Турумтаев Батыралы, Калпа Ата ыйык жери

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Турумтаев Батыралы, 67 жашта, Бакай-Ата районундагы Миң булак айылынын Калпа Ата мазарында кароолчу.

Маалымат алган: Жусупова Назира, Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн студенти.

– Мен Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында туулгам. 10-классты аяктагандан кийин 1957-жылы шофердун окуусун бүтүргөм. 1965-жылдан баштап 35 жыл бою ошол эле айылда сугатчы болуп иштегем. 1975-жылы мыкты сугатчылыгым үчүн өкмөт мотоцикл берди. Жакшы иштегеним үчүн «Эмгек даңкы» ордени, «Чабарман» ордендердин ээси болгом. «Эмгектин отличниги» деген мактоо баракчасы менен сыйлангам. Андан тышкары Москвага барып келгем. 1964-жылы үйлөнгөм. 5 кыз, 4 балам бар. Эң улуу баламдын 4 баласы бар, Оренбургда жашайт. 1988-89-жылдардан баштап Калпа ата мазарына шайык болдум. Азыркы убакта пенсиядамын. Жолдошум саанчы, тамекичи болуп иштеген. Азыр ал да пенсияда.

– Кароолчунун кызматына качан келдиңиз? Ага эмне себеп болду?

1989-жылы атам каза болду. Мурда атам тирүү кезинде мазарга сен шайык бол деп элдерди чогултуп бата алган. Мага чейин алты, жети жыл өзү шайык болгон. Мен кичинекей кезимде атам мазарга үй куруп алсам экен дечү эле. Ошентип үйдү атам эл менен чогуу тургузду. Эл жардам берди. Бирок атам молдо деле эмес эле, жөн гана түшүнө аян берсе керек. Чоң энем да бүбү экен. Элдерди көрүп турчу.

– Кароолчу катары эмне милдет аткарасыз?

Отун даярдайм, ичиндеги алмалардын жерин сугарам, тазалайм. Картайган кишилер келсе өзүм булактан суу алып келип, чай кайнатып берем. Мазарды ар кандай малдардан кайтарам, киргизбейм. Атам тирүү кезинде алма отургузуп кетиптир, ошол алмаларды бутайм. Булактын көзүн тазалайм, ичиндеги чөптөрүн чабам. Калпа ата мазарында адырашман деген чөп өсөт, ал чөп негизинен үйдү ысырыктаганга жакшы, көп эл жайында ошол чөптөн чогултуп коюумду суранышат. Ошондуктан чөптү терип, элдер үчүн даярдап коём. Келген элдерди мен дарылабайм, жөн гана мазарды карап турам.

– Өзүңүз караган мазардын ыйыктыгын кандайча түшүндүрөсүз?

– Мен бул мазарды анын тарыхынан улам ыйык деп түшүнөм. Себеби Калпа ата өзү олуя, табып киши болгон. Анын үйүнө 4-күнү короосуна дайыма мал толуп кетчү экен. Бирок ал малдардын бардыгын кедей, бей-бечараларга таратып берип койчу экен. Өзү да жөө жүрчү. Жолдон келе жатканда суудан өтө албай турган адамдарды көргөндө сууну токтотуп, адамдарды өткөзүп турчу экен. Анан элдерге бата берсе ал адам сөзсүз түрдө бай болуп жана көп балалуу болгон. Күндөрдүн биринде Калпа ата жаман кийинип алып бир үйгө кирет. Кирген үйдүн келини начар кийингенин көрүп мурчуят. «Күйөөң гана» деп сурайт Калпа ата. Келин болсо жактырбагандай «Ме, муногу кийимди кийип алчы, күйөөм болсо азыр жок» деп жооп берет. Калпа ата «Кечинде күйөөң келгенде бир думана келди де, келээр замат босогону оңдоп койсун, айтып кой деди де» деп келинге айтат. Келин болсо бектин эрке кызы экен. Ал эми күйөөсү мергенчи экен. Кечинде күйөөсү келер замат болгон окуяны айтып берет. Мергенчи сүйүнүп «Ии, Калпа акем келген турбайбы» деп ошол замат тааныйт. Анан аялын кетирип, башка аял алат. 2-3 жылдан кийин кайра Калпа ата келет. Келсе бир келин тим эле болбойт «Ата кир эле кир, отур эле отур» деп, чай берет. Анан Калпа ата сүйүнүп «Ии, босогону оңдогон турбайбы» дейт. Кечинде күйөөсү келгенде «бир олуя келди сен жөнүндө сурап, мактады» деп айтып берет. Анан мергенчи: «Биз 4-күнү барып батасын алабыз, ага чейин мен кийик, кулжа, суусар атып келейин» – дейт. Ошентип 4-күнү барышат. Барса эл аябай көп экен. Ошого карабастан үйүнө киришет. Анан ыраазычылыктарын билдиришип, баягы кийик, кулжаларын берет. Калпа ата болсо аларды келген бечараларга таратып салат. Анан мергенчиге батасын берет. Мергенчи батасын алгандан кийин 10 балалуу болгон экен. Ал эми Калпа ата болсо күзүндө өзү өлөмүн деп мергенчиге кабар бербей унутуп калат. Анан мергенчи угуп барса Калпа атаны коюп коюптур. Мергенчи болсо чалкасынан кулап, мен жетишпей калган турбаймынбы, тирүү кезимде Калпа акенин ашын өзүм берем дейт. Бирок Калпа атанын балдары болбой урушушуп, «биз тирүү кезибизде сен бермек белең» деп коюшат.

– Өзүңүз караган мазардан кандайдыр бир сырдуу окуяларды байкай алдыңызбы?

– Ооба, байкагам. Былтыр эле эки бала мас болуп алышып, машина менен келишиптир алма жейбиз, суу ичебиз деп. Мен айланайын койгула деп араң чыгардым. Анан мазардан чыгаары менен эле каналга машинасы менен кирип кетишти. Эки бала тең кайып болуп кетти. Андан тышкары менин баламдын жолдош баласы мас болуп, алма жейин деп күнүгө келчү. Анан бир күнү эле балам ошол бала каза болуп кетти деп келди.

– Кароолчу катары кандай эрежелерди сактайсыз?

– Бардык келгендердей куран окуйм, даарат алам, бүбүлөр келсе, аларга кошулам, жарына катышам. Келген элдерге тарыхын айтам. Чай кайнатып берем.

Мазардын тарыхын билесизби?

-Илгерибул жер кытайлардын уста заводу болгон экен. Анткени атам дагы айтып калчу «Ушул жерден ар кандай темирлер чыкчу» деп. Анан кийин калпа ата болсо өлөрүнүн алдында өзү «мени ушул жерге койгула» деп алдын ала айткан экен. Анан элдер ошол жерге коюшкан.

– Сиз караган мазарга эл көбүнчө кандай маселелер менен келишет? Кандай ырым-жырымдар аткарылат?

Көбүнчө башы тегеренгендер, төрөбөгөн аялдар келишет. Төрөбөгөн аялдар төрөп кетишкенин көргөм. Бирок алар төрөгөндөн кийин келбей калышты. Андан кийин тууганым баспай жөрмөлөп калган. Бул мазарда бир жума жүргөндөн кийин басып кетти. Бул мазардын суусунун дарылык касиети күчтүү. Анткени келгендердин көпчүлүгү суусун флягалап алып кетишет. Ооругандар 3-7 күн мазарда болгондон кийин жакшы болуп калып жатышат. Мында шам жагылат, жар салынат, келгендер башаттын (булактын) жанына барып жуунат. Мал союлат.

Leave a Reply