Мамеков Жумадил,Чыпынын мазары

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Мамеков Жумадил, 60 жашта, Талас районунун Ак-Жар айылындагы Чыпынын мазарынын шайыгы.

Маалымат алган:Аида Эгембердиева, филология илимдеринин кандидаты, Айгине борборунун улуу илимий кызматкери.

Буга чейин Чыпынын мазарында Абдыраимов Кашымбек чоң ата шайык болуп келген. Анын көзү өткөндөн кийин Мамеков Жумадил шайыктык милдет аткарып калды.

– Чыпынын мазарын таап, Айгиненин кыздарына биринчи мен ачып бергем. Анан так маалымат алыш үчүн кыздарды ээрчитип алып Кашымбекке барганбыз. Анткени ал киши койчу болуп, көп убакыт ушул жерди жердеген. Ал каза болуп калгандан кийин (эки жыл болду) мен карап калдым. Ырас, ал жер мазар болуп калгандан кийин малга тебелетпей, ар бир эле кыргыз касиеттүү жерин тебелебейт деңизчи, кутун качырбай сактоо биздин парзыбыз. Чыпыдан тукум калган жок. Балалуу болгон эмес. Эми ал жерге көбүнчө төрөй албай жүргөндөр келишет.

Менин жети атам Манас күмбөзүндө шайык болуп келген. Шайыктык менде ошол жактан келатат. Токторбай, Мамек, Саргалдак, анан калса кайын атам менен кайын энем, андан соң мен шайыктык кылып, айтор, менин бүткүл өмүр-тагдырым Манас күмбөзү менен байланышта. Кичинемден ушул жерди байырладым. Бул жердин өзү биздин үлүштөгү жер да.

Дегеле биздин ата-бабалар тегин эмес адамдар болушкан окшобойбу. Анткени Мамек чоң атам – манасчы, анын уулу, менин атамдын бир тууганы Жантакбай атам – комузчу, атамдын Жантакбайдан кийинки да бир бир тууганы – чоң дубана болушкан. Манасчылык өнөр менде да бар болчу. Мен «Манас», «Семетей» айтчумун. Тилим 9 жашымдан араң чыгып, тантык болчумун. Ага болбой эле көкүрөктөгү нерсемди айтып жүрдүм. Анан бир күнү эл көп чогулган бир жерден кимдир бирөө: «Кана, манасчынын уулу, атаңдагы өнөр сенде кантип болбосун, айтып көрчү» деп калды. Мен айтып атам, эл күлүп атат. 12-13 жаштамын. Мен ошол күндөн тартып «Манас» айтканды токтоттум. Элге менин «Манасым» эмей эле, тантык тилим кызык болуп жатканын түшүндүм. 15 жашымдан тилим жакшырды. Бирок болбой эле дудуктар менен жүрө берчүмүн, алардын дүйнө таанымы, түшүнүгү, кабылдоосу – баары мага жакын болчу. Дудуктуктун касиети ушул – алар башкалардын ойлорун өтө жеңил окуп коюшат, жеткен сезимтал болушат. Алар менен ээрчишип жүрүп, бала күнүмдө далай күлкүлүү окуялардын күбөсү болгом. Сыр билгизбей тымпыйып жүрүп, дудуктар тууралу далай сөздөрдү угуп, аларга жаным ачып кеткенде сүйлөп жиберип далай тили бар адамдарды чочутуп, айтор, ал жандоо тили азыр да мага жакын. Ошо бойдон билим ала алган жокмун. Төрт жылдык билим, жеке изденүү, ата-бабамдан берилген айрым касиеттер, үй-бүлөм – мендеги болгон байлык ушул.

Өзүмдүн апам Бермет жаш балдарды эмдечү, суу менен учуктачу. Балка менен, казандын кара көөсү менен жана кемегенин күлү менен эмдечү. Ичти укалап, белди үзүү менен түйнөктү таркатып жиберчү. Ал касиет менде да бар. Өзүмдүн атам Чоңараалы кыл табып болгон. Тамыр кармачу. Учук менен көк жөтөлдү дарылачу. Мен көңүлүм сүйгөн адамдарды, жакындарды кармалап коем. Өтө жакындарга атанын эми тийбейт, эненики тийет. «Эненин сөзү – жок, атанын сөзү – ок» деп коет кыргыз эли. Энелер канча каргабасын баласын, ал нерсе эч тийбейт. Ал эми ата каргабаш керек, андан көрө кол менен уруп койгону жакшы.

– Сиз ата-бабаңызда болгон дубаначылык тууралу айтып жатпайсызбы. Ал нерсе кийинки балдарында жокпу?

– Менин бир балам Чым-Коргондо жатпайбы, быйыл онунчу классты бүтүрмөк. 8 айынан баштап эле талмасы бар. Кармап калат. Апарбаган жерибиз калган жок. Догдурдан тартып, эмчи-домчу, мазарга чейин алып бардык. Болбогондон кийин убактылуу дарылансын деп Чым-Коргонго апарганбыз. Аны дарылаш үчүн кожо-бий деген эң чоң молдо болот. Ошондой молдолордон үчөө окуса айыгып кетет. Андайлар Ташкен, Бухарада гана болот.

– Андай молдолор айыктырып жиберээрине кепилдик барбы? Бар болсо, эмне үчүн балаңызды алып барбайсыз?

-Эми алардын табылышы кыйын. Үч адамдын табылышы чоң нерсе.

– Уулуңуздагы нерсенин себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Жанатан айтып жатпаймынбы, жети атадан бери келаткан нерсе бар. Ал жаш бала болуп, өзүн ача албай жатпайбы. Дегеле биздин тукумдан сөзсүз бирөө ушундай оорулуу болот. Улуудан менин бир эжем ушундай оорукчан болуп, өлүп калган. Талма болуп, көзүнө көрүнүп. Анан ал кайтыш болгондон кийин жеңеме ооду. Жеңем былтыр кайтыш болуп кеткен. Бирок экөөнү убагында Таластагы бир молдо айыктыргандай болду эле. Анан бу балам ушинтип калбадыбы. Бул эми ооп жүрө берет да айланып. Менин баламдын айыгышынын дагы бир жолу – ал Атамкул сыяктуу дубана болуп кетиши керек эле да. Ал болсо «Дубана болгончо өлүп калганым жакшы» деп атпайбы. Акыркы кездери «Же армияга барбасам, же окууга барбасам, же кыздар менен сүйлөшө албасам, меники эмне жашоо» деп жатып басынып кеткен. Ал кадимки адамдык турмушту каалады да. Өзү жеткен акылдуу, баарына эле көзү жеткен, мектепте экенинде жалаң бешке окуган балам бар.

– Сиздин өзүңүзгө кандайдыр бир сырдуу нерселер байкалабы?

– Балам Чым-Коргонго кеткенден кийин таңкы маал, саат үч же төрт болчу. Ойгонуп кетип, эшикке чыгып келип, кайра жатып атсам, эшик «кыйк» деп ачылды. Мени тиктеп турат кичине бала. Мен «Кел, кел айланайын» десем, төрт жаштагы неберем деп атам да, ал апалары менен коңшу бөлмөдө уктачу, тиктеп туруп эшикти «кыйк» эттирип жаап койду. Аялым да чочуп ойгонуп кетти. Анан мен «неберем ачынып жатып калбасын» деп алардын бөлмөсүнө кирсем, эки неберем тең жакшынакай уктап жатат. Ошондо түшүндүм. Көрсө, уулумдун жини келип, аны таппай карап жүрүптүр да үйдүн ичинде. Келме келтирип, «Алла, Алла» деп жатсам, кемпирим «Эмне, дубана болуп атасыңбы?» – дейт. «Жок жөн эле, өзүмчө» – деп сыр билдирген жокмун. «Жаман түш көрдүм» – деп койдум аны коркпосун деп. Эртеси айтсам, «А Нурланды издеп жүргөн турбайбы» – дейт ал дагы. Уулум көзүнө айнектен бир нерселер көрүнө берээрин айтчу. Бу бала үйлөнсө, балалуу болуп кетсе, калып кетээр оорусу. Догдурлар айтат дайыма таблетка ичип калат деп. Анысына деле мейли эле.

Дегеле өзүмдүн билимим болбосо деле балдарымды билимдүү кылганга аракет кылам. Үйдөн бир теманы баштап коем, алар талкуулап, талашып-тартышып отуруп калышат. Китепти көп окушсун деп кызыктырганга аракеттенчүмүн.

Кайрадан дубаначылыкка келсек, 1991-жылга чейин дубаналар жок болуп кеткен. Чанда-чанда калган. Саясат ошондой эмес беле. Дегеле Талас өрөөнүндө Агыбай, Курманаалы, Бала дубана дегенди жана Энгельс айылындагы Акбүбү апаны чыныгы дубана болгон дешке болот. 1991-жылы эркиндик берилди, а жылы дубана көп байкалган жок. Бүбү-бакшымын дегендер жайнап кетти. Акча-тыйынга кызыккандар көпкө узабасын айттым эле, дал ошондой болду. Кимдин ким экенин эл түшүнүп калды да.

– Сизге аян берилген жок беле, эгер дубаначылык берилсе, сиз аткарат белеңиз?

– Аткарбасаң өлөсүң, бул оңой эмес да. Өзүнө дубаначылык тартууланган адам же дубана болушу керек, же өлүшү керек. Арак ичкен адам аракеч болуп калат, эртең менен ичпесе, жинди болуп калат. Карыздайбы, жалдырайбы, айтор, ичиши керек. Анан көңүлү жай болуп жүрө берет. Дубаначылыкты да ошондой түшүн. Ал «Алла» айтпаса, ооруп, жинди болуп кетиши мүмкүн. Дайыма эл арасында ак уруп жүрүшү керек.

Анын айтканын эл кабылдайбы, кабылдабайбы, ага баары бирби?

– Албетте, баары бир. Айткандан кийин өзү жеңилдеп, өзүнө келип калат. Ага жан дүйнөсүнүн бейпилдиги керек.

– Сиздин ата-бабаларыңыздын айткан дубаналык текстери барбы?

– Бар. Мен деле айрымдарын жатка билем:

Үйүм, үйүм дейсиң,

Үйүңдүн канын жейсиң.

Үйүм, үйүм дегениң

Үйүң токой жыгачы.

Малым, малым дейсиң,

Малың токой чымчыгы.

Бу дүйнөдөн ким калат?

Алла деген ак уруп,

Туура жүргөн жан калат.

Алла ах (3 жолу)

Аллах үй (3 жолу).

Дубананын таягы болот деп айтасыз го. Атамкул атага деле андай таяк берилген турбайбы анда. Ал эми сиздердин ата-балардын таягы азыр кимде турат?

– Азыр жок. Бизде калбай калды. Атүгүл Жантакбай чоң атамдын комузун жоготуп албадымбы. 1953-жылы Жантакбай чоң атамдын кемпири каза болду. Анан комуз алтымышынчы жылдары эле жоголуп кетти үйдөн. Таякты болсо 1942-жылы күмбөздө шайык болуп жүргөн атам Саргалдак дубаначылык кылып ак уруп жүрсө, Кировкадан военкомат кармап туруп согушка айдаптыр. Анан таяктын тагдырын ким билет. Алар кастарлады дейсиңби, ыргытып жиберишти да.

Атабыз Чоңараалы балдарына: «Ичкиликти токтотпосоңор жинди болуп каласыңар. Биздин тукумга ичкилик жарашпайт» деп какшачу. Ичкенди мен 43 жашымда, агам 45 жашында токтотту.

Менде дайыма үч киши, үч ой жашайт. Кыялымда бирде министр, бирде шпион, бирде жөнөкөй адам болуп калам.

Leave a Reply