Аксы району

This post is also available in: Орусча

1 2 3  4

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

16. Шаа-Тыт
Тегене айылы
Кароолчусу жок
Бул ыйык жер Таш-Көмүр шаары менен Тегене айылынын ортосундагы кан жолдон солго бурулуп, тоо аралап 5-6 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жердин өзүнө чейин машина барбайт, Таш-Көмүр-Тегене кан жолунан түшүп калып, жөө жүрүү керек.Ыйык жердин түрү – башка эч жерде өспөгөн шаа тыттары. Алардын саны 7 түп, бардыгы тикесинен эмес, жатып өскөн. Ал жерде булак, дубал боюндай чоң-чоң таштар бар.

17. Төш-Башат

Тегене айылы

Кароолчусу бар

Бул ыйык жер Таш-Көмүр шаарынан 6-7 чакырым аралыкта, Таш-Көмүр менен Тегененин ортосундагы трассанын оң жагында, күн чыгыш тарапта, жолдун эле боюнда жайгашкан. Машина барат. Ал жерден өткөн жүргүнчүлөр сөзсүз түрдө ошол жерге токтоп, зыярат кылып, эс алып өтүшөт.

Ыйык жердин түрү – булак. Булактын үстү жагы аялдамалардагыдай кылынып, тегерек болуп тосулган. Анын боору түрдүү түстөгү кафелдин сыныктары менен кооздолуп, эки балканын сүрөтү тартылып, “Таш-Кумырское ШСУ, МУП СССР” – деп жазылып, андан башка түрдүү сүрөттөр тартылган. Жанында 3-4 түп долоно дарагы бар. Ал жерге азыр чоң ашкана курулуп жатат.

Бул жер жөнүндө эч кандай уламыштар айтылбайт. Бул булак төштүн (кырдын) түбүнөн чыгып калганы үчүн эле, Төш-Башат деп аталып калган.

18. Кайнар-Булак

Тегене айылы

Согот аянты

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Согот айылынан 2-3 чакырым аралыкта, түндүк-батыш тарабында, бийик кырда жайгашкан. Машина жарым жолго чейин барат.

Ыйык жердин түрү – чоң таш Жана кайнап чыккан булак.

19. Чоң-Ыйык жер

Тегене айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Тегене айылында салынган мечиттин жанында, мүрзөнүн оң жагында, мектептин сол жагында жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – булак. Айылдагылар ошол булактан суу алышат. Суунун даамы шортек. Булактын жанында көптөгөн ак теректер өсөт. Жергиликтүү эл негизинен Тегенедеги булактардын суусунун шор экендигин, ошондуктан көнбөгөн адамдар иче албай тургандыгын, жергиликтүүкалкта тиш оору менен дерматологиялык (тери) ооруларынын сейрек кездешкендиги ушул суулардын касиетинен экендигин белгилешет.

20. Ак-Терек

Ак-Жол айылы

Күрп-Сай аянты

Тегене айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер айылдын кире беришинде, чоңжолдун боюнда жайгашкан. Өзгөчө көзгө көрүнө турган деле белги жок, болгону бир арык суу агат.

Ыйык жердин түрү- терек.

“Ушул эле суунун боюнда, ал жерде чынар теректер дагы болгон эле, алар куурап, бирок чоң-чоң талдар бар, булак чыгат ал жерден. Биздин айылдын эли ошол булактан ичишет. Анан ошол жерге келип зыярат кылышып, ниет кылып жүрүшөт. Мен дагы зыярат кылууну быссымылда дегенде эле ушул жерден баштагам. Үйүмдүн эле маңдайында, суунун наркы өйүзүндө турат. Мындайча айтканда, 200-300 метр. Ушул жерден келип оң жолго түшкөнбүз. Мунун касиети абдан чоң”, – дейт изденүү жолунда жүргөн Кеңешбек Айтикеев.

Оозеки тарыхы:

Сакыш деген карыянын айтымында: “Согуш убагында (1941-45-жж.) ошол жерде чоң Ыйык жер болгон. Чоң ак теректерден кайсы маал болбосун шуудураган үндөр чыгып турчу. Согуштан кийинки жылдарда активдер Ыйык жердагы ак теректерди кыйдырган. Теректерди айылга мектеп салганга иштеткен. Кийинки жылдарда Ыйык жердын ордуна глинзавод курулган. Мен геологияда бульдозерчу болуп иштеп жүрүп, Ыйык жердын ылдыйкы тарабын сүрүп тегиздегем. Ошондо адамдардын көптөгөн сөөктөрү чыккан, аларды бир капка салып, жогорураак жакка көмүп койгонбуз. Карыялардан сураштырсак, ошол жерде илгери кыргыз менен калмак чабышкан экен. Бул Ыйык жерды мен түшүмдө аян түрүндө сездим. Түшүмдө бирөө мага: “Жума намазга бар, кааласаң мечитке, кааласаң Алча айылына бар”, – деди. Эртеси ойлонуп көрсөм Алча айылында мечит жок, сураштырсам Актерек деген чоң Ыйык жер болгон экен.

21. Чат-Ыйык жер

Ак-Жол айылы

Күрп-Сай аянты

Тегене айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Күрп-Сай ГЭСинин түндүк тарабында, сегиз чакырымдай тоого чыгат. Ошол жерде Ак-Жол айылына караштуу эл жашайт. Мына ушул жерде капчыгайдын ичинде, бир жагы аска, асканын асты жагынан суу өтөт. Ошол жерде Чат-Ыйык жер Ыйык жеры жайгашкан. Ал жер өтө сүрдүү, касиеттүү жер. Ал жерге элдер барып зыярат кылышып, түнөп, ниет кылып турушат. Ак-Жол айылынын түштүк чыгыш тарабында, жыйырма чакырым аралыкта.

Ыйык жердин түрү

“Мен эми Аксыда жүргөндө Ыйык жер дегенди билген эмесмин. Ден соолукка байланыштуу зыярат кылып, касиеттүү адамдарга барып жолукканда, кыргызчылык кылып ниет кылып, аларды ээрчүүгө туура келди. Бирок ошол учурда мен Ыйык жерды кыдырып жүргөндө ишенген эмесмин, айткандын баарына маани берген эмесмин, кызыккан эмесмин. А кийин турмуш өзү бардык нерсени өз ордуна коют экен да. Бишкекке келгенден кийин кызыгуу пайда болду. Ал жерлер жөн жерлер эмес экендигин сездим. Ал эми бул ыйык жерлер кыргызды аруулукка, тазалыкка тарбиялай турган өзүнчө мектеп экендигин туйдум. Өзү эле тарбиялаарын билдим. Ошол жерден өтүп кетип бара жатып башкача абалга туш болосуң. Ишенбейм десең да ошол жерден бир нерсени туюп, ошол жерге аяр мамиле жасап калат экенсиң. Мен ойлоп калдым, бул тарбиялоонун кайыптан келген мектеби болуш керек. Ал жерден өзүң эле башка абалга өтөсүң, баскан-турганыңды аярлай баштайсың,” – дейт аталган ыйык жерден улам баштаган сөзүндө агедил сырын төккөн адам, изденүү жолундагы Кеңешбек Айтикеев.

22. Таш-Башат

Тегене айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Тегене айылында жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – суу. Аялдама сыяктуу тегерек, үстү жабылган имарат ичинде темир түтүктөн суу агып турат. Изденүү жолунда жүргөн 34 жаштагы жигит Рыспаев Марат Керимбаевичтин айтымында, “Ташбашатты Тычка деген жигит сатып алып, жанына ашкана салдырып жатат. Айрыкча жайкысын бул жерге жолоочулар көп токтоп, эс алышат. Касиети – бул ыйык жерге сапарга чыккандар келип зыярат кылышат”.

23. Тешик-Таш

Тегене айылы

Кара тыт аянты

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Тегене айылынын…

Ыйык жердин түрү – чакан, ак түстөгү таш. Ортосунда чоң эмес тешик бар. Анын касиети ушунда, наристелерди ырымдап ошол таштын тешигинен өткөрүшөт, ооруп калган наристелер ошол Ыйык жердан шыпаа таап, айыгып кетишет.

24. Тегерек-Таш

Тегене айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Тегене айылында орун алат.

Ыйык жердин түрү – таш. Ал көмкөрүп койгон казанга окшош. Жанында бир түп өрүк бар, өрүктүн бутактарынд эски чүпүрөктөр байланып турат.

Бул ыйык жерге көбүнесе соода-сатык кылгандар зыярат кылышат, жолоочулар өздөрүнчө тилек тилеп, бата кылып өтүшөт.

25. Мар-Кашка

Тегене айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер…

Ыйык жердин түрү – таш.

Оозеки тарыхы:

Изденүү жолунда жүргөн Рыспаев Мараттын айтымында: “Илгери Маркашка деген жигит өзүнүн бир тууган карындашын сүйүп калып, ала качып, Тегене айылынан Аксуу айылы тарапка кеткен жолдо капчыгайдын ичинде үңкүрдө жашап калышат. Туугандары бүтүндөй урууну шерменде кылды деп аларды өлтүрмөкчү болуп, артынан куугунтуктайт. Ошентип Маркашка куугунтук жеп элдин көзүнөн далдараак капчыгайдан орун алышат. Эптеп курсак тойгузуштун амалын издеп, жолдон өткөн кербендерди тоноп, тиричилик өткөзүп турат. Такталбаган маалыматтарга караганда, изине түшүп калган куугунчулар Маркашканы атып өлтүрүшөт. Маркашкага жан тартып болушкан карындашын кошо өлтүрүп, экөөнүн жансыз денелерин жерге жашырбастан таштап коюшат. Ары-бери өткөн кербенчилер бирден таш ыргытып олтуруп, көмүшкөн экен. Ошентип эки жерде таш үйүлүп, бейиш болуп калган экен”.

26. Калыгулдун ташы

Тегене айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер…

Ыйык жердин түрү – таш. Ал мүрзөдө жайгашкан, өзү чакан.

Оозеки тарыхы:

Изденүү жолунда жүргөн Рыспаев Мараттын айтымында: “Илгери кедей уруусунан чыккан Калыгул деген баатыр Чүй тараптан көчүп келе жатып төөнүн жүгү оой бергенден улам, молого окшогон ташты жипке байлап, жүктүн жеңил жагына теңдеп коёт. Жолдо келе жатып моло таш Калыгулга кайрылып:

– Ой Калыгул баатыр мени муунтуп өлтүрөсүңбү? – деп сүйлөп жиберген экен. Ошол күндөн тартып Калыгул баатыр ташты дайыма жанына алып жүргөн экен. Узак жолго чыгаарда, же жоого аттанганда таш менен кеңешип, эгерде таш “жолуң болот” десе аттанып, “болбойт” десе барбай калчу экен. Калыгул баатырдын көзү өткөндөн кийин таш да сүйлөбөй калган экен. Баатыр көзү өтөөрдө:

– Менин көзүм өткөндөн кийин таш сүйлөбөйт, бирок кайсы бир убакта татыктуу адам табылса, таш сүйлөп берет”, – деп айткан дешет.

Илгери баатырлар каза болсо, көрүн душмандарга билгизбештин амалын издеп жашырчу. Калыгул баатырдын сөөгү дагы белгисиз бойдон калды. Тегене айылындагы мүрзөдө, бирок кайсынысы экени белгисиз. Кийинчерээк ташын мүрзөгө алып барып, божомолдоп бир дөңсөөнүн жанына орнотуп коюшкан. Ошол таш – ушул”.

27. Тулпар-Башат

Кичи Ак жол айылы

Райкомол аянты

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер…

Ыйык жердин түрү – булак. Ал зым тор менне курчалып, булактын жанында чакан көк таш бар. Ташта адам баласы мыкчып койгондой болуп, манжалардын изи бар.

Оозеки тарыхы:

Изденүү жолунда жургөн Рыспаев Мараттын айтымында, “Уламыштарга таяна келсек, илгери бир пайгамбар булактан суу ичкени түшүп, ташты мыкчып туруп атын байлаган экен. Союз маалында Райкомолго “Эдельвейс” деген пионер лагери курулуп, лагерге эс алганы келгендерден эки бла таштын үстүңкү катмарын сындырып коюшкан. Имиш сөздөргө караганда ал балдар маып болуп калган”.

28. Бурана

Кара жыгач айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер…

Ыйык жердин түрү – кырка жар-жардан бөлүнүп турган, мунара сыяктуу кызыл колонна.

Оозеки тарыхы:

Изденүү жолунда жүргөн Рыспаев Марат: “Элдин айтымында Курмабек баатырдын сөөгү ошол жерге коюлган. Мурда көчмөндөр Бурананын жанына түнөп калышса, адамдар да, малы да аман калышчу. Буранадан четирээк түнөшсө, же адамдар, же мал майып болуп калышчу экен. Мунун баары имиш кеп, аны ачык далилдеген фактылар жок”, – дейт.

Изденүү жолунда жүргөн Айтикеев Кеңешбек: “Бул жер жөнөкөй жер эмес, уникалдуу жер. Кандай гана адам болбосун жолдун аркы бетинде турса да, кан жолдун берки бетине өткөндө, сөзсүз Буранага көңүл бурат. Көп эле адамдардан уктум, бул жер жөнөкөй жер эмес, эр жер экендигин жүрөгү менен сезип турушат. Иши кылып чет өлкөлүк болобу, же кандай гана адам өтпөсүн, ошол жерге токтоп, мүмкүнчүлүгү болсо сүрөткө тартып, тиктеп, аңыз кылып кетишет. Өкмөт тарабынан курулган эмес, ал жерди табият жараткандыгы жөнүндө жаратылыш сүйүүчүлөр маалымат каражаттарында чагылдырып жүрүшөт. Ал жер эч кандай коргоого алынган эмес. Ал жердин маданий орду жок. Бирок, ал жерди билген адамдар аркылуу өзүнчө тарыхый маанисин жазып чыкса болот. Канча жыл башкарма болуп ушул аймакта иштедим. Иштеп жүргөндө маани бербептирмин. Аталган жердин ыйыктыгына сырт жерден баа бере баштайт экенсиң, күнүмдүк турмушка жөн гана аралашып жүргөндө көңүл бурган эмеспиз”, – деп аталган ыйык жерге карата өзгөчө мамилесин билдирет.

29. Көкташ

Кара-Жыгач айылы

Сыны аянты

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер айылдын эле ичинде, Сыны айылынын күн батыш тарабында, айылдын чок ортосунан ары жарым саат убакытта жете турган аралыкта жайгашкан. Машина Көкташ Ыйык жерынын өзүнө чейин барат. Тургунбай-Ата көпүрөсүнөн өткөндөн кийин бир аз аралыкта. Мектептен өткөндөн соң, 15-20 мүнөт убакытта жетсе болот.

Ыйык жердин түрү – көк таш. Жанында алмурут өсөт.

30. Балбан таш

Райкомол айылы

Кароолчусу – Бокоев Нурбай (бул киши ошол чөлкөмдөгү беш Ыйык жерга шайык болуп шайланган. Учурда Мекеге барууга даярданып жүрөт).

Бул ыйык жер эки жолдун ортосунда жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – таш. Бетинде оюкчалары бар.

Оозеки тарыхы:

Изденүү жолунда жүргөн Рыспаев Мараттын айтымында, Балбан таш Ыйык жеринын ээси Бабаназар балбандын Бокоев Майсалбекке – Бокоев Нурбайдын уулуна берген аяны:

Ассалоому алейкум адашуучу балдарым, 

Ааламдан түшкөн байлыкка

Азайдыбы кардалың,

Абаң жардам бергенде

Майышат тоодой балбаның,

Байкадым бары-жогуңду

Тилеймин оң жолуңду.

Көктө теңириң колдойт

Бабаларыңдын баарысы колдойт.

Балбан ташты келтир баркына.

Бабаңдар батсын даңкына.

Келишип күчүн сынашып

Баркын билсин ыйык ташына.

Батасын алып баатырдын

Тулпары учсун закымдап.

Көркүнө көркү кошулсун

Жериңдин баркы көкөлөп.

Алыска жетет кабары.

Сынашуусу жай болсун

Билеги күчтүүбалбандар.

Элим деген эр күүлөр.

Бир келишип толгондо

Тобосун кылып кудайга

Бир көргөнгө зар болчу.

Жайдан болот жакында.

Бабаңдар күтүп коруган

Ар жамандын шорунан.

 

Ыйык жерди билишпей 

Урпактар унут калбасын.

Тебеленди кылышпай

Теңирим сүйгөн жайларды.

Тазараак кылып кармасын.

Шайланган шайык аманат айт

Бабалар берген батаны айт.

Кетирген андан катаны айт.

Алыста жетпей Меккени ойлобой

Колунда турган мекенин айт.

Күч алган жиндүү караны

Көтөрүп урчу жерди айт.

Кейкейип жүргөн алсыздарга

Кетменге жетпес алсыздарга

Кетменге жетпес алы бар

Кентиктерге жеткире айт.

Кебелбес теңир болсун десе

Ойлоруңдун баарысын

Аткарууга ал даяр.

Элиңдин ичи бай болот

Эс алып кетчү жай болот.

Колдору толо май болот.

Айылдан чыгат баатырлар

Оңолот көп каапырлар

Төрт тараптан уккан эл,

Угушат баары закымдан.

Кудайдын жүзү бурулду.

Агытты тулпар кулунду.

Көркүнө кошуп булуңду.

Көтөрсүн теңир уулуңду.

Жамандык жолу буулду 

Шайтандар сайдан куулду

Ар кимиси асылган

Жиндердин шайы куруду

Жөнү жок жерден доо аркан

Доңуздар иттен куулду

Доңулдап сүйлөп сөз арткан

Доңкубай үнү буулду

Дөңгөчтү сүйрөп пул кылган

Дооруңар өттү суюлду

Дагы эле болсо кайрылган

Дабагер болгон чоң кудай

Даңгыр жолго бурулду

Оозунан сүтү кете элек

Оо дүйнө менен сүйлөшкөн

Оргуштап бойго жете элек

Оюнан оюн кете элек

Отурса үйдө турбаган

Окууга көңүл бурбаган

Ойлонуп койсо баары бар

Ойлонуп чачы түшө элек

Ойношуп жүрөм жетелеп

Ойлонсом али эселек

Ошондуктан жүрөт ал

Ойсоктоп бизге эркелеп

Отубузга чыкса эртерээк

Оңой эле өз жолун

Орундатаар эртерээк

Оомийн

 

 

Leave a Reply