Суу-Башы мазары

Кара-Булак айылы

Ыйык жердин түрү – көлчүк, дарак

Суу-Башынын суусу өтө таза, мөңгүнүн суулары, жер астындагы таштардан фильтрленип чыгат. Диаметри 10-12 метркелген көлдөн 0,8-1 куб/сек суу чыгып турат. Көлдүн боюнда беш адамдын кулачы араң жеткен ыйык дарак бар, анын өмүрүн болжол менен Y кылымга теңешет.

Оозеки тарыхы:

Суу-Башынан мурда өтө чоң 10-15 куб/сек суу чыгып турчу имиш. Көлдүн түштүк тарабы тоо болуп, ал тоонун нар жагында, Сох дарыясынын башталышында Галай-Мамыт деген жер бар. Ал жердеги тоонун боорунда суунун изи бул жерде чон көл болуп турганынан кабар берет. Дөңмөн суусу ошол Галай-Мамыттагы көлгө куюп, көлдүн суусу асканын боорундагы үңкүр аркылуу өтүп, Суу-Башыдан улуу суу болуп чыгып турчу экен. “Кара-Булактын төмөн жагында ошол суудан сал менен (жыгач) менен өтүшчү. Далил катары, азыркы какыраган талаанын сегиз жеринде тегирмендин жайлары болчу” – деп эскеришет аксакалдар.

Эл оозунда дагын бир уламыш айтылат. Галай-Мамыттын жээгинде эс алып олтурган бир байдын таягы көлгө түшүп кетип, бир далай убакыт өтүп, ал таякты Кокондун жанынан өткөн Суу-Башы суусунан таап алышат. Бир жаратылыш кубулушу болуп, жер көчүп, дарактардын тамырлары ошол көлдүн көзүн бекитип калып, көлдүн деңгээли көтөрүлүп, суу жээкти жыра ашып, ал жар төмөндөп, көл дарыянын нугуна айланып калат. Суу-Башы тараптан суунун көлөмү азайып, Баткен аймагы кургакчылыкка дуушар болуп, элдер башка тарапка көчүүгө мажбур болушат. Бул аймакта “мыктын гөрлөрү” деген көрүстөндөр өтө эле көп кезигет. Тарых барактарында ал эл “мухтар” болуп айтылса, айрым серепчилер бул көрүстөндөрдү “байыркы нух, же гун деген элдин жайлары” деп чечмелешет. Ал көрүстөндөрдүн биринен алынган аялдын табыты азыр борборубуз Бишкектин тарых музейинде сакталып турат. Бул жерде абдан көп элдин жашагандыгы, байыркы адамдардын сөөктөрүнүн арбын чыгышы менен далилденет.