Мансурөлдү мазары

Исфана шаары

Ыйык жердин түрү – теректер

Исфанадан 8 км. алыстыкта турат. Мазардын ичинде көп терек өсөт, аны эч ким тийбейт, кыйбайт. Тазалап турушат, куран окушат. Элдер кан чыгарып, тилек тилешет. Бардык шарттар түзүлгөн, жада галса, идиш-аяктарына чейин бар. 

Оозеки тарыхы:

Мансур деген олуя болгон. Анын өлгөн жери Мансурөлдү деп атынан аталып калган (Маалыматчы: Казыев Нурбек, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери).