Кожешкен жылуу суусу

Кожешкен айылы

Ыйык жердин түрү – булактар

Кожешкен жылуу суусу – булак. Ал теит уруусу жашаган Кожешкен айылында жайгашкан. Булактан аккан суу Кожешкен дарыясына барып кошулат. Бул ыйык жер Хайдаркен поселогунун түштүк-батыш тарабынан чыкканда 15-20 км., ал эми Зардалы айылынын түштүк-чыгыш тарабынан 10-12 км. алыстыкта, бийик тоолордун арасында жайгашкан. Кожешкен өрөөнү тоолор ортосундагы жайык болуп, бул жердеги айыл да, андагы дары булак да “Кожешкен” деп аталат.

Кожешкен жылуу суусу башка жылуу суулардан айырмасы, ал тегиз жерде жайгашып, зыяратчылар үчүн дарыланууга жана эс алууга ыңгайлуу. Бул жердеги жылуу сууга муун, ашказан, астма, жыныстык ж.б. ооруларынан азап чеккендер барып, дарыланып, сакайып кетишет. Жылуу суунун сөөлдү кетирүүгө да кудурети жетет. Кожешкендин салкын абасынын да дарылык касиетинен улам, астма оорусу менен ооругандар сууга түшүп, абасынан дем алып, сакайып кайтышат. Зыяратчылар дарылануу алдында кан чыгарып, куран окуп, дуба кылышат.

Бул аймакка да баруу татаал болгондугунан, “Зарыл ишиң болбосо Зардалыга барбагын, кокус ишиң болбосо Кожешкенге барбагын” деген сөз калган. Кожешкен эли Совет мезгилинде Баткен өңүрүнө көчүрүлүп келип, ал жер ошол элдин жазгы жайлоосу катары пайдаланылып келе жатат. Совет мезгилинде совхоздун малы багылып, техника бара албай, мал жанга туз, тамак-аш тик учар (вертолет) менен жеткирилип турган. Азыркы күндөрү Кожешкенде кышында төрт-беш үй-бүлө калса, жайында жайлоого чыккан элдин эсебинен айыл кадимки жашоо өңүнө келип калат.