Жакыпов Кадырбек, Манжылы-Ата ыйык жери

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Жакыпов Кадырбек,
1961-жылы туулган, Тоң районундагы Тоң айылындагы Манжылы-Ата мазарлар комплексинин шайыгы

Кыргызчылыкты 1986-жылдан баштап кармап, 1990-жылы сыноодон Норбеков башкарган курортологиядан өтүп, 8 ай Бишкек шаарындагы «Бейиш» элдик медицина борборунда иштегем. Андан кийин бизди илим изилдөө институтунда 6 ай окутуп, «байланышсыз энергетика» деген нерсе жазылган, ректордун мөөрү басылган, 152-би же 154-бү сан менен сертификат, кызыл диплом берген. Ал убакта динге эч ким ишенчү эмес. Анан мен 1992-жылдан 1996-жылга чейин элдин сунушу менен Покровкада райондук ооруканада иштеп, 96-жылдан 98-жылга чейин «Илбирс» фабрикасынан атайын өзүнчө бөлмө алып, киши көрүп иштедим. Бүт эле оорулуулар келчү. 100 пайыз эл айыкчу эмес, бирок шыпаасы тийген оорулар болот: экзема, баш, нерв, ашказан, боор, муун оорулары, кулактан ириң чыккан, көз, сөз тийгендер. Көбү түшүнбөйт: каргыш, көз, сөз, дуба деген нерселер бар. Булар илимдин жолунда да, Куранда да айтылат. Адам ошондон сактаныш керек.

Москвада, Алматыда ДЕИР мектептери (Школа Дальнейшего Энерго Информационного Развития) ачылган. Санкт-Петербургдан, башка жактан келип окутуп жатышат. Ошондон да окудум, бирок дипломун алган эмесмин. Ал мектептерде 7 чакраны кандай ачыш керек, адамдардын аурасын тартып алуу, кандай сактаныш керек жөнүндө билим берет.

«Баш тилесең, Манжылы-Атага бар», – дейт. Биздин кыргыз элибиз Алтайда турган учурда, Ала-Тоодо кара калмактар бийлик жүргүзгөн. Биздин атабыз Жакып хан бала тиленгенде, ага аян берилген. Бир жагы көл, бир жагы тоо жер көрүнүп, ошол жерден ага жолборс берген. Ошондо эртең менен бакшыдан сураганда, ал айткан экен: «Ээ, Жакып, Кудай сага бала бериптир. Ала-Тоодо Манжылы деген жер бар. Эми ошол жерге зыярат кылыш керек», – дейт. Жакып хан өтө сараң, малга кароо киши болгон. Ошондо Бакай менен Чыйырды Алтайдан ушул Манжылыга келип, зыярат кылышкан экен. Манасчы Мамбет Чокморовдун вариантында ушундай айтылат. Эми Саякбай менен Мамбет Чокморовдун варианты өз-өзүнчө, бирок ортосунда окшоштук бар. Экөөндө тең Жакыпка аян берилгендиги айтылат.

Мамбет Чокморов төрөлүп, 8 жашында Манжылы-Атанын башындагы Тастар-Ата деген жерде мал жайып отуруп, уктап калса, Манас ата түшүнө кирип, «21 жашыңда «Манас» айтасың», – деп төшүнө мөөр басып кеткен. Мамбет атабыз 3-4 күн жоголуп, табылып, кайра рухтардын күчү менен жоголуп кетип жүргөндө, эли-журту: «Эми Мамбет элге угузуп, Манас атанын окуясын айтсын», – дешет. Бир туугандары мал союп, 20 жашында түлөө өткөрүшөт. Ошондон баштап, ал «Манас», «Семетей» айтып калат. Элге атагы чыга баштаганда, Фрунзеге алып келишет. Ошондо Саякбай Каралаев: «Бу Мамбет Чокморов менден даана айтат экен», – дептир. Анан Мамбет атабыз: «Кой, Фрунзең деле болбогон, ыплас жер экен», – деп, кайра Көлгө кетет. Анткени, ал такыр ичкилик ичкен эмес да, беш маал намаз окуган. Тоңго келип, элди Манжылыга алып барып зыярат кылдырып, түнкүсүн элге көрсөтпөй, намаз окуттуруп, кийин, 1876-77-жылдарда каза болот. Ошондо эле жанагы Мырзалы абышка жана башкалар Манжылыга келип, элди зыярат кылдырып, намазга жыгып турушкан.

Ошентип, илгеркилердин «Баш тилесең, Манжылыга бар» дегени бекер эмес. Нарындын Жаңы-Талап деген айылынан өткөндө бир апа келди. 27 жашына чейин балалуу болбой жүрүп, Манжылыга келип, балалуу болгонун айтат. Балдарынын алды азыр кырк беште экен. Лейлектен, Сузактан келишет. Өкмөттөн корксо дагы, түнкүсүн келип, баш сурашкан. Райкомдун секретарлары элге мазарга барбагыла деп коюп, өздөрү түндөп келишкен. Мына, касиеттин өзү. Илгеркилер: «Мазардын ээси – Ак-Тайлак», – деп айтышчу эле.

Манжылы деген 7 тамга. Манжылыда 7 мазар – 7 булак бар. Кудайдын шыпаасына жараша элдин ар башка мазарлардан ар кандай шыпаа көрүп жатканы бекеринен эмес. Булактын суулары бири-биринен даамы менен өзгөчөлөнөт. Бири күкүрттүү, бири саздак сыяктуу. Кээ бир булактарды тазалаганда, ичинен баткактар чыгат. Көл менен Манжылынын ортосу – 500 метр. Эми ал жерде ак тайлактын боздогону, баланын ыйлаган үнү, ак коендун чуркап жүргөндөрү угулат. Ар бир мазардын өзүнүн касиеттик деңгээлдери бар. Биринчи, кире бериштеги мазарды Манжылы-Атанын мазары деп коебуз, ал булак абдан күкүрттүү. Тери ооруларына жакшы. Ошонун ичинде үстү жалтылдап турган, чоңдугу чакадай болгон бака бар. Ал бардык эле адамдарга көрүнө бербейт. Таза адамдарга, ниети жакшы пенделерге көрүнөт.

Эми азыр Манжылыга азиздер келет, короого чейин. Ак чачып коебуз. Жакшынакай мамиле кылыш керек. Эки нерсе бирге жүрөт деген сөз бар. Мүрзөлөрдө, кабырларда периште да, шайтан да жүрөт. Кээ бир кишилер шайтанга илинип алышы да мүмкүн. Кабырларды өтө тебелей бербе, сакта дейт, алардын жанына даарат-кусулуң менен барыш керек. Эгерде какырынып-түкүрүнсөң, ошол кабырда жаткандар: «Эй, пенде, менде тил жок. Тил болсо, өлбөй койбойт белем. Бул жалган дүйнөнүн пенделери, менин үстүмө какырынып жатасың», – деп таарыныч кылат экен. Бул каргыш менен барабар. Эркек бала болсо 12 жаштан, кыз бала болсо 9 жаштан, балакатка жеткенде, таза барса болот. Бирок, жаш балдарды алып барганга болбойт. Бир оору менен эле барбаса, андай жерлерди тебелегени кыйын нерсе. Биз адамдарды ушундай нерселерден сакташыбыз керек.

Элдин жүгүн алыш кыйын нерсе. Шайык дегендин милдети: келген адамдардын бардыгын бул жерге туура зыярат кылдыруу; тепселете бербей, аларга туура түшүндүрүп берүү; булак суусунун тутумунун адамдардын ден соолугуна тиешелүүлүгүн билип, келген адамдарга куран, намаз үйрөтүү, кыргыз элинин таза эл экенин туура түшүндүрүп берүү.

Манжылыга келгени жаман болгон жокмун. Эки уулдуу болдум, ага чейин үч балам бар болчу. 2003-жылы төрөлгөн баламдын атын куттуу жерге келдим деп, Кутман койдум. 2006-жылы диндин жолунда жүрөм деп, кийинки уулумдун атын Ислам койдум. Ошол жерден республикага эле эмес, бүтүн дүйнө жүзүнө атым, даңкым кетти дегендей, жакшы эле болдум. Райондун акимдери көп жерлерге ушул Манжылынын атын кетирип, эки жактан келгендерди Манжылыга багыттап, мазар даңкы кеңири тарады.

2001-жылы мен жаңы келгенде, Тоң районунан айрым адамдар Манжылы дегенди уккан, бирок барган эмес. Эл анча жакшы билчү эмес. Анан адам башына кыйынчылык түшкөндө эле, бардыгын таанып баштайт турбайбы. Башыбызга иш түшпөсө, кудайды деле унутуп калып жатпайбызбы. Адамдар барып, үйлөр салынып, электр жарыгы кирип, мечит салынып, жылдан жылга, күндөн күнгө элдин келиши көбөйө баштады.

Эми бул жерде деле көрө албастыктар болбой койбойт. Анткени ар кандай көзү ачыктардын, молдолордун же жөн адамдардын ойлору бар. Мындай жерге ар бир эле адам келип, иштей бере албайт. Ал адамды мазардын ээлери кабыл алыш керек. Мага жардамчы болуп келген адамдар болгон. Чыдаганы бир жыл, чыдабаганы жарым жыл иштеп кетишет. Азыркы убакытта элдин келими, салымы көбөйүп, үй-жайлардын салынышы көбөйүп, шаар сыяктуу боло баштаган сайын, биз жардамчыларды, кароолчуларды алып, ошол жерди өндүрүп, өстүрүп, элдин өз пейили менен келген каражаттарын кайра элге иштетүүгө аракет кылабыз.

Намаз окуп, куран окуп, ислам динин да кармап, экинчи жагынан кыргызчылык кылып, дарыгерчиликти, табыпкерликти кармап келе жатам. Кээ бир адамдар бар, түшүнбөй, чегинен чыкса, түшүндүргөнгө аракет кылам. Молдолордун арасында: «Эл келип, тоого, ташка сыйынып жатат», – дегендер болбой койбойт. Эл суу, ташка сыйынган жок. Эл бир гана кудайга сыйынып келип жатат. Кудайга сыйынганда, ошол бейитте жаткан арбак, маркумдарды сыйлап келип жатат. Өткөн-кеткен маркумдарды сыйлап, бейит башында куран окуу парз экендиги жөнүндө Куранда да жазылуу. «Эгерде жаратылыштын, жердин, он сегиз миң ааламдын кайсы бир жерлеринде булак чыкса, булактын көзүн ач», – деген жери бар. Ошол жерде сүрөөнү окуп, курмандык чал деген нерсе Куранда да бар. Ушул нерсени эске алып, эки жакты ынтымакка алып келсек, эл бардык нерсени түшүнөт.

Мазарларда салынган имарат мечит эмес – бул намазкана. Кабырлардын жанында мечит болбойт. Муну муфтият, казыяттан дагы илимдүүлөрү гана түшүнөт. Биз ошол элди ошол намазканада намаз окууга мүмкүндүк түзөбүз. Бул жагынан биз муфтиятка, казыятка баш ийбей койсок болот. Биз өкмөттүн деңгээлинде, элдин деңгээлинде гана болушубуз керек. Казыятка кимдер баш ийет? Айыл-айылдардагы жергиликтүү имамдар. Мен 2003-жылдан баштап, 7 жылда казыяттан, муфтияттан сыноолордон, текшерүүдөн өтүп, Балыкчыдан 2003-жылы 10-сентябрда Манжылы-Атанын имамы деген 134-күбөлүк алгам.

Маданият менен ыйык жердин байланышы өтө чоң. Жер менен адамдын адеби, маданияты бирдей болуш керек. Өзүбүздү таза кармасак, жерди да ошондой таза кармашыбыз керек. Бир да тамчы сууну текке кетирбей, жакшы урунсак, жакшы ийгиликтерге жетишебиз. Кыргыздын каада-салты бар, биз эң жакшы эл болгонбуз. Келе жаткан адамдарды даам менен тосуп алуу, сыйлоо. Азыр бизде башкача болуп жатат. Биз азыркы жашообузда бири-бирибизди сыйлап, бөлүнбөшүбүз керек. Манас атабыз элди, журтту бириктирген. Ошондон анан ушундай керемет жерде жашап калганбыз.

Мен Манжылы-Атанын ыйыктыгын бала чактан эле угуп, ишеним пайда болгон. Аян аркылуу түшкө көп кирген. Төрт жашымдан баштап, мени көп аруу кармачу. Башым ооруп, көпчүлүктү жактырбай, табыптарга көп бардым. Апамдын кыргызчылыгы бар болчу. Келиндерин карап, «бул келин уул төрөйт», «бул кыз төрөйт», «бул келинден үмүт бар», «бул келин анча эмес», – деп койчу. Адамдарды баалай билчү. Менин апам эркек кишидей болгон, бетке сүйлөп, түз жүргөн каардуу, кыйын киши болгон.

Элдин мазарга арбын келип-кетишинин пайдасы көп. Анткени жанагыдай ыйык жерлерди катып жатпастан, аларды биз кенен, дүйнөлүк деңгээлге чыгарышыбыз керек. Анан мындай жерлерге өкмөттүкпү, же өкмөттүк эмеспи, уюмдардын жардам бериши – чоң салым. Кеп ошол келген элдерге шайыктар, кароолчулар зыяраттын туура шартын түшүндүрүп, ал адамдар тарабынан ыйык жерге сый болуп турса жакшы. Кандай гана жер болбосун, ал жерге жакшы мамиле болбосо, куту качат. Үйүбүз да ыйык. Мына, жашаган үйүбүздү да, иштеген мекемебиздеги жайды дагы сыйлашыбыз керек. Жерибизди даңазалоо – ар бир инсандын милдети.

Leave a Reply