Эшалиев Сагынбек, Боо терек ыйык жери

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Эшалиев Сагынбек, 44 жашта, Бакай-Ата районунун Боо терек айылындагы Боо терек мазарында кароолчу.

Маалымат алган: Дооронбекова Бегай, Талас мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнүн студенти, Айгиненин Таластагы мүчөсү.

– 1962-жылы 18-июнда төрөлгөм. Билимим орто. Кесибим – таксист. Үй-бүлөлүүмүн. 3 баланын атасымын. Боотерек-ата мазарына там кургандыгым үчүн 2005-жылдан баштап ал жерге шайык болуп калгам. 15 жылдан бери кыргызчылыгым бар: мазар кыдырам. Шайык катары мазарга келген элге куран окуйм, мазардын ар жак-бер жагын көрсөтөм, тарыхын айтып берем.

Боотерек жети бир тууган олуя болгон экен. Таластагы мазарлардын эң улуусу. Ыйыктыгы – ооруган адамдарга: жүрөк, көз, ашказан ооруларына жардам берет. Дуба жагынан да жардам алса болот. Келген элдерге сөзсүз намаз окутам, чай берем. Мазардан чыбык сындырганга, арак ичкенге, күлгөнгө болбойт.

Бир кылым мурда Боотерек олуя атанын мүрзөсү мазар болуп калган экен. Ооругандар, чочугандар, куран окуткандар келишет. Кулдук уруп келишет. Көзү ачык кишилер адамдарды көрүшөт, ошол жерден дарылашат. Ырымдардан болсо, зикир чалышат, бийлешет.

Негизинен кыргызчылыгы барлар ак көйнөк кийип келишет.

Мен Боотерекке салган там – Элдики!

– Канча жылдан бери кароолчу болуп келатасыз?

– Он жылдан ашты. Аян берди, ой түштү, анан келинчегиме айттым: «Туура түшүн, Боо-Терекке там салалы»- деп. Анан там сала баштадым. Ичи тарлар чыга баштады, жер беришпейт. Башында эле бул мазарга сыйынып жүрчүмүн. Там салып, эми антип-минтип кароолчу болгонума аз эле болду. Мындагы ар бир булактын ар башка касиети бар: ар бир булак ар башка ооруга дары. Баш оору жана сезгенип калгандарга жакшы эм болот.

– Мазар дегенди кандай түшүнөсүз?

– Мазарды оорумайын түшүнбөйт экенсиң да. Ар жерим ооруп жүрдү. Элди угасың да тигил мазарга барып бул жери жакшы болуптур деп. Менин башым, ашказаным ооруп жүрчү, жанагындай сөздү уккан соң ниет кое баштадым. Мазарга келген соң эс алып, ооруган жерим басылат. Мазарга ден-соолуктун айынан келип турам.

Мазардан сыр көрүндү беле?

– Көрүнөт. Көбүнчө ак киши колунда таягы бар болуп көрүнөт, Манас ата, Калпа атанын арбагы көрүнөт.

Мазарда кандай ырым-жырымдар өткөрүлөт?

– Ар кандай көп ырым-жырымдар өткөрүлөт, өзгөчө 4-күндөрү сыйынгандар келип мал союп куран окуп, жар салышат. Ар ким өз билген ырымын жасайт.

– Үй-бүлөңүз каршы эмеспи?

– Мына, үй-бүлөм. Келинчегим өзүңөр көрүп турасыңар, мени менен кошо келет. Балдарым али жаш. Эч кандай каршы эмес, кайра барып зыярат кыл дешет.

– Бул жакка тамды эмне максатта салып жатасыз?

– Түш көрдүм, аян берди. 3,5 миң сом там үчүн кетти. Эл үчүн салып жаткандан кийин мазар үчүн төлөйбүз. Жардам берген киши жок, Алланын жардамы менен келинчегим экөөбүз салып жатабыз. Курорт ачайын деген ой бар, бирок каражат жок.

– Башка мазарлардан сыр көрдүңүзбү?

– Ооба, бир жолу биз Бостектир атага барганда бир карыя аксакал чал менин артымдан калбай ээрчип алды, мен коркуп жүрө бердим, анан чыдабай жанымдагыларга айтсам, «сен коркпо, ал сенин колдоочуң, андан көрө өзүңдүн тилеген тилегиңди айт, тилеген тилегиң аткарылат» деди, ал сени колдоп жүрөт андан сен эч коркпо деди, мына мен ошондо биринчи жолу көргөн сырым.

Leave a Reply