Майлуу-Сай шаары

This post is also available in: Орусча

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган, толукталып жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

1. Калпа-Ата

Майлуу-Сай шаары

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер шаардан 3-4 чакырым алыстыкта, түндүктө жайгашкан. Машина барат.

Ыйык жердин түрү – ал жерде чоң булак мелтилдеп агып турат. Таш турат. Алчалар, теректер өскөн.

2. Бүбү-Эне

Майлуу-Сай шаары

Кароолчусу бар – Кебекбаев Раджап Камчыбекович

Бул ыйык жер Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аянтында Көпүрө-Баш деген айылда жайгашкан, айылдан өйдө түндүккө карай 1,5 чакырымдай. Зоонун астында көп дарактар, тоонун астында арча бар. Ал жер бир кылым мурда мазар, көп кишилердин жаткан жери болгон экен, мүрзөлөрү дээрлик жер менен жер болуп калыптыр. Азыркы убакытта да ошол жерде жашаган адамдардын көзүнө узун көйнөкчөн болуп, Бүбү-Эненин арбагы көрүнөт дешет. Жаңгак, алча дарактарында чүүпүрөк, көкүл чачтар байланып турат. Кээ бир дарактар абдан чоң, эки-үч киши кучактаса болот. Мечит, жатакана, бастырмалар, идиш-аяктар бар.

Оозеки тарыхы:

Бул жерге көп адамдар барышып, кудайдан тилек тилеп, зыярат кылышат. Ал жер өтө ыйык жер, ал жерден ооруган адамдар ден соолук, балалуу болбогон адамдар перзент тилешип, ар кандай тилек айтып сыйынышат. Бул жердин өзүнчө бир касиети бар, жакындап баратканда денең муздап баштайт. Ал жерде мөмөлүү алча дарак өсөт. Ал даракка балдардын көкүл чачтары, чүпүрөктөр бйланган. Ал байлангандардан балалуу болбогон аялдарга беришет. Ал жерден кой союп, май токоч салып, аш кылып, Куран окушат. Бала сурашат, ооругандар барышат, үй-бүлөлүк өйгөйлөрү менен катташат.

Бул жер – Бүбү-Эненин жаткан жери. Анын ким болгондугу тууралуу маалымат жок. Бүбү-Эненин Камыр турушу бар экен. Ал кадимки камыр туруштай болуп, бирок таштан экен, ал мечиттин ичинде скталып турат. Ошондой эле Бүбү-Эненин Бешик-Таш деген жери бар экен. Ал жерге барып да, сыйынышат. Совет учурунда бул жерде шахта болуптур. Шахтада иштегендерге ак кийимчен кемпирдин элеси көрүнчү экен.

Ыйык жердин шайыгы Раджап Кебекбаевдин өзүнүн ата-бабаларынын бирөө молдо болуп, ушул жерде жашаптыр. Анын көзүнө нак көрүнчү экен, анын мөмөлөрүнөн жеп турчу экен. Көрсө, ошентип энергия алчу экен. А молдо зоонун үстүнө чышгып, жумса сайын жоголуп кетип келчү экен. Кайда барганын сурашса, Наманганга намазга барганын айтчу экен. Анын кебетесинен карасаң, кедей, кийими жыртык болуп, айрым адамдар жийиркенчү экен.

Бир бай киши бар экен. Анын баласы Бишкекте хирург болуп иштеп, үй-бүлөсү бүт догдурлар экен. Келини төрөбөй, булл мазарга келип, куран окуп кетишип, бир жылдан киийн балалуу болушкан.

«Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга он эки жыл болду эле. Бирок перзентибиз жок болчу. Бир күнү айылыбыздагы бир эженин сиңдиси келип, Бүбү энеге чыгып, андан көп өтпөй эле боюна бүтүп, балалуу болгонун уктум. Анан менде да кандайдыр бир нерсе ошол жерге бар деп жатты. Ал жерге жылаңайлак чыгуу керек экен. Ооба, мен жылаңайлак чыктым, оюмда бир гана «кудай мага да бир перзент берсе экен, мен да ошол аялзатына окшоп эне болоюн» деген тилекти ичимден кайталап, бат эле чыгып калыптырмын. Ал жерде үч таш бар экен. Алардын ортосуна шам жагып, куран окуп, жанында чоң дарак бар, ага да ниет кылып жип байладым. Ошол жердеги шайыктан жаш баланын көкүлүн алдым. Азыр менин эки уулум бар. Андан кийин барып, биз үй-бүлөбүз менен кан чыгарып келгенбиз. Балалуу боло албай жүргөн аялдар ушул ыйык жерге келип, суранып кетишсе, аларга кудай берет. Ишенич болсо эле эч токтобой кудайдан перзент сураш керек. Алла талаам баарына, аялзатына бала, бакыт берсин», – дейт Майлуу-Суунун шаарынын тургуну Гүлүмкан.

Leave a Reply