Баатыр мазары

Искра айылы

Кароолчусу – 75 жаштагы Айтбаева Чыны

Ыйык жердин түрү – дарактар

Лейлек районунун Сумбула айылында орун алган. Айылдын борборун аралап өткөн чоң жолдун жээгинде жайгашып, айланасын эки түп чоң жаңгак, бир нече түп чие, өрүк, беш түп терек, бир нече тал ж.б. дарактар менен курчалып турат. Бул жайга бардык элдер тарабынан аяр мамиле жасалып, сыйынууга көп эл келип турат.

Шайык-кароолчусу – 75 жаштагы Айтбаева Чыны болуп саналат. Ага чейин бул жердеги шайык-кароолчулукту анын өгөй кайненеси Умсун шаңкылдак деген бакшы аял аткарып келген.

Айтбаева Чыны, шайык: Кайнатам өтүп кеткенден кийин өзүм карап жүрөмүн. Кайнатам досу экөө тиккен алма, өрүк дарактарына менин да колум тийген. Зыяратчылар келип чырак коет. Перзент суранып,  сыйынышат. Ооругандар челпек бышырып келишет. Мурда бул жерди андарактык баласы жок бир тажик сатып алыптыр. Кийин кыргыздарга калган. Азыр киши коюлбайт. Тажиктер зыярат кылып кетишет. Мазардын касиети күчтүү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгомун, персоналдык пенсионермин.