Жалал-Абад шаары

This post is also available in: Орусча

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

1. Мадамин ажы

Жалал-Абад курорту

Кароолчусу бар – Рая

Бул ыйык жер Жалал-Абад курортунда жайгашкан.

Оозеки тарыхы:

Ыйык жердин шайыгы Раянын айтымында: «Мадамин ажы Жалал-Абаддан илгери Мекеге ажылыкка жөө барып келген, ажы болгон киши. Ошол киши ажы болуп келгенден кийин ооруп калып, ушул суудан ичип жүрүп оорусунан айыгат. Кийин Мадамин ажы ушул булакты тазалатып, элдер сыйынуучу жерге айландырат жана касиеттүү булак ошол кишинин аты менен аталып калат. Бирок ошол кишинин атын канча жылдан бери алып жүрөт билбейм».

2. Шор-Булак

Жалал-Абад шаары

Кароолчусу бар – Кадырова Киймат

Бул ыйык жер Жалал-Абад курортунда жайгашкан. «Мен ал жерге бардыгы үчүн барам, ал жерге сыйынганы да, дарыланганы да, эс алганы да барса болот. Ошондуктан ал жер ыйык. Ал курорт. Курортто ар түрдүү суулар, булактар бар, алар адамдын ден соолугуна өтө пайдалуу. Ал ыйык булакта жети түрдүү суу бар. Ал суулар өз-өзүнчө бөлүнүп агат. Бирин ичсең туздуу, бирин ичсең тузсуз, бири жылуу, жети түрдүү суунун касиети бар. Ал адамдардын көп ооруларына пайдалуу. Эң таң каларлык нерсе бардык ар түрдүү суу бир булактан чыгат. Мына ушунун өзү эле чечилгис маселе. Ал булак суусу дарылуу. Ал ашказан, боор ооруларына, жараларга даары. Деги эле санап берсем ого эле көп» (Тажыбаева Айгүл, 45 жашта, Жалал-Абад шаарынын тургуну).

Оозеки тарыхы:

«Бул жер Аюб пайгамбар менен тызыз байланыштуу. Өзү аты айтып тургандай эле суусу шор, жара, аллергия сыяктуу тери ооруларына дарылык касиети бар. Ошондуктан элдер бул жерге тез-тез келип турушат.

Аюб пайгамбар ооруганда, аны Сузакка алып келишет. Андан элдер таш бараңга алышканда, Лавдан-Карага (Жалал-Абад шаарына кире бериштеги айыл) аялы Рахима эне алып келет (Бирок ага чейин эмне болуп ооруганы, каяктан Сузакка алып келишкени жөнүндө маалымат жок).

Андан кийин Рахима эне баш болгон аялдары азыркы курорт жайгашкан жерге алып келишет. Элдеги маалыматтар боюнча Аюб пайгамбарлын 5-6 аялы болгон. Рахима эне өтө сулуу, келишимдүү, узун чачтуу аял болгон экен. Күн сайын шаарга түшүп келип, көрүнгөндүн эшигин шыпырып, кирин жууп, эмне иши болсо аткарып, Аюб пайгамбардын күндөлүк оокат-ашын камсыз кылып жүрчү экен. Күндөрдүн биринде шаарга келсе эч ким иш да бербейт, аш да бербейт. Ошентип, ойлуу келатса, алдынан бир жөөт чыгат. Ал: «Сенин чачың ушунчалык кооз жана узун экен, мага эки өрүм чачыңды берсең, мен сага тамак-аш берем», – дейт. Ошондо Рахима эне: «Менин үйүмдө оорулуу киши бар, ал ордунан тура албайт. Күн сайын эки колу менин эки өрүм чачымы кармап турат», – деп макулдук бербейт. Бирок эч кандай тамак-аш таба албай, акырында макул болуп, кундуздай болгон чачын кыркып берет (Жөөт эки өрүм чачты кызынын саамай чачына улап, үстүнөн топу кийгизип, күйөөгө берген экен).

Шайтандын күчтүүлүгүн кара, Рахима эне үйүнө жете электе, «Сенин аялың бузулуп кетти», – деп чагым салып, Аюб пайгамбарга жамандап барат. Анда Аюб пайгамбар кемпири келгенден кийин камчы менен уруп жазалайт. Кемпири болгон окуяны айтып берип, таяк жегенине деле макул болуп, күндөлүк тиричилигин уланта берет. Ошентип, Аюб пайгамбар эс алып отурса, эки кептер келип, канга боелгончо урушат да, булакка барып жуунуп кетишет. Ошол учурда Аюб пайгамбардын денеси эзилип, курттап кеткен экен. Ошентип, Аюб пайгамбар эс алып, күнгө кактанып отурса, денесиндеги бир курт жерге түшүп кетет экен, ошондо Аюб пайгамбар куртту кайра денесине (кээ бир варианттарда оозуна) салып коет экен да, Кудайдан төмөнкүнү күн сайын тилечү экен:

– Мен келме келтирип, беш убак намаз окуш үчүн тилим менен жүрөгүмдү соо койсоң болду.

Ошондо Алла тааладан кабар болуп: «Сен эмне үчүн денеңдеги куртту кайра салып коюп жатасың, аны мен түшүрүп жатам», – десе, Аюб пайгамбар кайрадан: «Мен келме келтирип, беш убак намаз окуш үчүн тилим менен жүрөгүмдү соо койсоң болду», – деп жооп берет экен. Ошондо Алла таала ордуңдан тур деп буйрук бергенде, Аюб пайгамбар ордунан туруп кеткен экен. Басып жүргөн колуңдагы аса таяк менен жерди ур дегенде, жерди урса, жерден суу кайнап булак балуп атылып чыгат. Аюб пайгамбар булакка жуунганда денеси айыгып, өзү 18 жашар болуп, адам таанылгыс болуп өзгөрөт. Кайра кийинип алып отурса, Рахима эне келип аябай издейт. Ошондо Аюб пайгамбар эмнени издеп жатасың дегенде: «Менин оорулуу абышкам бар эле, анын бирдеме жей турган денесинде сөөгүнөн башка эти да жок эле», – дейт. «Жаш кезиндеги денесинде сиз тааный турган белги бар беле?», – деп сураганда, «Оң колтугунун астында калы бар эле», – дейт. Ошондо Аюб пайгамбар чапанын чечип, колтугунун астындагы калын көрсөтөт. Ошентип, кемпири да булактын суусуна жуунуп, 16 жашар кыздай жашарат. Ошондуктан, бул булак Кыз-Булак деп аталган. Алар кантип жашап, бала-чака күттүбү, качан каерде өлгөндүгү, сөөгү кайсыл жерде калгандыгы тууралуу кабар жок. Бирок алардын сөөгү Жалал-Абадга коюлбаган, айрым маалыматтар боюнча Меккеге коюлган (Кадирова Киймат, 67 жашта, Жалал-Абад шаары, Шор-Булак ыйык жери).

«Тээ илгерки заманда Аюп деген пайгамбар болот экен. Анын бүт денесине жара чыгып, элдин арасында жүрө албай тоого чыгып кетет. Тоодо жүрүп бир булактан суу ичип, жуунуп, ал жердеги суулардын ар түрдүү экендигин байкайт. Ал булактардын көзүн ачып тазалап коет. Ошол сууга жуунуп, ичкендиги үчүн жаралары даба болот. Ошол булакты биринчи Аюп пайгамбарыбыз ачканы үчүн ошонун атынан аталып калган» (Тажыбаева Айгүл, 45 жашта, Жалал-Абад шаарынын тургуну».