Кудакеев Жеңиш, Нылды-Ата ыйык жери

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Кудакеев Жеңиш

60 жашта, Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын Нылды ата мазарынын шайыгы

Кызы Аида Кудакееванын маалыматы

– Атам Кудакеев Жеңиш 1946-жылы 16-мартта туулган. Өспүрүм кезинде (14-15 жашында) Нылды ата ак сакалчан карыя болуп түшүнө көп кирчү экен. Кийин 1964-65-жылдары түшүнө 2-3 жолу аян берип, Нылды ата мазарындагы Көз булактын көзүн тазалап ачкан. 1972-жылы апам Кожокеева Рапияга үйлөнгөн. Апам экөө 7 балалуу болушкан: 4 кыз, 3 эркек бала. Кийин 1988-жылдан бери намаз окуп, мазарга үзбөй зыярат кылып калды. Атамдын апасы Темир апам да жашынан ак жолго түшүп, бүбү болгон. Чоң апабыз Темир союз убагында көп куугунтукка туш болсо да эл көрүп, бала кармап, эмдөөсүн таштаган эмес. Чоң апамдын биз көбүнчө ак кийинип алып Нылды ата мазарынан элдин бак-таалайын, тынчтыгын, амандыгын тилеп боздоп ыйлап келе жаткандыгын көп көрчүбүз. Чоң апам 1987-88-жылдары инсульттан майып болуп калган. 1997-жылдары кайтыш болду. 1993-жылы апам Рапия да операция болуп, бирок жакшы боло албай көзү өтүп кеткен. Ошентип жарым жан кемпирди, 6 баланы багып атам калды.

Чоң апам Темирдин апасы Жаркын да ак жолдогу бүбү болгон экен. Ал куучу (жиндер менен алышчу адам) болгон, аялдарды төрөткөн (бизче акушер-гинеколог), бала эмдеген, дем салган. Элдин айтымында операция менен төрөй турган аялдарды да төрөткөн учурлары болгон экен. Аны эл Багымкүл дешчү экен. Себеби ооруну, башка нерсени да багындырчу да. Ошондуктан Багымкүл аталып кетиптир. Анын кайын атасы Дарке деген да чоң бакшы болуптур.

Жеңиш Кудакеев менен маек:

–   Канча жылдан бери бул кызматты аткарасыз?

–   1988-жылдан бери.

–   Элдер сиздин кесибиңизди эмне деп атайт?

–   Кээ бири кароолчу, кээси шайык, чыракчы деп атай беришет.

–   Сиз өз кесибиңизди эмне деп атайсыз?

–   Мен өзүмдү кароолчу деп эсептебейм, мен мазарга барып зыярат кылып жүргөн эле пендемин. Мен жөн гана ошол жакка барып, ал жакка көз салып, келген адамдарга куран түшүрүп, зикир чалып турам.

–   Сиз кантип бул кызматка келип калдыңыз?

–   Он сегиз жашымда кой кайтарып жүрсөм, бир ак кийимчен адам жолугуп, куран китеп берди. Бирок мен аны албай койгом. Ошондон бери эле мага түш аян кире баштады. 1988-жылы түшүмө ушул Эчкили-Тоо кирди. Эртеси түшүмдөгү боюнча ал тоолорду кыдырып жүрүп, таштын үстүнө чөп өсүп калганын көрдүм. Кайра эртеси кетмен-күрөк алып келип, ал чөптү тазалап койсом, булак агып чыкты. Мына ошондон бери ал булакка барып куран окуп, келген элдерге айтып берип атып, өзүм да бат-баттан барып калдым.

–   Бир күндүк жумуш күнүңүздү сүрөттөп бериңизчи.

–   Эртең менен саат сегиздерде турам, тогуздарда мазарга кетем. Ал жерден келгендерге куран түшүрөм, зикир чалам, кайра кечинде үйгө келем. Үйгө да адамдар дем салдырганы келишет. Ошентип 12лерде жатам. Кайра түнкү 2.00де туруп, 6.00 га чейин транска отурам. Мындан тышкары 5 маал намаз окуйм.

–   Жылдын, айдын, жуманын, күндүн кайсы мезгилдеринде элдер көп келишет?

–   Жазында эгинибиз көп болсун деп түлөө өткөрүп келишет, кайра күзүндө рахмат айтканы келишет. Жуманын бейшемби күнү көп келишет.

–   Элдин мазарга көп же аз келиши эмнеге байланыштуу?

–   Көбүнчө аба-ырайына байланыштуу болот. Анткени мазар тоонун арасында да.

–   Сизге ким жардам берет?

–   Кайрат деген, шакиртим деп койсом болот, ошол жакшы жардам берет. Эми көбүнчө материалдык жактан жакшы жардам берет. Мисалы, тоого чыкканга жакшы деп спорттук бут кийим, сумка алып берип турат. Мазардан кийчү аппак кийимдерди да ошол алып берет. Жакында бир долбоор жазып, мазардын тегерек-чекесин корутуп берем деп жатат.

–   Мазардын ыйыктыгын кантип түшүндүрөсүз?

–   Мазар айылдан кандай алыс экенин, кандай жолду басып бараарын көрдүңөр. Мына мен күндө ошончо жолду басып, бирок такыр чарчабайм. Жана мазарга башка киши кандай кыйналып барса да, ал жакка жеткенден кийин бир паста эле унутуп калат. Бир жолу бир кемпир буту ооруп араң жетти эле, кайра кайтып келе жатканда жөн эле чуркап келди. Мурун көп басканда эртеси буту ооруп тура албай калчу экен. А анда болсо мазарга барган күндүн эртеси секирип эле туруп кетиптир.

–   Мазарга көбүнчө кандай кишилер келишет?

–   Мазарга көбүнчө ооругандар, түшүнө аян бергендер, көзү ачыктар барышат. Ата-бабаларга куран окутуп, түлөө өткөрүп, жөн деле адамдар барышат.

–   Өзүңүз мазарга сыйынасызбы?

–   Жок, бир гана кудайга сыйынам. Мазарга болсо зыярат кылам: ата-бабаларга куран окуйм, мазардын суусуна жуунам.

–   Мындан башка кайсы мазарларга баргансыз?

–   Мындан башка мазарга барган эмесмин.

–   Мазарда эмне ырымдарды аткарасыз?

–   Зикир чалам, рух тазалайм, куран окуйм

–   Мазар жеке турмушуңузга оң же терс таасирин тийгизгенин байкадыңызбы?

–   Кудайга шүгүр, жалаң оң таасирин гана тийгизет. Мурун мазарга барбай жүргөн кезимде турмушум аябай оорлоп кетти: аялым өлдү, жумушсуз калдым. Мазарга бара баштагандан кийин кандайдыр бир жеңилдикти сезе баштадым. Азыр балдарымдын, өзүмдүн курсагым ток, денибиз сак, андан башканын кереги жок. Кудайдан байлык сурабаш керек, ал кечирилгис күнөө болот.

–   Мечитке барасызбы?

–   Жок барбайм, анткени ал мазардай таза жер эмес. Ал жакка арак ичип алып баргандарды көп көрдүм. Мечитке көп адамдар жөн гана сыйынганы, намазга жыгылганы барышат. Ал эми мазарга болсо жакшылык тилеп, оорумдан айыгайын деп барышат. Мазардагылар намазды жүрөгүнөн чыгарып окуйт, мечиттегилер болсо жүрөгүнөн чыгарып окушпайт.

–     Үй-бүлөңүз, бала-чакаңыз мазарга кандай карашат?

–   Алар мазарга көп деле барышпайт, бирок мага эч кандай терс көз карашта эмес.

–   Мазарга келген эл туура эмес иштерди аткарганын байкадыңызбы?

–   Бир жолу бир Жаңылкан деген аял булактагы сууга колун салып жиберип эле чалкасынан кетти, эмне болду десек, ток урду дейт. Көрсө ал мазарларга ишенбеген, терс энергиясы бар аял экен. Негизинен мазарга барганда чын дилден ишенип барыш керек. Дагы кээ бир элдер арак ичип алып барышат, бул дагы туура эмес.

–   Мазардын тарыхынан эмнелерди билесиз?

–   Нылды-Атанын тарыхынан көп деле эч нерсе билбейм. Бирок бир жолу мен транста олтурганда, Нылды бул б.з.ч. 33 кылым мурда жашаган пайгамбар дегендей кабар түшкөн. Бул мазар ошол пайгамбардан калса керек.

Leave a Reply