Даңгар-Ата, Көтөрөн мазарлары

Кара-Булак айылы

Ыйык жердин түрү – дарактар, көрүстөн

Дангар-Ата – үч адамдын кучагы араң жеткен бийик теректер. Бул жерди ыйык катары эсептешип, жергиликтүү Кара-Булак айылынын эли элдик коргоого алышкан. Мезгилинде анын айланасын көрүстөн катары пайдаланып келишкен. Көп жылдан бери ал жерге маркумдун сөөгү коюлбай калган.

Кара-Булак айылынын күн-батыш тарабында дагы бир Көтөрөн мазары бар. Бул эки мазардын касиеттери окшош болгондуктан, жергиликтүү дарыгер-табыптар дарылоону жасоодо “Көтөрөн мазар – көк азиз, Даңгар-Ата – дак азиз” деген сөздөрүн колдонушат. Табыптар сасык тумоо, тери, жыныс ооруларын ушул мазарларга алып келип, дарылашат. Айрым ынтымагы кетип, турмушу куралбай жаткан үй-бүлөнүн ынтымактуу болуп жашашы үчүн дарыгерлер ушул мазарларга алып келип, жол жобосун кылышат.

Даңгар-Ата мазарына эл жылына жаз алды менен чогулуп, мазардын айланасын тазалап, мал союп, куран-аш өткөрүшөт. Жаратылыш апааттары болбосун, элге тынчтык менен токчулук келсин деп, куран окуп, дуба кылып турушат. Ал жерде сыйынып кетүү үчүн шарт түзүлгөн. Эс алганга, мал сойгонго навес салынган. Очоктор бар.

Оозеки тарыхы:

Даңгар-Ата мазарындагы бийик теректерди 1940-жылы жергиликтүү Назар аттуу бригадир курулуш иштери үчүн ошол теректерди кесүүгө төрт-беш кишини буюрат. Алардан калган “Кеспейин дейм – Назардан корком, кесейин дейм – мазардан корком” деген сөз азыр да айтылып келет. Алар теректин жарымына чейин аралаганда, теректин өзөгүнөн кочкул канга окшогон суюктук чыгып, адамдар кесүүнү токтотушат. Жаман жери – ал жерге барышкан жергиликтүү адамдардын көбү майып болуп калышат. Ошон үчүн ал жердин касиети ушул күнгө чейин толук аныкталып чыга элек деп эсептешет.