Таш-Көмүр шаары

This post is also available in: Орусча

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

1. Каз-Булак

Южный кичи шаарчасы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Южный кичи шаарчасы менен Дүйшөн базарынын ортосундагы сайды өрдөп кеткен Темирбаев Сатымбай көчөсүнүн аягындагы ордо, асканын түбүндө жайгашкан. Эки булак жанаша агат. Булактын жанында ванна сыяктуу болуп жасалган цемент коюлган. Булактын көзүндө жалаң аппак таштар үйүлүп коюлган. Жанында жалгыз түп мисте, анын бутактарында тилек тиленип байланган чүпүрөктөр бар. Ал мистенин тамырлары каздын таманын элестетип жерден чыгып турат. Андан бир аз ылдыйраакта жанаша эки түп дарак өсөт. Ал жер таштак, аска-таш болгондуктан, бадалдардан башка чоң түп дарак жок. Эки жагы тоолор менен курчалган.

Ыйык жердин түрү – жардын түбүнөн жанаша чыккан эки булак жана жалгыз туп мисте.

Элдин каттамы коп. Бул жер шаардын четине жакын жайгашкандыктан, шаардын тургундары жана коншулаш айылдардан жана Өзбекистандан коп келишет.

Оозеки тарыхы:

Бул Каз-Булак ыйык жери качан пайда болгонун эч ким так билбейт.

Илгери бир хан болгон экен. Анан анын аялы төрөбөй калат. Төрөбөй калгандан кийин ошол хан аялынын колуна бир казды карматып туруп, кетирип жиберет. Ошондо ал аялдын бара турган жери жок болгондуктан, ошол жерге барып, калып калган экен. Азыркы күндө дагы зыяратка барган көзү ачык адамдарга ошол ак каз ээрчиткен аял көрүнүп, актыгы жок жөнөкөй адамдарга каздын үнү кадимкидей угулуп турат экен. Мына ошол себептен бул жер Каз-Булак ыйык жери деп аталып калыптыр.

2. Шор-Булак

Микрорайон шаарчасы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Микрорайон шаарчасындагы 7-орто мектептин үстү жагында, Осмонбеков көчөсүнүн баш жагында, кырдын түбүндө жайгашкан. Булактын тегерек чекесинде адамдар отурукташкан.

Ыйык жердин түрү – кырдын түбүнөн чыккан жалгыз булак. Булактын үстү чөп-чар, топурак-таш түшпөсүн үчүн, шиферлер менен калкаланып коюлган. Ал шиферлердин үстүндө зыяратка келген элдер таштаган акчалар таш менен бастырылып коюлган. Бул жер суусу жок, кургак, таштак жер болгондуктан, булактын көзүнө түтүк орнотуп коюшкан. Жанында суу ичиш жана куюп кетиш үчүн дайыма бир-эки чыны турат. Бул булак кырдын боорунда жайгашкандыктан, элдин оңой чыгуусуна ылайыкташтырылып тепкич жасап коюшкан. Жанында эч кандай дарак жок. Булактан 3-4 метр бийиктикте кырдын төбөсүндө одур-бодур тоо кыркасы бар.

Оозеки тарыхы:

Бул жерден туздуу суу чыкканы үчүн эле, Шор-Булак деп аталып калган дешет. Шор деген бул туздуу дегенди билдирет.

3. Шор-Булак (Байыз-Булак)

Таш-Көмүр шаары

Байыз-Булак айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Нарын дарыясынын жээгинде, Ош-Бишкек жолундагы Байыз-Булак айылында. Бул айыл тоонун этегинде болуп, ал тоонун боорунда Шор-Булак (Байыз-Булак) ыйык жери жайгашкан. Айылдан булакка чейин 100 метрдей, тоого тике баруу керек. Машина айылга чейин барат. Тоо бооруна жөө чыгышат.

Ыйык жердин түрү – тоонун боорунда жанаша чыккан эки булак. Булактын тегерегинде суу куюп алыш учун чынылар коюлган. Акча, тыйын, шакектерди да таштап кетишет. Биринчи булактын жанында бир түп орус дарагы өсүп турат. Тилек тилеп, ал даракка чүпүрөк байлап кетишет.

Экинчи булак биринчи булактан 2 метр ары аралыктан чыгат. Ал булактын оозун төрт бурчтук темир менен тосуп коюшкан. Бул булактын жанында дарак жок, бирок бир узун жыгачты орнотушкан. Зыяратка келгендер ошол жыгачка чүүүпүрөк байлашат. Тегереги аска-таш. Ылдыйында обочороок жерде орус дарактар, үйлөр жайгашкан. Ал жерде болгону 10-15 эле түтүн эл бар.

Элдин каттамы орточо. Негизинен бул жерге тери ооруларын, жарат-журатты айыктыруу учун Таш-Көмүр шаарынын тургундары келишет. Бул булак Ош-Бишкек жолуна жакын жайгашкандыктан ары-бери каттагандар кайрылып, суу алып кетишет.

Оозеки тарыхы:

А) Байыз-Булак деген аталышы жөнүндө эл ичинде мындай уламыш айтылып жүрөт: Нарын дарыясынын жээги болгонуна карабастан, тоонун түбү болгондуктан, бул жерге отурукташып калбастан, эл дайыма көчүп кетип калып турган экен. Ошондо пайгамбар: «Суусу кенен, малга жайлуу болсо дагы, бул жерге эл түбөлүк жашап калчудай эмес. Ушул жерге бир касиети күчтүү, дарылык пайдасы бар булак, отун терип кыйналбасын деп көмүр кенин чыгарып коеюнчу. Элдер байыз алып, ушул булакты байырлап, жашап калышсын, балким бул жердин канчалык кооз, мал-жанга жайлуу экенин ошондо түшүнүшөөр деп, ушул булакты жаратып койгон экен. Ошондон кийин бул жерде элдер отурукташып, түбөлүккө байыр алып жашап калган дешет.

Б)Ал эми Шор-Булак деп аталып калганы жөнүндө мындан жогорку булак тууралуу айтылгандай эле, суусунун туздуулугу себеп болгон.

4. Келем-Ата

«Келдиш» эс алуучу жайы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Таш-Көмүр шаарынан 10 чакырым алыстыкта, «Келдиш» эс алуучу жайынын баш жагында жайгашкан. Машина ал жердин түбүнө чейин барат. Анан түз жерден 5 метр каптал менен кырдын башына чыгыш керек.

Ыйык жердин түрү – чоң аска таш, анын боорундагы үңкүр. Чоң аска таштын түбүнөн булак чыгат. Тегерек-чекесинде бак-дарактар өсөт. Жоондугу үч адамдын кулачы араң жете турган бай түп арча бар. Ал эми үңкүрдө болсо, түрдүү таштар бар.

«Келем-Ата мазарына барганыма 5-6 жыл болуп калды. Ал убакта бул жерде тамеки заводу бар болчу. Мен ошол заводдо иштечү элем. Келдиш эс алуучу жайы биздин заводдун балансында эле. Биз бул жерди эс алуучу жай катары жана андан сырткары подсобное хозяйство катары колдонуп, ал жакка эчкилерди бактырчу элек. Завод жоюлгандан кийин бул чарбалар дагы жоюлуп кеткен. Мына ушул завод иштеп турган мезгилде заводдун жумушчуларын атайын эс алганы ошол жакка алып барышчу эле. Ал жерде бир тоголок таштын боорунда бир кичинекей үңкүр бар. Ал үңкүргө колунду салсан түрлүү таштарды алып чыгасың. Булар жөнөкөй таштар эмес, ал таштар адамдардын органдарынын таризин элестеткен таштар. Бирин алып карасаң жүрөктү элестетет, экинчиси адамдын киндигин элестетет, адамдын баш сөөгүн элестеткен да таш бар. Бул ташта адамдын баш сөөгүндөгү издерди элестеткен сызыкчалар да бар. Андан сырткары дагы бир төрт чарчы кирпич сыяктуу таш бар. Ал таштын бетинде бөбөктүн сүрөтү түшкөн. Анын түбүндө жазуулары бар, бирок бул жазуулардын кайсыл тилде, эмне деп жазылганын эч ким түшүнбөйт. Биерде бул таштардан башка акчалар да бар. Бир эле биздин сом эмес, башка түрдүү акчалар да бар. Бул акчаларды ташка бастырып коюшат. Ташта жанагинтип баланын сүрөтүнүн болушу бул жерге келип түнөгөндөр балалуу болот деген түшүнүктү билдирген касиеттүү таш болуш керек. Ошондуктан бул жакка көбүнчө бала тилеп келишет. Баласы турбагандар да барып, балдарынын чачын ошол жерден алып, бир тал чачын ырым кылып албай калтырып коюшат. Анан бир канча жыл өткөндөн кийин ошол жерге барат дагы, баягы чачты алып ташташат. Мындан сырткары дагы ар кандай тилектерди тилеп: бактылуу болоюн, жолум ачылсын, тынччылык болсун, токчулук болсун деп ырым-жырымдын түрлөрүн жасап келе беришет», – дейт Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы тургуну Айталиева Уулбүбү.

Оозеки тарыхы:

Илгери баласы менен атасы жайлоодон келе жатып, атасы ошол жерге келгенде каза болуп калат. Баласы өзү жалгыз болгондуктан, атасын андан ары алып кете албай, ошол чоң аска таштын боорундагы үңкүргө коюп кеткен дейт. Анан ошол жерден кетип жатып: «Келем, ата», – деп атасына убада берип кетет. Мына ошондон улам бул ыйык жер Келем-Ата ыйык жери деп аталып калыптыр.

«Менин билишимче, ошол зоонун үстүнө чыкса, жайкалган көк шибер чөптөр, түрлүү гүлдөр өскөн килемдей тептегиз кооз жайык бар дейт. Мына ошол жайык жерди килемге салыштырып Килем-Ата деп коюптур. Анан дагы ал жерде зоо бар дедим го, ошол зоонун өзү деле алыстан тартып койгон килемге окшоп көрүнөт. Ал зоодо түрлүү түстөгү таштар да бар. Мына ошол себептен дагы, салыштырма иретинде ошондойчо аталып калган, бул менин уккан бир вариантым.

Экинчи вариантым мындай. Ал жерде илгери жанагы мен айткан зоо жок болгон экен. Ал жер көк жайыт, жайлоого жайлуу жер болгон дешет. Ал жерде адамдар жашашкан экен. Ошол жерде 100 дөн ашып жашаган кары чал жалгыз баласы менен жашачуэкен. Бир күнү атасы менен баласы бара жатканда, атасы ошол жерге жеткенде ооруп калат да, ошол жерден каза табат экен. Анан баласы коюп: «Мен келем, ата»,- деп, кетет экен. Ал жерде эл ары-бери басып өтүп жүрө турган жер болгондуктан, баланын атасы коюлган жерде «Бул жер ыйык болуп калды, эч ким бул жерди баспасын деп» чоң зоо пайда болуп калган экен. Ошол жерде ошол коюлган абышканын мүрзөсү бар дейт. Ошол себептен, бул жер ыйык аталып сыйына турган жерге айланып калыптыр да, Келем-Ата деп атап коюшуптур.

Бул жерди көпчүлүк адамдар Килем-Ата деп айтышат экен. Мен уккан вариант боюнча бул жер Келем-Ата деп айтылат» (Кубатбеков Алмаз, 41 жашта, Таш-Көмүр шары).

Leave a Reply