Аксы району

This post is also available in: Орусча

1 2 3 4

[Бул текст Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

6. Кара-Кыз эне (Ак-Пейил эне)

Ак-Суу айылы

Жаңы-Талап аянты

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Ак-Суу айылынын Жаңы-Талап аянтынан бир чакырым алыстыкта, түндүктө жайгашкан. Машина жарым жолго чейин барат. Андан ары 10 мүнөт жөө жүрүү керек.

Ыйык жердин түрү – кабыр. Мында Кара-Кыз эненин кабыры бар. Андан сырткары, 8 булак катарынан жайгашкан. Тегерегинде негизинен чон бай түп ак теректер көп. Андан сырткары алча, жүзүм жана башка өсүмдүктөр өсөт.

Булактарга сүрөттөмө:

Биринчи булак. Бул булак үңкүрдүн ичинен бир метр бийиктиктен агып түшөт.

Экинчи булак. Бул булак биринчи булактан бир метр аралыкта, оң жагында жайгашкан. Бул булак дагы кичинекей кырдын боорунан бир метр бийиктиктен таштын боору менен шаркыратма сыяктуу болуп агып түшөт.

Үчүнчү булак. Экинчи булактан бир-бир жарым метр аралыкта, оң жагында жайгашкан. Бул да ушул жердеги таштын боорунан 70-80 см. бийиктиктен шаркыратма сыяктуу агып түшөт. Бул булактын көзүнө баклашка коюп койгондуктан, суу баклашканын оозунан куюлуп турат.

Төртүнчү булак. Бул булак буралып өскөн бир түп дарактын түбүнөн оргуштап чыгып турат.

Ушул төрт булак бири-бирине жанаша жайгашкан. Бул төрт булактын суусу бир арыкка кошулуп, сайга агып түшөт. Булактын алдында төрт бурчтуу 1,5Х1,5 метрдей өлчөмдө цемент куюлган. Анын бийиктиги – 80 см.

Бешинчи булак. Бул булак төрт булактан 2-3 метр аралыкта, оң жагында жайгашкан. Бул сайдан жогорураак жактан дагы булактардын суусу агып келип, ушул булактын суусуна кошулуп жолду кесип өтүп, сайга агып түшөт.

Алтынчы булак. Бул булак жолдун эле четинен (ал жерде жалгыз эле жол бар, бардык булактар ошол жолдун боюнан чыгат), бир таштын түбүнөн оргуштап чыгып турат.

Жетинчи булак. Бул булак алтынчы булактан 50 см аралыкта, оң жагында чыгып турат.

Сегизинчи булак. Бул булак жетинчи булактан 1,5 метр аралыкта, оң жагында, дарактын түбүнөн чыгат. Булактын көзүндө төрт бурчтук болуп цемент куюлган, ошондуктан бул жерде көлчө пайда болуп калган. Бул булактын көзүндөгү даракка чүпүрөктөр байланат. Бул булактын суусу дагы жолду кесип өтүп, сайга агып түшөт.

Сайда темир суу түтүкчөлөрү коюлган. Бул жерден чыккан булактын суулары ушул түтүкчө аркылуу айылга кетет.

Бул ыйык Ыйык жер качан пайда болгонун эч ким так билбейт.

Оозеки тарыхы:

Илгери Падыша-Ата, Баба-Ата, Бозбу-Ата, Ыйман-Ата деген бир тууган пайгамбарлар болушкан экен. Ошолордун эң кичүүсү Кара-Кыз эне болгон экен. Анан Кара-Кыз эне жаш кезинде эле анын бетине кара тактар түшүп кетип, ошол себептен Кара-Кыз эне элден безип, элге көрүнбөй ушул жерге келип жашырынып жашап жүргөн экен. Ушул жерден көзү өтүптүр, ошондуктан бул Ыйык жердын аты ошол эненин атынан Кара-Кыз эне Ыйык жеры деп аталып калган дешет. Азыркы күндө бул Ыйык жерды Ак-Пейил эне Ыйык жеры деп айтышат. Себеби, бул жерге ар жактан элдер келип, балалуу болбогондор балалуу болуп, ооруп келгендер айыгып, жөн келгендер ушул жерден сооп таап, иши жүрүшүп, бул булактын суусун ичкендер көпкө чыгып жашагандыктан, элдер бул Ыйык жерды пейли кенен, ак дешип, Ак-Пейил эне Ыйык жеры деп да айтып жүрүшөт.

7. Көл-Башат

Ак-Суу айылы

Жаны-Талап аянты

Кароолчусу: Кутманаалы

Бул ыйык жер Аксы районуна караштуу, Ак-Суу айылынын Жаңы-Талап аянтында, айылдын четинде, батыш тарабында жайгашкан. Бир жак чети айыл, бир жагы чөп жайыт. Жанында көп мүрзөлөр бар. Бул ыйык жер сайда жайгашкан. Машина барат.

Ыйык жердин түрү – чоң-чоң бай жапайы ак теректер.

Бул жер короолонгон. Эң түп башынан булак агып чыгат дагы, узундугу 4-5 метр, туурасы 1,5-2 метр болгон көлчөсү бар. Бул көлдө балыктар көп. Бирок ал балыктар ыйык деп эсептелинет дагы, аларды эч ким кармабайт дагы, жебейт дагы. Ак теректен башка ал жерде алча, ит мурун, тал, теректер өсөт. Мындан сырткары ал жерде 100 жыл мурда жашаган, карып, кагайып калган ак теректер да бар. Бул жер ыйык деп эсептелингендиктен, аларга эч ким тийбейт, отун катары колдонгону алып да кетишпейт.

Бул ыйык жердин качан пайда болгонун эч ким билбейт.

8. Котур-Булак

Ак-Суу айылы

Жаны-Талап аянты

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер айылдын этегинде жайгашкан. Машина барат.

Ыйык жердин түрү – булак. Булактын жээктерин камыш баскан, бул анын саздуу жер экендигин көрсөтөт. Тегерек-чекесинде бака теректер, алча, ит мурун сыяктуу дарактар өсөт. Бул булак сайда. Сайдын эки жагы ошол жерде жашаган адамдардын үлүш жерлери. Ал жерлерде семичке, жүгөрү, беде жана башка нерселер эгилген.

Котур-Булак деп аталып калганынын себеби, бул булактын суусунун котур, аллергия, жарат-жураттарга, бут (муун) ооруларына дарылык касиети чоң.

9. Баба-Ата

Мукур айылы

Кароолчусу бар.

Бул ыйык жер Мукур айылынын этегинен имерилип, Итагар суусун бойлоп кете берген капчыгайдын баш жагында жайгашкан. Мукурдан Ыйык жерга чейинки аралык – 7-8 чакырым. Ал жерге унаа менен бир саатка жетпеген убакытта жетүүгө болот. Машинадан түшкөн соң, бир аз аралыкты жөө басыш керек. Мукур айылы бүткөндө жолдун боюнда Итагар деген белги турат, ошол жерден бурулат. Ыйык жер Көк-Сарай тоосунун түбүндө, чыгыш жагында жайгашкан.

Кыргызчылыкты алып жүргөн адам Эргешбай Ажыбаевдин айтымында, Баба-Атага үч жол менен барса болот: 1) Мукур; 2) Авлетим; 3) Пача-Ата аркылуу тоону ашып. Пача-Ата Көк-Сарай тоосунун батышында жайгашкан. Ал жагынан барганда, машина менен Көк-Сарайга чейин 5-6 чакырым жол жүрүп, андан ары жөө, тоону ашып түшө койсо болот.

Ыйык жердин түрү – булак. Анын тегерегинде кайыңдар бар. Көбүнчө жаңгактар жана алмалар өсөт. Жергиликтүү эл бул жемиштерди терип алышат.

Оозеки тарыхы:

Илгери көп бир тууган пайгамбарлар жашаган экен. Алар дайыма жума күнү Совет-Буланга намазга жыгылганы барышчу экен. Ошол убакта каапырлар пайгамбарларды жок кылабыз деп, согушуп жүрөт экен. «Пайгамбарлар ар бир жумада Совет-Буланга чогулуп, намазга жыгылат экен» дегенди угуп, пайгамбарлар намаз окуп жатканда, каапырлар кол салып кырып жиберишет. Ошондо пайгамбарлар шашканынан кудайдын күчү менен канат байлап, ар тарапка уча качышат экен. Ошол пайгамбарлардын бири ушул аскага тирүү боюнча кире качкан дейт. Ошол себептен бул ыйык жер Баба-Ата деп аталып калыптыр. Мындан башка Падыша-Ата, Бозбу-Ата, Шумкар-Ата, Шукур-Ата дегендер бар.

10. Пача-Ата

Кашка-Суу (Пача-Ата) айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Пача-Ата айылы бүтүп, андан ары башталган капчыгайдын кире беришинде, оң жагында, асканын түбүндө жайгашкан. Ошондо ал капчыгайдын ичинен башталып аккан Пача-Ата суусунун дагы оң жагында болуп калат.

Ыйык жердин түрү – күмбөз. Күмбөз өзү кыштан тургузулган, мүрзөсү – ылай. Үйдүн ичине кирип куран окулат. Мал тилегендер барат. Зыяратка бара беришет, көбүнчө өзбекстандан келишет. Бүгүнкү күндө Падыша-Ата деп айтылат. Ал эми бүгүнкү күндө Пача-Ата айылы Кашка-Суу деп аталат. Советтер Союзу учурунда айылдын аты ушундайча өзгөртүлгөн.

Кербенге барып, Кербенден ары Пача-Атага 8 чакырым жол жүрүп барууга болот. Айылга барган машина түз күмбөздүн оозуна апарат. Айылды аралап барыш керек, асфальт жол бар.

Айылдын кулуну, кыргызчылыкты алып жүрүүчү Эргешбай Ажыбаевдин айтымында, Пача-Ата айыл өкмөтү өлөң-Булак, Чеч-Дөбө, Тосту деген айылдардан турат. Көпүрөдөн өткөндөн киийн сол жакка бурулуп, сууну бойлоп кетиш керек. Жаңы айыл Кара-Башат бүткөндө суу бойлой жүрүп отурса, күмбөзгө жетип калган жерде токойчулардын айылы бар. Ал Лесхоз деп аталат. Бул жерде илгери курорттор болгон, Ташкен, Андижандан бери келип эс алышчу, азыр лагерь бар. Ошондо күмбөз Кара-Башат айылынан 5-6 чакырым алыстыкта болгон болот.

Оозеки тарыхы:

Бул ыйык жердин жаралышы деле жогорку Баба-Ата окуясына байланыштуу делет.

11. Шүдүгүр-Ата

Авлетим айылы

Кароолчусу бар

Бул ыйык жер Авлетим айылынын башындагы Тельман аянтынан чыгыш жакта, бир-бир жарым саат убакытта жете турган аралыкта, капчыгайдын ичинде жайгашкан. Мырза теректер же болбосо ак теректер дейбизби, абдан чоң теректер бар. Абдан көп жылдык. Капчыгайдын ичинде жайгашкан дөңсөөдө оң тарабында ошол чынар теректер жайгашкан жана дөңсөөдөн эки булак агып турат. Булактын суусу көзгө дары деп айтышат. Ошол булактан көздөрүнө тамызышып, көп адамдар барышат. Өзбекстандан да келишет. Көпүрөдөн өткөндөн кийин эле тоо тарапка бурулуп, суу бойлоп түндүктү карай кетүү керек. Жолдун оң, чыгыш жагында жайгашкан. Машина Шүдүгүр-Ата Ыйык жерынын өзүнө чейин барат.

Ыйык жердин түрү – булак. Жанында бийик өскөн теректер бар, түрлүү-түрлүү бак-дарактар өсөт. Жанында бир гектардай жерде ак алма бактары бар. Бул бактар атайын отургузулган.

Ыйык жерге негизинен ак тилек тилеп барышат.

“Чындыгында өтө ыйык жер. Ал жерден кандайдыр бир кубулуштарды түнкүсүн да байкаганмын. Анан оң тарабында Авлетим суусу агып өтөт, сол тарабында Ала-Булуң аскасы бар. Бийик аска. Ал жерге илгери шаты коюп чыгышчу. Ал жерде да ордо бар делет. Кызык жери рухтар адамдардын көзүнө көрүнүп байкалганын сездим. Мисалы, мен түндө саат 1-2 чамасында кол фонарик кармап бир адам кадимкидей эле түшүп келе жатканын көрүп таң калып, жанымдагы шеригиме: «Кызык, түн ортосунда адам түшүп келе жатат» – десем, ал көрүп, коркуп олтурган экен. А мен кадимки адамдай эле сезбей сүйлөй бериптирмин”, – дейт изденүү жолунда жүргөн Айтикеев Кеңешбек.

Оозеки тарыхы:

Илгери көп бир тууган пайгамбарлар жашаган экен. Алар дайыма жума күнү Совет-Буланга намазга жыгылганы барышчу экен. Ошол убакта каапырлар пайгамбарларды жок кылабыз деп ниеттенишет. «Пайгамбарлар ар бир жумада Совет-Буланга чогулуп, намазга жыгылат экен» дегенди угуп, пайгамбарлар намаз окуп жатканда каапырлар кол салып, кырып жиберишет. Намаз окуп жатышкандыктан, каапырлар кол салып жатканын билсе дагы, пайгамбарлар намазды таштап ордунан туруп кете алышпайт. Анан ошентип алдыдагы бир катар пайгамбарларга душмандар эми жеткенде, намаз убагы дагы бүтөт экен да, кудайдын керемети менен намаз окулуп жаткан жердин дубалы өзүнөн-өзү ачылып, алдыда бир катар отурган пайгамбарлар ошол жерден чыга качышат экен. Пайгамбарлар чыккандан кийин, дубалдын бардык жерлери жабылып калат. Ошентип пайгамбарлар кудайдын керемети менен аман калышыптыр. Мына ошол пайгамбарлардын бири ушул жерде жашап, ушул жерге сөөгү коюлган экен. Анан көзү өтүп баратканда: «Ушул жерден элдин керегине жараган булак чыксын», – деп тилек кылыптыр. Ошондо ушул булак пайда болгон дешет. Ошол себептен бул ыйык жер Шүкүр-Ата (Шүдүгүр-Ата) деп аталып калыптыр. Мындан башка Падыша-Ата, Бозбу-Ата, Шумкар-Ата дегендер бар.

12.Кожожаштын аскасы

Авлетим айылы

Кароолчусу бар

Бул ыйык жер Шүдүгүр-Ата Ыйык жерынан жогору жакта жайгашкан.

13. Ала-Булуң аскасы

Авлетим айылы

Кароолчусу бар.

Бул ыйык жер Авлетим айылынан жети-сегиз чакырым түндүк тарабында жайгашкан (Кеңешбек Айтикеев).

14. Ак-Моло

Тегене айылы

Кара тыт аянты

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Таш-Көмүр шаары менен Тегене айылынын ортосундагы кан жолдун (трассанын) боюнда, жолдун алды жагында жайгашкан. Таш-Көмүрдөн 7-8 чакырым, ал эми Ак-Жол айылынан жыйырма чакырым алыстыкта турат. Ал жерге унаа барат, кан жолдон ары чыгыш жакты карай 3 мүнөттүк гана жөө жол.

Ыйык жердин түрү – бийиктиги 6-7 метр, радиусу 2-2,5 метрдей болгон аппак моло таш. Жанында чоң бир түп арча бар. Бул жалгыз аппак ташты талаанын ортосуна атайын коюп койгондой көрүнөт. Ошол таш турган жердин үстү дагы аппак, майда кумга окшогон таштар менен төшөлгөн. Жанында бир таш очок бар.

Оозеки тарыхы:

Илгери бир пайгамбардын баласы көз жумат экен. Анан ошондо пайгамбар ошол кырлардын ортосуна аппак кебез төшөп, ошол ташты орнотуп, аны да ак кебез менен ороп, баласын бешикке салып, ошол бешикти дагы ак кебезге ороп, анан жанагы таштын башына койгон дейт. Ошол себептен бул жерге балалуу болбогондор бала тилеп келишет. Таш дагы мына ошол себептен апаппак болуп калыптыр.

15. Тегерек-Таш

Тегене айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Тегене айылынын ортосундагы трассанын боюнда жолдун үстү жагында жайгашкан. Тегене айылынын күн батыш тарабында, чекесинде, Таш-Көмүрдөн келе жатканда, жолдун сол тарабында, кырдын тубундо жайгашкан болуп калат. Ал эми Ак-Жол айылынын түштүк тарабы болуп, беш чакырым алыстыкта турат. Ал жерге машина барат.

Ыйык жердин түрү – радиусу бир метрге жеткен тептегерек күрөң түстөгү таш. Жанында ташка жабышып өскөн жалгыз түп мисте бар. Ал мистеге чүпүрөктөр байланган. Мистенин түбүндө радиусу 30 см болгон тептегерек тариздеги, бирдей өлчөмдөгү үч таш жатат. Бул жердеги таштардын бардыгынын өңдөрү окшош – күрөң түстө.

Оозеки тарыхы:

Бул таш жөнүндө өзгөчө уламыштар айтылбайт. Эл арасында: «Бул таш кудайдын керемети менен асмандан түшкөн таш экен. Ошон үчүн бул жер ыйык делип, таштын таризине жараша Тегерек-Таш деп аталып калыптыр», – деп айтылып жүрөт. “Бул Ыйык жерга көбүнесе соода-сатык кылгандар зыярат кылышат, жолоочулар өздөрүнчө тилек тилеп, бата кылып өтүшөт”, – дейт изденүү жолунда жүргөн 34 жаштагы жигит Рыспаев Марат.

Leave a Reply