Сурма-Таш жайлоосу

Кароол айылы

Ыйык жердин түрү – кайың, бадал

Кадамжай районунун Кароол айылынын үстүндө Сурма-Таш жайлоосу бар. Бул жайлоонун жаратылышы абдан кооз. Исфайрам-Сай жээктеринде кайың, бадалдар өсөт. Кыргыз элинин дары чөбү болгон ысырыктын бою бул жерде бир метрден ашык болот, жыты болсо башкача буркурайт.

Оозеки тарыхы:

Сурма-Таш жайлоосунда түштүктүн тарыхый сырлары катылып жатат. Бул жайлоо аркылуу байыркы заманда Улуу Жибек жолу өткөн. Ал аркылуу эчендеген соода кербендери жүргөн. Орус падышачылыгы тарабынан 1914-1917-жылдары Алай менен Фергана өрөөнүн байланыштыруучу Кароол – Дароот – Коргон жолу салынган. Ал жол австралиялык аскер туткундары тарабынан курулган. Таң калычтуусу жол ашуудабы, же түздүктөбү бирдей аралыкта3 метр 90 см.ден турат. Мындай тактык менен курулган жолдун сапаты адамды таң калтырбай койбойт. Бул жол менен азыр адамдар каттабайт. Улуу Атамекендик согуш жылдары бул жерлерде аябай татаал, оор шартта фронт үчүн вольфрам алынуучу шахта иштеген. Кароол айылынан оң жакты караган жолдо чоң таш турат. Ал ташта австралиялык туткундар тарткан байыркы сүрөттөр жана алардын фамилиялары немис тилинде жазылган.