Сузак району

This post is also available in: Орусча

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана толукталы бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

1. Эмчек-Үңкүр

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылынан бир жарым сааттык аралыкта, түндүктө жайгашкан. Машина жарым жолго чейин барат. Андан ары жарым саат жөө жүрүү керек.

Ыйык жердин түрү – үңкүр. «Айтып отурса бул үңкүрдүн керемети бир башкача. Үңкүрдүн бийиктиги адам бою бар, анан төр жагы бара-бара кууш тартып, адам сойлоп гана жеткидей болуп үңкүр түгөнөт. Үңкүрдүн ичинде бөлмөлөрдү элестеткен үңкүрчөлөр бар. Ошол ар бир үңкүрчөдө ар бир жаныбардын эмчегинин таризин элестеткен таштар бар. Үңкүрдүн төбөсүндө малдын эмчеги сыяктуу таштар бар. Бул таштардын бирөө уйдун эмчегин, экинчиси койдун эмчегин элестетип турат. Ошол таштардан суу тамчылап агып турат. Ал жакка зыярат кылып баргандар ошол тамчылап аккан сууну идишти коюп, топтоп алып ичишет. Аны ичкен адамдын ооруган жери сакайып кетет деген ишенич бар» (Казыбеков Эгемберди, 51 жашта, Сузак району, Кара-Алма айылы).

2. Хазирети Буа-Эшен ата

Баймак айылы

Кароолчусу бар – Калдаров Исраил

Бул ыйык жер Баймак айылынан болжолдуу 4 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жанында салынганына 5-6 жылга аяк баскан имарат бар. Мазар шайыгы ал имараттын өкмөттүн, Жалал-Абад каржы банкынын көмөгү менен салынгандыгын белгилейт. Имаратты салыш үчүн 65 миң сом каражат кеткен.

Ыйык жердин түрү – суу. Бул ыйык суу – Хасан-Сай. Ал Чакыр-Төрдөн ушул жерге келет. Баласыз болгондор, оорулуулар ж.б. эмне болуп келбесин, зыяратка келгенде, аш кылабы, мал соебу, тапканын бышырып жеп, кудайын жолуна куран окуп кетет.

“Мен ушул жерде шайыкмын, жоопкермин. Бул жерде турганыма жети жыл болду. Бул жерде шайык мага чейин эле болгон. Дайыма болот. Мурда Өзбекстандан чакырганбыз. Шайыкты негизи аксакалдар кеңешип туруп анан шайлайт. Мен пенсияга чыккандан кийин, шоопур болуп иштегенмин. Анан аксакалдардын сунушу менен шайык болуп калдым.

Бул жер – кудайы кылып, зыярат кыла турган жер. Эч кандай той болбойт. Мен элдер зыяратка келгенде бүт шарттарын түшүндүрүп берем. Талапты сураш керек, талапты сураганда кудай берет. Жазында элдер көп келет. Куран айтып келгенде, очокко көжө бышырабыз. Көжөнү мен бышырам. Бир жандыкты соебуз дагы, жыйырма-отуз кил буудайды жанчабыз. Эт салып, өсүмдүк майын, суу, туз кошуп кайната беребиз. Эртеси анан намазды окугандан кийин жеп, элдер кете берет. Айт намазга келгенде элдер толуп кетет. Мына ошондо ары жакта турган очокко көжө, сүмөлөк жасайбыз”, – дейт Исраил Калдаров.

Оозеки тарыхы:

Мазар шайыгынын айтмында: “Бу киши Николайдын заманында Бахарайы Шариптен бир суткада жерге жеткен. Жараткан алланын олуясы. Аты Эшенбуа. Беш-алты адам буга кызматкер болуп жашаган. Ал өткөндөн кийин сынамакчы болуп көп адамдар келген.

Падыша беш солдаты менен бир баланы издеп келип ушул жерден табат. Буту-колун байлап кетээрде: “Эшен ата, мен сиздин тамагыңызды жедим, тузуңузду ичтим, наныңызды жедим, мени алып барып, кылычтап өлтүрөт”, – деген экен. Эшен ата: “Кылычты урса да, “аба” дегин”, – дейт. Падыша беш солдаты менен барып дарга асса “аба” деген экен, дар үзүлүп кетет, кылычтап урса, “аба” дейт экен, кылыч өтпөйт. Ошентип падыша беш солдаты менен насип кылып өлтүрө албаптыр. Падыша: “Абаң ким экендигин табасың”, – десе, ушул киши экен. “Падыша, Кош-Көлдөн минген атты сизге бердим”, – деп коркконунан кудай жолуна атты бериптир. “Касаптар, жылкыны сойгула!”, – дейт падыша. Бул жерде бир жылкынын эти бата турган кырк кулактуу казан болгон экен. Эшен ата олуя киши болгон да. Айткан экен: “Сөөгүн чаппастан, бүтүн казанга салгыла”, – деп. Жылкынын этин бышырып, этти тамак кылып жешип, сөөгүн дасторконго салып, эшен ата сөөктү таштап бул жакка келгенден кийин, баягы сөөк жылкы болуп, оозуна ооздугун салат. Падышага мына атың деп берет. Бул адам кудай, күчтүү олуя. Кудай ушул кишиге күчтү берген. Бул адамды сынамакчы болушуп, чоң табакка аш кылып, бир итти союп астына алып келет. Беш-алты адам ага кызмат кылып, ошол жерге жатат. Дасторконду ачканда баягы ит кутурган ит болуп, кете берет. Кутурган ит капкан кишилер бул жерге келет. Кудайдын жолундагы кишилер зыярат кылса оңолуп кете берет. Бул кишинин жери болгон. Таң эртеңден барып, кетменди чаап, анделекти сээп келет. Ошол убакта мейман келет. Анан кызматкер адамдарга: “Баргыла, анделек бышты, коноктор жейт”, – дегенде, “Эки саат мурун эксеңер кайдан бышат?”, – дейт. “Бара бербейсиңерби”, – деген экен Эшен ата. Барса анделектер бышып, жөөктө жаткан имиш. Анан анделекти жулуп келип, меймандар үчүн дасторконго коюшкан экен. Бул киши кудайдын олуясы.

Бул жерге жазда адам тоюп кетет. Анжиян, Наманган, Кокон, Фергана району боюнча зыяраттуу жер. Бул жерге кишилер Кудайы кылышып, жыт чыгарып, жандык алып келип союшат. Кудайдан тилеп ушул жерге келгенде, кудай урмат кылып, талабын аткарып, жардам кылып берет”.

3. Намаздык-Ата

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Майлуу-Суу шаарчасынан батыш тарапты карай жарым күндүк аралыктагы, 25-27 чакырым жерде жайгашкан. Бул жер жайлоо болгондуктан, машина барбайт, ат менен жетсе болот.

Ыйык жердин түрү – тоо. Ал жерде Намаздык-Атанын кабыры бар.

3. Кыз-Көл

Акталаа айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Жалал-Абад шаарынан 32 чакырым алыстыкта жайгашкан. Түштүк тарабында токойчо бар. Көлдөн суу агып чыкпайт. Тегерегин камыш менен кара жыгач бадам жана бадалдар тегеректеген. Ал дарактар куурап калса да, жергиликтүү эл кыйгандан коркот. Көлдүн жээгинде жолдун жанында бадам бар, ошол бадамга ары өткөн, бери өткөн адамдар тилегин айтып, шактарына таза чүпүрөк байлап турушат.

Ыйык жердин түрү – көл. Анын узуну – 100, туурасы – 50 метр. Кызкөл менен Каракөлдүн түбү бир дешет. Кызкөлгө жаз мезгилинде келишет., Денеге жара чыкса дарылашат. Аксакалдар көлгө түшүүгө уруксат бербейт. Ар жылы көлдүн жээгинде кудайы өткөрүлөт.

Оозеки тарыхы:

«Биз жашап жаткан айылдын Кызкөл, Келинташ жана Аккөйнөк аталышы баары бир күндө болгон окуя.

Илгери өткөн заманда бир кыз ата-энесинен ажырап, жетим калат. Бараар жери жок, бир тууган акесиникинде калат. Жеңеси аябай тилдүү болгондуктан, кыз чүнчүп чоңоет. Бир күнү айылда чоң той болуп калып, кыздын кийип бараарга көйнөгү жок болуп, жеңесинин көйнөгүн уурдап кийип барат. Кыз тойго барса, жеңеси көйнөгүн таанып калып, «Чеч көйнөктү», – деп артынан кууп жөнөйт. Кыз жеңесинен качып бир маалда айылдын этегине жеткенде, «Ал көйнөгүңдү», – деп ыргытып жиберет. Ушул айылдын ылдый жагы Аккөйнөк деп аталып калган.

Андан жогору көздөй жүгүрүп барып, мелтиреген көлгө боюн таштаарда жеңесин «Таш бол!», – деп каргап, көлгө чөгүп кетет. Кызды кууп жетпей, көлдүн жээгине келип, кыздын каргышына калган жеңеси таш болуп катып калат. Ошондон кийин көлдүн чекеси Келинташ аталып калган. Мурда көлдүн жанында турчу экен. Анан нары өткөн, бери өткөн элдер келин таштан коркушат. Бир чечимге келишип, мазарга алып барып коюшкан экен. Азыркы учурда келин таш мазарда турат.

Илгери көл мелтиреп жолго чейин толуп турчу экен. Бул көлдү ыйык көл дешип, ошол көлдүн жанына кудай өткөрүшүп, жети токоч салышып, куран окуп турушчу экен. Ошол көлдүн ээси Ак Тайлак деп аталып жүрөт. Бул көлдүн түбү жок деп да айтышат. Мурда колхоздоштуруу маалында ушул Кыз-Көл айылында орустар жашашчу экен. Бир күнү бир орус көлгө түшүп, кайра чыгып, «Бул көлдүн түбү жок эмес, бар экен. Көлдүн бир жерин ачып, эгиндерди сугарабыз», – деп айтып, кийин ачыптыр. Көлдөн чыккан суу башка сууларга кошулбай агыптыр. Көлгө суу кирсе да, суу чыкса да, башка сууларга кошулбайт деп айтышат. Ошол көлдү ачкан адамдын көп өтпөй эле мойнуна жара чыгып, үй-бүлөсүнө жугуп, анан үй-бүлөсү менен тукум курут болуп калган экен.

Элдин башына оор күндөр түшкөндө, жамандыктарда көлдүн үстү кыпкызыл болуп калат. Айтылып жүргөн сөздөргө караганда, 1941-жылдан 1945-жылга чейинки согушта, согуш башталгандан аяктаганга чейин, көлдүн бети кыпкызыл кан болуп турган дешет. Согуш аяктаган маалда көлдүн бети тазарып, кайра мурунку абалына келиптир. Көлдүн жанындагы өсүп турган дарактарды да кыйса, көлдүн бети кызарат экен. Көлдүн ыйыктыгын далилдеген дагы көптөгөн сөздөр бар.

Ак-Тоок айылынан чыккан жазуучу Шабданбай Абдыраманов Кызкөл жөнүндө чыгарма жазыптыр. Белгилүү Кызкөл айылына суктанган адамдардын бири ошол чыгарманы окуп, атайын көлдү көргөнү келип, Шабданбай Абдырамановго: «Э Шабданбай, эки бака зорго баткан көлүңдү мактап жазыптырсың да», – деп айткан экен.

Менин атамдын бир тууган иниси катуу ооруган учурда жети күн ооруп, туруп кетчү экен. Кийин ооруган учурда бир айга жакын тура албай жатып калыптыр. Ооруканага барып шыпаа таппайт. Акыры эмне кылаарын билбей, сыйынып келейин деп көлгө барат. Тизелеп чөк түшүп, куран түшүрүп отурган кезде көлдөн түктүү нурлар көтөрүлүп, ортосунан чоң кобра жылан атырылып чыгып, оозун чоң ачып карап туруп, көл нурга айланып сонун көрүнүптүр. Кобра жыланды акем коркпой тиктеп, кайра-кайра куран түшүрүп сыйыныптыр. Жээгиндеги сайма-сайып жаткан кыздарды көрүптүр. «Сага таазим кылып келдим, оорума шыпаа таап бер», – деп кайра-кайра жалынып, тиленип, оомийинн деп бата кылып келе бериптир. Көлдүн ортосунда турган кобра жылан карап кала бериптир. Ошол боюнча сергип үйүнө кайтыптыр. Ошондон кийин акемдин көзү ачылып, бардык нерселерди көрүп калган.

Шам жагып, куран түшүрүп жети токоч бышырган учурда: «Мен сага ар дайым таазим кылып, сыйынамын. Ушул бышырган токочумдун чыгарган жытынын сообу сага тийсин. Кызкөлдөгү эли журтумду колдо, ошолордун катарында ата-энемди, бир туугандарымды колдо», – деп айтыш керек.

Көлгө деп атаган чачты алаарда, аш демдеп, кан чыгарып, токоч бышырып атап, башына бару керек, куран түшүрүп наристенин көлгө аталган чачын алып түйүнгө түйүп, болбосо балалуу болгондор сураса берүү керек. Ушуну менен бала кежир болбой чоңое берет» (Мамарасулов Абдивахап, Акталаа айылын да төрөлгөн, 51 жашта).

4. Тогуз-Булак

Барпы айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер…

Оозеки тарыхы:

«Ал жерде көп эмес, бир уруудай эл жашаган экен. Анан ал тоодогу кандайдыр бир духтар алардан кутулуу үчүн ар түрдүү ооруларга аларды чагыштырган экен. Анан ошол жерде тогуз кыз бар экен. Алар элге жардам берүүнү каалашкан. Бир күнү ошол духтар элди катуу бир оору менен оорутуп коюшат. Ошондо жанагы тогуз кыз ар бири өзүнчө чөптөрдөн дары даярдашып, элге жардам беребиз дешет. Даярдалган суюк дарыларын кумарага окшогон бир идишке куюп, айылга келишет. Келсе, бүт эл ошол оорудан кыйналып, өлүп жатышкан экен. Жардам берүүгө аракет кылышат. Бирок кеч болот. Ошондо жанагы колундагы дарылар жерге түшүп, идиштер сынат экен. Дары суюктук тогуз түрдүү, ысык да болот. Анан ошол жерден булак пайда болгон экен. Булактардын даамы бири-бирине окшобойт. Мына ушундай. Ал жерге мага окшоп, кандайдыр бир оорудан айыкпаган адамдар көп барышат.

Мен анда төрт жашта элем. Азыр анча эсимде жок. Биллем, бутума жара чыккан. Апам бутума түрдүү майларды, дары чөптөрдөн даярдалган дарыларды сүйкөдү. Бирок жардамы анча тийген жок. Ошондо чоң энем мени ошол жерге алып барган экен. Азыр чоң энем өтүп кетти. Ошол жерден менин бутумду өтө көп сууга жууганы эсимде. Көрсө тогуз түрдүү сууга жууган экен. Ал жерде биз төрт күн жүргөн экенбиз. Ошол» (Тилек, Барпы айылы).

Leave a Reply