Кожо-Кайыр мазары

Марказ айылы

Ыйык жердин түрү – таш, бак-дарактар

Шайыгы бар – Камчиева Мопаша, 1946-жылы туулган

Касымов Паязимамат: Марказ айылынан түштүк тарапка карай 10 км. алыстыкта Арпалык тоосунун алдында жайгашкан. Бул экинчи кожонун жери. Мазарда отуз килограммдык таш турат. Зыяратка баргандар ташты көтөрүп туруп, бала тилешет. Ошондой эле он гектардай бак-дарактар бар. Мазарда 150-200 адамга ылайыкташтырылган шарт түзүлгөн. Май айында адамдар батпай калат. Эки жылдан бери шайыгы бар. Шайык болууну айыл аксакалдары чечип турушат. Эл өздөрү кезекке туруп 9-10 жыл шайыктык милдетти аткарышат. Эгерде шайыкты алмаштырууга туура келсе, эл келип чечет. Мазарга барчу жолдорун оңдоо айыл өкмөтүнүн буйругу менен чечилет. Мазар мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Мамлекет шайыктын үйүн салып берген.

Камчиева Мопаша, үч жылдан бери шайык: АРИСтин жардамы менен көпүрө, жол салынды. Мурда кыйын эле, жол салынгандан бери зыяратчылар абдан көбөйүп кетти. Келген адамдар максаттарын айтып, тилек тилешет. Аларды биз күтүп алабыз. Ыраазы болуп кетишет. Кандайдыр бир элге кырсык келгенде, ушул мазарга келишип, башпаанек табышат. Маселен, өткөн жылкы июнь окуясында “сен кыргызсың, сен өзбексиң” дешпей эки эл келип, зыярат кылышып, эки күн түнөгөнү түнөп кетишти. Сел учурунда да ушул жерге келишет. Аткени бул жер – азис жай.

Курбанов Курсан: Ушул жерде мечит болгон экен. Кийин мечитти басмачылар бузуп, анда жашаган атасын, энесин, баласын бычактап кетишкен экен. Мусулманчылыкта өкүл ата болгон экен. Кожо-Кайырдын бир тууганы. Көп жаш балалуулар келип, чачтарын кырктырышат экен. Тилек кылышат. Биз жыт чыгаралы деп келдик. Чоң кызыбыз эки баласы менен келатат. Кызым Россияга кетти эле, 85 жаштагы өзбек аксакал “эски мазардын ордуна келип куран окуш керек” деп айтыптыр. Өзбекстандык карыя экен, ал бул мазарды 40 жыл иштетиптир. Жергиликтүү эл ошонун небересин коюптур. Навес бар.