Аксы району

This post is also available in: Орусча

1 2 3 4

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

31. Кара сакал

Райкомол айылы

Бербулак аянты

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер…

Ыйык жердин түрү – терек. Алардын саны бир топ. Жанында айыл бар.

32. Шумкар ата

Семиз-Бел жайлоосу

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер аталган жайлоодо, Райкомол айылынын түндүк тарабында жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – бийик тоонун боорундагы эшикке окшогон өткөөл. Жактырбаган адамдарды өткөөл жабылып, өткөрбөй коет.

33. Сампа апа

Кызылбейит айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер…

Ыйык жердин түрү – жалгыз турган бийик… Тоонун боорунна жактырбагандардын үстүнө таш кулап, аларды өткөрбөйт.

34. Тамчы апа

Ириңжит

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер тоодо, бийик аскалуу жерде жайгашкан. Ошол жерден суу тамчылап турат. Жергиликтүүадам Шадыбеков Назиркандын айтымында “кээ бирөөлөргө чайнектен куйгандай болот, кээ бирөөлөр барганда, тамчы дагы тамбай коет”.

35. Ыйык жер-Суу

Кой-Таш айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Кой-Таш айылынан 12-13 чакырым алыстыкта, түштүк тарапта орун алган, машина жарым жолго чейин гана барат, андан ары жөө жүрүү керек.

Ыйык жердин түрү – кара жыгач дарактары. Мурда алардын жанында булак болгон экен, азыр булактын бар же жогу так билинбейт.

Оозеки тарыхы:

Бул жерде илгери убакта булак болгон экен, ошол ыйык жерден суу чыккан учун эле ыйык жер- Суу деп аталып калган.

36. Кароол-Таш

Кой-Таш айылы

Кароолчусу жок

Ыйык жер Кой-Таш айлынан 14-15 чакырым алыстыкта, айылдын түндүк тарабынан орун алган. Ал жерге машина барбайт, жөө баруу керек.

Ыйык жердин түрү – таш.

Оозеки тарыхы:

Ташкөмүр шаардык гезитинин башкы редактору Сатыбайдын айтымында: “Бул жерде Манас атабыздын сөөгү бар болуш керек. Манас атанын согушу 3 багытта жургон: 1. Каркыра, Нарынга ушул жактан кетсе. 2. Алай тарабы менен кетсе. 3.Таластан Чанач аркылуу ашып түшүп Чаткал, мына ушул биздин айыл аркылуу өткөн. Эпостогу көп жерлердин аталыштары бизде да бар. Ыйык жер суу деген жер “Манас” эпосунда, “Семетейде” дагы айтылат. Биз эс тартып калган кезде Коңурбай деген жайда, Кароол таш атайы кол менен жасалган мунара сыяктуу чоң таш, андан башка дагы көп таштар бар эле, азыр бирөө эле калган.

Дагы бир нерсе Бара өлдү деген жер бар, Бара көрдү деп коюшат. Мен китептер менен салыштырып, өзүмчө Барак өлдү деп чечмелейм Барак деген баатыр болгон, “ Манас” эпосунда бар. Коңурбайдын жери деп да аталышы бекер жерден эмес. Коңурбай менен Манастын салгылашы болгон болуш керек. Ошол жерден жарадар болгондо, ылдый алып түшүп эле көмүп коюшу мүмкүн, Кароол ташынын астына. Каныкейдин деле ал кезде алып кача тургандай чамасы жок болгон болуш керек. Дагы ошол Кароол таштын жанында Дүңкүлдөк деген жер бар. Эл өзү ары-бери өтүп жүрүп ошондой атап коюшкан. Ошол жерде бир чакан арык бар, ошол жерге барганда кадимкидей аттардын дүңгүрөгөн үнү чыгып турат” .

37. Жалпак-Таш.

Кой-Таш айылы

Кароолчусу жок

Ыйык жер Кой-Таш айлынан 20 чакырым аралыкта, түштүк-батышта жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – таш. Жанында жаңгак токою жана булактар бар. Мындагы дарактарга ырым кылып чүпүрөк байлай беришкендиктен, ал бутактары соолуп, кургап калып атканын көрүшүп, бүгүн чүпүрөк байлоо ырымына тыюу салынган.

Оозеки тарыхы:

Ташкөмүр шаардык гезитинин башкы редактору Сатыбайдын айтымында: “Чоң-чоң таш көп болгондуктан, Жалпак таш деп атап койсо керек. Жалпак-Таштын өйдө жагында Садыкбай деген жеринде айрым адамдар киргенде кадимкидей үн чыгып сүйлөшүүлөр болоорун айрым адамдар сезишет. Жалпак-Таштын ошол өйдө жагы Садыкбай деп аталып калышынын себеби, мурда бир болгон Садыкбай деген мергенчи ошол жерде жашачу экен. Балким бул жер мурда эле ыйык болгондуктан, Садыкбай мерген пааналап калгандыр.

Мен бир жолу онунчу класста окуп жатканда классташтарым менен барып, ошол жерге конмок болуп, эч жата алган эмесмин. Кандайдыр бир үндөр чыгып, от жагылгансып, коркконумдан кайра кетип калгам. Мен анда Ыйык жер экенин кайдан билейин. Жеке адам барса коркуп калышы мүмкүн, бирок башка жактан келген, жергиликтүү көп эле адамдар бара беришет”.

Leave a Reply