Шейит-Баба мазары

Голбо айылы

Ыйык жердин түрү – күмбөз

Бул мазар Төө-Жайлоого бара жаткан жолдун кире беришинде орун алган. Айыл өзү: Суулуу-Голбо, Куру-Голбо жана Жаңы-Абад-Голбо болуп үчкө бөлүнөт. Аны жалпысынан Голбо айылы деп аташат. Тайпак тоолордун түндүгүнөн орун алган Суулуу жана Куру-Голбодо ичкилик кыргыздардын бөксө уругу жашайт. Алар жетимишинчи жылдары түздүктөгү тегиз жерге көчүп келип, жаңы үйлөрдү кура башташкан.

Оозеки тарыхы:

Анын тарыхын жергиликтүү эл, бөксө уругунун өкүлдөрү мындайча айтышат: Өткөн кылымдын башында, 1917-18-жылдары Совет бийлиги орноп жатканда, басмачылар кызыл аскерлерге катуу каршылык көрсөтүп турган маал экен. Кызыл аскерлерди жергиликтүү калк “отряддар” деп аташып, ал эми басмачыларды “төртүнчүлөр” деп аташат. Мына ошол эки каршылашкан топтор атышып калган кезде, айылдыктар дөбөгө же кырдын башына чыгып алып, аларды карап турушчу. Кээде айыл аксакалдары арага түшүп, бөөдө өлүмдөн көпчүлүк айылдык жаштарды, т.а. топтордун биринде күрөшкөн жигиттерди алып калышчу экен. Ошондой атышуунун биринде айылга баш-көз болгон Жумабай аксакал ошол жерде “төртүнчүлөргө” жан тарткансып, анда-санда кыйкырып, “төртүнчүлөрдүн” арасынан кулап жаткан жигиттерди сүрөөндөп, эл менен бирдикте топтун алдында ары-бери басып турган экен.

Сайдын ичинде кызыл отряддын солдаттары, ал эми кырдын чыга беришинде “төртүнчүлөр” бири-бирине ок атышып, айыгышкан кармашуу болот. Кызылдар көпчүлүк болуп, “төртүнчүлөр” айласыз артка-тоого карай чегине башташат, ок тийгендеринин айрымдары кырдан ылдый тоголонуп кулайт. Эл болсо кырдан ары кача баштайт. Ок тийген Жумабай аксакал тоголонуп келип, так “төртүнчүлөр” кызылдарга каршылыкты баштаган жерге барып, бүк түшүп жатып калган экен. Кийин аксакалдын сөөгүн ошол кулаган жерине коюшуп, белгилеп коюшат. Советтик мезгилде ачык түрдө мүрзө курганга мүмкүнчүлүк болбой, сөөк коюлган жердин жанынан кууш жалгыз аяк жолдун өткөндүгүнөн айылдыктар токтоп, куран окуп турушчу. Кийин ал аксакалдын чүрпөсү, Каныбек деген мырза, мазарды оңдоп-түзөп, тартипке келтирип койгондон кийин, эл дайыма, ал жерден өткөн сайын дуба кылып, куран окушат. Азыр да эл ал жерден (өйдө-ылдый өткөндө), Шейит-баба же Мазар-баба деп аташып, өткөн-кеткенде куран окуп, ыйык жер катары карашат (М: Н. К.)