Ноокен району

This post is also available in: Орусча

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган, толукталып жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

1. Жылуу-Булак

Кудук-Сай айылы

Кароолчусу бар.

Бул ыйык жер Кудук-Сай айылынын башында, Бишкектен бара жатканда, кан жолдун оң жак тарабында, айылдын ичинде, Анипа деген эженин короосунун четинде жайгашкан. Канн жолдон ары 5 мүнөттүк жол. Машина барат.

Ыйык жердин түрү – мелтилдеп агып турган чоң булак. Чекесинде камыш, теректер, алчалар оскон.

Оозеки тарыхы:

Бул жердеги булактын суусу кышында жыпжылуу болуп турат экен. Мына ошол себептен Жылуу-Булак деп аталып калыптыр.

2. Намаздык-Ата

Кудук-Сай айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Бишкектен бара жатканда, Кудук-Сай айылынан сол жакты көздөй бурулуп, тоо өрдөп чыгып кетет. Кудук-Сай айылынан 20-22 чакырым алыстыкта, Кудук-Сайдын тоолору менен Майлуу-Сай шаарынын тоолору кошулган жерде жайгашкан. Машина жарым жолго чейин барат, андан ары ат, эшек менен жетүүгө болот.

Ыйык жердин түрү – бийик тоо. Тоонун башында кабыр бар.

Оозеки тарыхы:

Илгери бир кыргызчылыкты аябай колдонгон көзү ачык киши болгон экен. Анан ал киши орто жашап калганда, бир күнү түшүндө аян болот. Анда: «Сенин ажалың кара курттан болот», – деп айтылат. Аны уккандан кийин баягы киши жан айласы кылып кара курт жок суук жер деп ошол тоонун башына чыгып кетет. Жарым жыл өтөт, бир жыл өтөт. Анан бир жылдан кийин, анын кызыбы, же уулубу, түрлүү-түрлүү мөмө-жемиштерди, жүзүм, оокат-аштарды алып барат. Барып дасторконун ачса эле, жүзүмдүн арасынан кара курт чыгат. Анан баягы киши намазды окуп: «Баары бир, ажалым кара курттан экен» – деп, тилин тосуп берген экен. Анан ал кишини ал жерге таш менен коргондоп коюп коюшат. Эртең менен эрте ошол жерден намаз окуган адамдын үнү угулат экен. Ал жер ошондуктан Намаздык-Ата деп аталып калыптыр.

3. Көл-Тулпар-Ата

Хиля айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Ноокен районунун баш жагындагы тоонун арасында жайгашкан. Хиля айылынан 20-25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жерге машина барбайт.

Ыйык жердин түрү – көл. Тегерек чекеси – токой.

Оозеки тарыхы:

Ошол жерде бир чоң көл бар. Ал көлдөн дайыма түнкүсүн тулпар ат чыгат экен. Анан ошол себептен бул мазар Көл-Тулпар-Ата (Кайып) деп аталып калыптыр. «Ал тулпарды көрүш үчүн түнү менен уктабай, андып отуруш керек. Кээ бир адамдар атайын ошол көлгө барып, тулпар аттан кулун алып калыш үчүн, бир нече күндөр бою түндө уктабай, бээлерин ошол жакка жайып кетишет. Биздин Ноокен районунда той-тамашаларда кыргыздын улуттук оюндары көп ойнолот. Мисалы, улак тартыш, ат чабыш. Мына ушул оюндарга аябай чон байгелер сайылат, торпоктон баштап, майда буюм-тайымга чейин. Мына ушундай оюнга дайым катышып байге алып жүргөн адамдар бар. Эң күлүк аттар ошол тулпар аттан алынган кулундар деп айтышат. Ушундай эл арасында айтылып жүргөн аттардан жалпы кыргыз элине таанылуу Ак-Байпак деген күлүк бар. Ал бардык той-тамашаларда чоң байгени эч кимге бербей жеңип жүрчү, ошону ошол тулпардын кулуну деп айтышат.

Бул көлдөн 50-60 чакырым ары жакта дагы бир көл бар. Берки көлдөн көргөн тулпарды тигил экинчи көлдөн дагы көрүшөт экен. Андан башка ал көлдөо төө, жылкы, кой, эчки, бүт малдын түрлөрү жашайт экен. Эсиме бир окуя түшөт: Ушул Ноокен айылынан ошол жакка жайлоого жайлап барышат экен. Анан бир үйдүн келини кандайдыр бир себеп менен ошол көлгө түшүп кетиптир. Ар жактан издеп, бери жактан издеп, көлдөн да таппай, ошол бойдон белгисиз болуп кала берет. Андан кийин арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин ошол Көл-Тулпар-Атадан чөккөн келиндин жоолугу аркы көлдөн табылыптыр. Бирок, келиндин өзүн таппай коюшуптур. Ошол эки көлдүн түбү бир экен деп айтышат. Болбосо, экөөнүн аралыгы бири-биринен 50-60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ошол келинди таппай койгондон кийин: «Бул көлгө оңой менен адам чөкпөйт. Чөккөн адам периштеге айланып калат», – деп айтышкан. Ошол келин периге айланып калган дешет.

Бул жер ыйык жер болгондуктан, бардык эле нерсени тилеп бара беришет. Көбүнчө мал тилеп барышат. Ошол жерге барып, түнөп, куран окуп, эртеси кетээрде ошол жердеги дарактардын кагайган бутагынан ала кетип, үйүнө барып казык кылып, ошол казыкка мал байласа, ал адамдын малы тез эле көбөйүп, байып кетет деп айтышат. Ошол жердин олуясы: «Ушул жерди сыйлап алсан, бир малыңды он кылам, он малыңды жүз кылам», – деп айткан экен. Бирок, чын дилден ишенбесе, ал жерди сыйлап, ырым-жырымдарын жасабаса, баргандардын баарынын эле тилеги орундала бербейт. Болбосо кыргыздардын малы жерге батпай кетпейт беле. Элдер мал менен жанын багып эле, бул жагы Россия, тигил жагы Италия, Америка деп жумуш издеп кетпейт эле.

Ал жерге барганда куран окуп, мал союп, шам тигилиш керек. Анан атайын ал жерге мал тилеп, же кулун алабыз деп баргандар, түнү бою уктабастан отуруп, ошол тулпардын чыкканын көрүш керек. Түнү менен уктабай отуруп, көрөм деген адам дагы кандайдыр бир күчтүн таасири менен кантип уктап калганын сезбей калат экен. Ал эми ал тулпар тилеги кабыл боло турган адамга гана корунот экен» (Бакиров Муратбек, 39 жашта, Аксы району, Хиля айылы).

4. Ак бейит

Хиля айылы

Кароолчусу бар

Бул ыйык жер Хиля айылында, мектептин күн чыгыш тарабында, 10 мүнөттө жеткидей ралыкта жайгшкан.

Ыйык жердин түрү – … Ал жерде булак бар.

5. Тоскоол-Ата

Ноокен айылы

Лесхоз аянты

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Ноокен айылынын Лесхоз деген аянтында, түндүк тарапта жайгашкан. Тегерегинде тал-терек жана башка өсүмдүктөрдүн бардыгы өсөт.

Ыйык жердин түрү – эки мечит жана булак. Алыс жерден баргандар ошол мечитке түнөп калышат, ичине 60 тай киши батат. Ичинде жайнамаз, бардыгы бар. Салаа-салаа болуп турган таш бар, аны “камыр түш”, “кут” деп коюшат. Экинчи мечит булактын ары жагында.

Тоскоол атага кирип бара жатканда эле бир мазар бар ага биринчи зыярат кылмайын өтө албайсың ал жерден. Бир дарак бар 5 колдун салаасындай болгон, бир түп эле, өзү ак терек, чоң, кайсы жылдары жүз жыл болуп калган болуш керек, 4 адамдын кучагы жете тургандай. Булак да бар ошол жерде. Тоскоол атанын суусу өтөт шаркырап анын жанынан. Дагы бир булак чыгып турат, бул жагы токой, бул жагы ошол терек. Тоо бар, башында мөңгү бар, аппак болуп көрүнүп турат, булактары шылдырап акканы музыка шаркырап аккан суу, ал жерде жарым саат олтурсаң ушундай эс аласың, нерв эс алат.

Булак негизинен калың бака теректин арасында агып чыгат. Бул жер Тоскоол-Атанын кабыры (мүрзөсү) деп эсептелип, адамдар атайын сыйынганы келишет.

Жерден оргуп чыккан эки тунук булак жайында муздак, кышында тоңбогон өзгөчө касиетке ээ. Биринчи булак таза, ичүүгө ыңгайлашкан, ал эми экинчи булак шыпаа, дары булак аталат.

Бул булакка денесине жара чыккан, кулагынан ириң аккан оорулуулар келип сыйынып, жарасын жууп кетишет. Ошондой эле чач (көкүл) коюп, чач алдырып да жүрүшөт.

Бул булакка 3 жолу келип булактын суусуна жуунгандан кийин, кандай   гана жара болбосун, так калбай айыгат дешет.

Булактын шайыгы, молдо Ибирагимов Абибилланын маалыматы төмөнкүдөй: “2004-жылда жашап калган, таза кийинген киши келип, өзү Оштон болоорун, кайсы бир илимдин кандидаты экендигин, денесин жара ташып (денесине жара чыгып. – Айгине), догдурдан шыпаа болбогондугун, барбаган жери калбагандыгын айтып, денесиндеги жараны шайыкка көрсөттү. Ошондо бир челек суу берип, атайын жайга барып, тилек кылып жуунуп кел дедим. Карап турсам, үстүнөн көк түтүн айланып турду. Тилекке каршы, ал адамдын аты- жөнүн сурабаптырмын. Арадан бир жыл өтүп, кийинки жылы жазында эки чоң сумка көтөргөн баягы киши келип, өзүнүн баягы келип жуунган адам экенин айтып, белек-бечкектерин берип, өзү көкүрөгүн көрсөтүп, таза айыкканын айтты эле.

Андан башка, союз учурунда чоңдор булактан пайда табуу максатында атайын төлөм коюп, навайчы алып келип нан жасатып, тамак жасатып саттырышкан эле. Навайчы аракка жакын адам экен. Жергиликтүү элдин бир нече эскертүүсүнө карабай, арак сата баштайт. Көп узабай өзү катуу ооруп, кырысыктан көчүп кетүүгө мажбур болот. Ошондуктан жергиликтүү эл булак башына ичкен адамды келтирбейт. Башка зыярат кылуучуларды да эскертип турушат».

6. Жолборс-Ата

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Тоскоол-Атанын күн батыш тарабында, токойдун төрүндө жайгашкан. Өзүнчө жайлоо. Мында Тоскоол-Атадагыдай шарт жок, алыстыгынан улам адамдар аз барат.

Leave a Reply