Үтүров Самарбек

Кыргыз, Талас районундагы Таш-Арык айылынын Манас күмбөзүндө кароолчу.

Маалымат алган: Жусупова Назира, Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлөмүнүн студенти.

– Кандай  себеп менен Манас күмбөзүнө кароолчу болуп калдыңыз?

– Каныкей апа булагынын шайыгы Эсенгул байке жана  Кеңешбек аксакал аркылуу келгем, ошолор алып келген. Биринчи келгенде жөн эле жумушчу болчумун, анан кароолчу болуп калдым. Кароолчу болгонума 5 жыл болуп калды.

– Кароолчу катары кандай иш-аракет жасайсыз?

– Жумуш кылабыз, тегерек-четин тазалайбыз. Тегеректерин шыпырабыз, алмасы да бар, аларды сугарабыз.

– Ушул кылган ишиңизге айлык аласызбы, ким тарабынан?

– Ооба, өкмөт тарабынан айлык алам. Биздин мазар Бишкекке карайт да. Мен смена менен иштейм, эки күн иштеп, төрт күн бош болом.

Өзүњүздүн үй-бүлөңүздүн бул ишке көз-карашы кандай?

– Бир кыз, бир  балам бар. Жакшы эле карашат.

Манас күмбөзүнө орто эсеп менен алганда бир күндө канча адам келет?

– 200-300 адам келет.