып кетиптир. Машина жолдон чыгып,2 метрболсо керек, ылдый аңга түшүп, үч жолу аласалып,1,5 метрташка тийип бензини төгүлүптүр. Төгүлгөнү жакшы болуптур, болбосо кинодогудай машина менен кошо жарылмак экенбиз. Карама-каршы багытта келе жаткандар: “Булар өлдү, алайлыктар болсо керек, өлүктөрүн чыгарып коелу”, – деп түшүшсө, баарыбыз аман элек, бирок ар түрдүү жаракат алдык. Мен эч нерсе болбодум.

Апам менен эжем булакка кирип жатканда, булак шылдырап акпай, башкача күрүлдөгөн үн чыгарыптыр. Кайра чыгып келе жатышса, шылдырап агып жатыптыр. Бул эмнеси деп таң калып коюшкан экен” (Маалыматтар Жетимиш кызы Айжамал тарабынан даярдалган).

“Азыр, кыш мезгилинде барсаң, суудан буу чыгып турат. Анын суусу жылуу. Кычыткы сыяктуу ооруларды айыктырыш үчүн, суусунан алып кетип турушат. Зыяратка келишет, жуунганга келишет” (Салтанат Шамшыкеевна, жергиликтүү айыл округунун кызматкери).