Ибраимова Алтын, Зулпукор ыйык жери

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Ибраимова Алтын

71 жашта, Талас районундагы Арал айылынын Зулпукор мазарында кароолчу

Канча жылдан бери бул жерде турасыз?

8 жылдан бери.

Бул жерге, так көрүстөндүн жанына кандайча келип калдыңыз?

Эл көп барчу экен. Өздөрү төшөк-мөшөк алып барышчу экен. Бир молдо 4-күнү гана барып тур деп мага айткан. Казан-аягын жыйнап, көңүл буруп кел деген. Өзүм эле бассам-турсам мазар оюмдан кетпей, көзүм өтөт. Бир күнү эле өйдө кетип бара жатсам, бутум жылбай койду. Көпүрөдөн кайрылганда эле бутум шыр чуркап кетти. Барсам эки бөлмөлүү там экен. Эки кемпир куран окуп жаткан экен. Бирөөсү ачкычты мага берди эле мен албай койдум.

Эгер мен турсам кандай болот дедим. Бир төшөктү күүп жатсам, молдоке атын чаап келип калды. «Чай кой, бүбү келет» – деди. Эки чайнек чай койдум. Коркуп айта албайм. «Ии байкуш, чайың барбы?» – деди. Чай ичип отуруп: «Сен жакшы жүр, жакшы тур, эмнеге ыйладың? Алла айдап келди, өзүң учуп келдиң» -деди. Ал күнү түнөдүк.

Кыздарым эмнеге барасың деп ыйлады. «Эми мен намаз окуйм, үйрөнөм» – дедим. Кыздар макул болгон жок. Анан баламдын баласын алып кетип калдым. Неберем 3-класста болчу. «Кемпир отурганга болбойт» – деп айтышты. Мен болбой эле «Зулпукор коргойт» деп тура бердим. Балдарыма, кыздарыма келбегиле, эч нерсе айтпагыла дейм. Анан балама келинчек алып берип койдум.

Жаным жер таппай калганда, Алла айдап келди бул жерге. Корккон жокмун. Отурдум, анча-мынча тиги-булар болот экен.

– Бул жерде күнүңүз кандай өтөт?

– Саат 5, 6 да турам. Түшкө чейин уй саай мал карайм, сотукка барып, чөп-чарын теришем. Сыйынганы келгендерге төшөк, суу алып барып берем. Чай кайнатып берем. Конгону конот.

Элдин мамилеси кандай?

Эл келет. Кээ бири дити менен келбей эле, бир баласы менен эмне кылып отурат экен, көрөлү деп сынап келишет. «Бул жерде эмне бар» дешет. Кудайдын берген насибин жеп отурам. Мени жаман көрсөңөр көргүлө дейм. Силер келбей калган учурда да куран окуйм, арбак ыраазы болот. Нан алып келсеңер, ооба, мен жеп жатам, бирок арбактарга сообу тиет да. Алар эшикке чыкканда мен сезем. «Ии булар билиппи, же билбей айтып жатабы» дешет. Кийин келгенде айтам. 4 эшикке барып куран окуйбуз. Пейли менен келбегендерди түш, аян аркылуу сезем.

Эл көп каттайбы? Кандай себептер менен келишет?

– Көп, алыскы жерлерден 4-күнү келишет, түнөшөт. Күнүнө 4, 5, 6 дан киши зыярат кылып кетишет, куран окушат, жалынышат.

4-күнү келгендер өздөрүнүн кемчилигин айтып жар салышат. Бүбүлөр өздөрү ээрчитип келгендердин ооруларын, тилектерин айтып, элге ырыс, ыйман тилеп кетишет. Намаз, куран окулат, кезегинде мал да союлат.Ден-соолук, ыйман, бала-чакасынын аман болушун сурашат. Кан басымы жогорулагандар, көзү көрбөгөндөр, төрөбөгөндөр келет. Жолукпай кеткендери да бар. Мен үйүмө эмне кирип кетпейт деп нааразы болуп калам. Бул жерде милдетим бар. Алар Кудай деп тиленип келгенден кийин арбактар карап турат да, чай берсем, ошолорго бергендей болом. Мен күндөп-түндөп ошолор менен чогуу жүрүп жаткан соң, милдеттүүмүн да.

– Сизге ошолордон бирөөлөр таасир этиштиби?

– Токтош апа көп акыл айтты. Мен эч нерсе билбей жаңы барганда таасир берди. «Таза тур, мындай кылсаң туура жолго түшөсүң» – дечү.

Leave a Reply