Шаймерден мазары

Кадамжай айылы

Ыйык жердин түрү- тоодогу булак жана карт дарактар

Шаймерден өрөөнү Баткен областында Алай тоо системасында кеңдик багытта бири-бирине жарыш жаткан Коллектор жана Катыраң тоолорунун ортосунда Кадамжай районунун аймагында жайгашкан. Узундугу Эки-даван суусунун башынан Охна суусуна чейин70 км, Кыргызстандын чек арасына чейин90 км. Коллектор тоосу төр жагынан тороп жатат. Шаймердендин баш жагы – Көк-Суу капчыгайында Көл-Кутман көлү бар. Тоо капталдарында арча токою, сейрек жана жапалак арчалар өсөт.

Шаймерден өрөөнүнүн борбор айылы Өзбекстандын Фергана районуна карайт. Шаймерден азиздер кадамы тийген ыйык жер саналат. Бул жерде Азирет Алинин кабыры бар. Дүйнөнүн төрт бурчунан келген мусулмандар сыйынуучу ыйык жай деп саналат. Азирети Алинин өмүр таржымалынан ал кишинин билимдүүлүгү, кайраттуулугу жана кең пейилдиги жөнүндө айтылат. Азирет Али Мухаммед пайгамбарыбыздын күйөө баласы катары бекеринен тандалбагандыгы айдан ачык. Азирети Абу Бакир жана Азирети Умар халифтик кылып турган мезгилдерде Азирети Али диний жана дүйнөлүк маселелерде вазир болуп кызмат кылган. Улуу кишилер дүйнөдөн кайтканда жети табыт жасалган. Табытты көтөргөндө жети жакка карай басып, жети жерге күмбөз тургузулчу экен. Мындай күмбөздөрдүн бири Шаймерден жергесинде жайгашкан. Советтер Союзу мезгилинде бул мазарга көңүл бурулган эмес. Эгемендүүлүктөн кийин Азирети Али күмбөзү кайрадан тургузулган. Күмбөздүн оозунда адам баткыдай тешик бар. Ал тешиктен киргенден кийин күмбөздүн ичи кеңейип барат. Ичине кирген кишилер мазарга сыйынышат. Шаймерден жеринде Чака тамар шыпаа булагы бар. Ар кандай ооруларга даба катары пайдаланылат. Булакка жетүү үчүн атайын жасалган бийик тепкичтерди басып, тоонун башына чыгуу зарыл. Тоонун башында күмбөздөр бар. Ал жерде да куран окуп, зыярат кылынат.

Оозеки тарыхы:

Мадумарова Малахат: Элдик уламыш боюнча Шаймерден (Шахмардан) фарс тилинде Шах-падыша, марогон-жылан деп чечмеленет.

Колуна, денесине ак түшкөн адамды ала ооруусуна чалдыгыптыр деп коюшат. Илгери бир жигит ошондой дартка чалдыгат. Аны эл бизге да жугузат деп, элден бөлүп тоого айдап салышат. Бала тоодо жалгыз жашай баштайт. Тоонун бир четинде булак болот. Бала булактан суу ичкени олтурса, булактын айланасында толтура жылан болот. Алардын ичинен ак жыланга тил бүтөт.

– Коркпо, биз сени айыктырабыз деп, күнү-түнү баланын денесине чоролонуп алат. Убакыт өтүп, баланын тактары жоголуп, акыры элге кошулуптур. Бул жерде жыландар көп болгондугу үчүн жыландар падышасы, Шахмардан деп аталып калыптыр