Дөөт-Пирим (Давуд пирим) мазары

Чаувай айылы

Ыйык жердин түрү – ичи оюлган таш, бешик

Жусупаали кызы Салия: Кадамжай районунун Чаувай айылынын кире беришинде жайгашкан. Жолдун боюнда чоң бир кесилген таш бар. Бул ташка Дөөт-Пиримдин темирди, ташты иштете билгендигинин далили катары кесилген таш деп сыйынышат. Таштын ичи оюк. Таштын ичинде жыгачтан жасалган бешик турат. Адам кирсе болот. Ал жерге бала тилеп, дуба кылышат. Тыйын таштап, сыйынышат. Дөөт-Пирим мазары адамдар сыйынуучу жерге айланган. Айрыкча, адамдар машина сатып алышса же темир менен иштегендер сыйынганы барышат. Сыйынуучулар үчүн эс алуучу сөрүлөр, тамак жасаганга очоктор бар. Давуд-Пиримге атап кан чыгарышат. Ошол жерде курулган мечитке кирип, намаз окулат. Мечитке атаган буюмдар болсо калтырылат.

Касымов Паязимамат: Дөөт-Пирим Кадамжай районундагы Чаувай шаарчасында жайгашкан. Үч-Коргон айылынан12 км. алыстыкта жайгашкан. Техника алганда жакшы минсин деп Алладан сурап кайтышат, темирдин пири Дөөт деп. Чоң таш, боз үйдөй көлөмдө катраң деген өсүмдүк өсүп турат, күмбөз бар. Дөөт-Пиримдин жайы деп жаап койгон. Сай, дарактар өскөн, үйлөр, мечит салынган. Агын суу агып турат. Айылдын так ортосунда, асфальт жолдун боюнда турат. Таштын түбүндө күмбөзү бар.

Оозеки тарыхы:

Санжырада мындай айтылат: Давуд алейхиссалам Муса пайгамбардан кийин «милад» жылынан мурда 1079-жылда төрөлгөн. Давуд алейхиссалам Израилде жашап, ошол жерде 70 жашта кайтыш болгон. Давуддун атасы Иша. Ишадан жети перзент, эң кенже уулу Давуд болгон. Давудка Аллах тараптан «Забур» аттуу китеп берилген. Давуд пайгамбар болуу менен бирге падыша да болгон. Ал өз заманында адамдарды Аллах жолуна үгүттөгөн. Анын үнү өтө жагымдуу, сөзү сылык эле. Темирчилик да кылган. Ал темирди колуна алганда темир камырдай жумшарып, андан Давуд ар кандай нерсени жасай билген. Ошондуктан Давудду «Темирдин пири» деп аташат. Давуддун пайгамбар болгону Курандын бир нече жеринде айтылган. Давуд кайтыш болгон соң пайгамбарлык жана падышалык анын уулу Сулайман (Соломон) алейхиссаламга мурас катары берилген.

Ислам дининде мазарларга сыйынуудан сактанып, бир гана Аллахка сыйынуу керектиги айтылат. Ал эми тоо-таштарга cыйынуу ага чейинки адамдардын тотемдик ишенимдеринин сакталып калганынан болсо керек.