Байызбеков Ооган, Кайнар-Булак ыйык жери

This post is also available in: Англисче

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Байызбеков Ооган

59 жашта, Кара-Буура районундагы Жоон-Төбө айылынын Кайнар булак (Сапархан атанын кайнар булагы) мазарыныны шайыгы

Мен 1947-жылы 2-мартта Чаткалдын Молотов деген жеринде туулгам. Атам 1942-жылы башка жакка оогон кыргыздар менен кошо Чаткалга ооп барган экен. Кайра аман-эсен өз элибизге өлбөй-житпей жетели деп ырымдап, менин атымды Ооган деп коюшкан экен. Чаткалдан Таластын Чолпонбай деген айылына 1952-жылы көчүп келдик. 1969-жылы армиядан келгенден кийин Жоон-төбөгө, башкача айтканда азыркы Молдо Асан айылына көчүп келдик. Жоон төбө мурда союз учурунда госплем завод болчу. Бул жерде келгенден баштап эле тракторист болуп иштедим. 2005-жылдан баштап жеке ишкерге айландык, жер иштеттим. 1997-1999-жылдары айылдын сопусу болуп иштегем.

Кичине кезимден, 12-13 жашымдан баштап эле көз үйлөчү элем, ал убакта жакшы деле билбейм, бирок үйлөгөн көзүм жакшы болуп калаар эле да. Андан кийин 45 жашымдан баштап намаз окуй баштадым, дем салганды ошондон баштадым. 1992-жылы Нураалы (экстрасенс) менен жүрүп массаж жасаганды, денедеги чекиттерди сезип-тапканга үйрөндүм. Ошондон баштап Алланын деми менен келген элге массаж жасайм. Мурда эл көрчүмүн, бирок аз көрчүмүн, ал эми Нураалы Базарбаев келип кеткенден кийин, элдерди көбүрөөк карай баштадым, учурда бала-чакага, кары-картаңдарга дем салам, көз үйлөйм, массаж жасайм. Чөп дары жасайм, дары чөптөрдү тоо-таштан, талаадан өзүм терип келем. Мына бу гүлгаакы деген чөп, ашказанга, ички органдарга өтө жакшы. Добулга деген чөп да абдан жакшы. Адырашман болсо гриппке жакшы. Бул чөптөрдү чогултуп, көлөкө жерге кургатып койсоңуз, кийин алып колдоно бергенге жакшы. Дагы адырашман үйдөгү жаман-жуман микробдордун баарын өлтүрөт.

Куралдарымдан устатым Айдайкан берип кеткен камчы, теспе, ак такыя бар. Биздин пирибиз, колдоочубуз – Манас ата экен.

Оогандын жолдошу Гүлжан менен болгон маек:

– Жолдошуңуз кантип мазар басып баштады?

– Алгач 1989-1990-жылдары Таласка Манас атанын күмбөзүнө барып баштады. 4-күн дегенде эле муну таппайсың, кетип калчу. Алгач мазарга барам дегенде аябай каршы болсом да, Манас ата жакка каттап атты.

– Кайнар булактын жанында булак бар дедиңиз, ал булактар кайсы жерде жайгашкан, аттары кандай?

– Ошол эле жерде жайгашкан, Ооган ошол жерди курчайт, андан кийин Кайнар булактын жогору жагында 100-200 метр аралыкта түштүктө жайгашкан булак бар. Сапархан атаны жууган жер бар, азыр ал жерде Аман деген чабан жашайт. Ушул Аман деген кишинин сарайын мурда Сапархан атага тиешелүү сарай болчу дешет эл. Ошол сарайды Аман буздуруп салды. Көп өтпөй эле бир үйүр жылкысын уурулар уурдап кетти. Ошону менен табылбай кетти, ошол жерден эле төмөнүрөөк жерде да бир булак жайгашкан. Ал менин булагым деп коем, анткени ал мага аян берилип ачылган булак. Азыр аны өзүм барып карап турам.

– Кантип аян берилип, ал мазар булак кантип ачылды?

– Мурда кичине неберемди ээрчитип бара берчүмүн да мазарларга. Бир жолу мазарга ошентип барып отурсам, бир кичине, бир чоң чымчык чырылдып-сайрап, улам ары конуп атып, мени ошол булакка алып барды. Мен жанагы көзү көрүнгөн булакты тазалап, ошону менен ага сыйынчу болдум.

– Мазардан эмне өзгөчөлүктөрдү байкайсыз?

– Эгерде мазарга өзүң жалгыз барсаң, мазар шуулдап турат. Анан да бул мазардын суусу ашказанга дары, кекиртек, жарага, көз оору, кулак ооруга пайдалуу дары. Мазарга барганда кээде ыйлап да жиберебиз. Ал жерден келгенден кийин бала-чака карасаң, бат айыгат.

Leave a Reply