Чечме-Булак мазары

Кадамжай району

Ыйык жердин түрү – булак

Шайыгы бар – Жолдошов Келдибек

Жолдошов Келдибек: Чечме-Булактын мааниси: бир жагы Кыргызстан, бир жагы Өзбекстан. Так чек арада жайгашкан. Чек аранын чечмеси. Кыргыздар бул жакта болсо, өзбектер тиги жакта. Ортобузда чатак жок, булактын суусун бир ичебиз. Элдер зыяратка келишет. Бул жер – мазар. Булактын башында жайкана, бир түп терек бар. 1967-жылдары Өзбекстандан элдер кирип, дарактарды тигишкен. Мен дарактарга кол менен суу ташып, куюп көгөрттүм. Эми элдер келип, дарактын түбүнө олтуруп, эс алышат. Ислам динин тараткан жети кожонун аттары Кожо-Түш, Кожо-Кор, Кожо-Кайыр ж.б.  Сегизинчиси аял болгон. Бул жерде бир үй-бүлөдөй жашайбыз. Анткени ата-бабабыз бир, жайыбыз бир. Эч убакта уруш болгон эмес. Өткөн жылкы июнь окуясында бизде тынч болду. Быякта эч нерсе болгон жок. Апрель же май айында булактын башында бир койду союп, майрам кылабыз. Кыргыздын элинин кенчи Чечме-Булактын башы деп айтылат. Булактын суусу баш ооруга дары экен. Бирөө келип канистр менен энесинин башы ооруйт деп алып кеткен. Бул мазарга эки эл тең келип сыйынат. Булактын суусу таза, ширин, муздак. Биз Өзбекстанга караганыбыз менен Кыргызстанда жашайбыз. Өмүр бою кыргыздар мененбиз. Суубуз, мааракебиз бир.