Калпа-Ата мазары

Рудник- Кан айылы

Ыйык жердин түрү – тоодогу булак жана карт дарактар, таш

Калпа-Ата Кадамжай районуна караштуу Рудник-Кан айылына жакын жердеги Шаматы-Бува жайлоосунда жайгашкан. Шаркыраган суулары, бак-дарактуу жер. Атайын эс алып отурганга сөрүлөр коюлган. Жергиликтүү эл ал жерге зыярат кылганы, эс алганы тез-тез барып турушат. Калпа-Атада бир үй турат. Ал үйгө дааратсыз кирүүгө тыюу салынган. Үйдүн ичинде бир таш сакталат, “ошол ташты көтөрүп, тилегиңди айтсаң тилегиң орундалат” дешет. Балалуу болбогон аялдар ташты курсагына тийгизип сыйынышат. Бул ырым балалуу болуу тилегин берет деген ниетте жүргүзүлөт. Ал жерде таштан соку таш бар. Ал соку таштын ичинен кол салып, тыйын алынса Кудайым бала берет деген ишеним бар.

Оозеки тарыхы:

Бул жерде мындай окуя болгон дешет. Бир киши ушул жерден отун кесип тракторго жүктөйт экен. Ал тракторун айдаганда жүрбөй калат. Караса, жүктөлгөн отундун үстүн жыландар каптап калыптыр. Ал киши отунун таштап качкан экен. Ошол окуядан кийин ыйык жердин эч нерсесине тийишпей калышыптыр.