Байызбекова Элмира

54 жашта,  30 жылдан бери Кара-Буура районундагы  Жоон-Төбө айылынын Кайнар булак (Сапархан атанын кайнар булагы) мазарынын кароолчусу.

Маалымат алган: Иманалиева Дамира, Талас мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү.

– Мазарга канча убакытта бир ирет барасыз?

– Бир айда 4 жолу барам.

– Барып кандай иш-аракеттерди аткарасыз?

– Куран окуйм, зыярат кылып келем.

– Мазарга элдин каттамы кандай?

– Бул жерге көбүнчө сырттан көп келишет, Казакстандан, Көлдөн. Жумасына бейшемби сайын 5-10 адам келип кетет, ал эми төлөө өткөзгөндө көп эле эл келет, 25-30 адам.

– Мазардын шайыгы барбы?

– Ооган деген кайним бар, ошол экөобүз барып карап жүрүбүз, тегерек-четин дагы кайним менен курчаган элек. Кайним мазардын жанына там салам деп каражат жок сала албай жатат, анан тиги ылдыйкы булактын жанына кичине үңкүрчө казып коюптур, жамгыр жааса жатканга болот деп, бирок анткен анча болбойт экен.

– Мазарга көбүнчµ ким менен барасыз?

– Зыяратчылар менен барам.

– Мазарга көбүнчµ аялдар кµп келеби же эркектер көп келеби?

– Көбүнчө аялдар келет.

– Мазар сизге кандай таасир берет?

– Түнөсөң жакшы таасир берет, аян аласың. Булактын ээлерин күрөсүң, ээси – ак жылаан жана кашкасы бар бака, андан тышкары 3 чал отурат мазарда. Апам, ата-бабам көрүнөт бул жерден мага. Бул турган дөбөлөрдө дайыма боз үйлөр тигилип турат. Апам болсо ошол боз үйдүн жанында челек көтүөрүп жүргөн болот.

Кайнар булактын үстү – мүрзө. Сапархан таятамды койгондун эртеси эле шейит болуп кеткен экен. Булактын төрүндө диаметри 30-40 смкелген тоголок тешик бар, ошол жерден чыгып кеткен дешет жанын.

– Сиз дагы кыргызчылык жолунда жүрөт экенсиз, эми ошол кыргызчылык жолунда жүргөн бүбү-бакшыларга болгон сиздин кµз карашыңыз кандай?

– Кµз карашым жакшы эле, түз кµз караштамын, бирок, кээ бирөөлөрү аябай апыртып, аша чаап кетишет, таза жүрүшпөйт, базарда соодалашкандай акча алышат. Кыргызчылык жолунда, кудай жолунда андай кылган жарабайт. Адам мындай нерселерге киргенде берилген касиетти жоготуп алышы мүмкүн. Бирок таза жүрүп, таза туруп, кудай деген адамдар да аз эмес.

– Жаш кезињизден эле кыргызчылыктын белгилери байкалчу беле?

– Жаш кезимде анча деле билч‰ эмесмин, бирок 7 жашымда бир кара чал жолуккан үйдөн. Апам каза болгондон кийин аябай күчөгөндүктөн жинди болуп, аракка берилип кеттим. Андан кийин кыргызчылыкты моюнга алууга туура келди. Башында үйдөгүүлөр күлүп жүрүштү, андан кийин кайра ишеништи.

– Кандай куралдарыњыз бар?

– Ак кµйнµк, жоолук, камчы, теспем бар. 2002-жылы булакта шакек пайда болду, апама (баккан апама) берсем,  жок болуп кетти. Теспени булактан алгам. Апам мени жаш десе керек. ¤лөөрүндө камчы, теспе жана башка буюмдарын таякеме таштап кеткен. Ал киши 75 жашка келип каза болду. Акчага аябай кызыкканбы, билбейм, таятам Сапархандын да, апамдын да ушундай буюмдарынын баарын сатты.

Бир жолу 2 кемпир келди, таякем чоњ талдын түбүнөн тоголонуп кетти, ошондо аса таякты сатты көрүнөт. Ошентип жанагы ыйык буюмдарды сатып жыргаган деле жок, жаман болуп темселеп жүрүп өлдү.

– Кайнар булак мазары кайсы кылымга таандык?

– 17-кылымга таандык.

– Балдарыњыздын ичинен сиздеги касиетти алып жүргөндөр барбы?

– Ооба, чоњ кызымда бар бул касиет, 86-жылкы. Айтканы айткандай келет. Бирок мойнуна алууга али жаштык кылат го.

Ангина менен келген балдар бул булактан ичсе айыгып калышат. Мен бул жерге бейшемби сайын келем, зыярат кылам. Аян берет, апам көрүнөт. Анан жанагы теспени дагы ушул жерден алгам. Түшүмө аян берип, ушул жерге түлөө өткөзүп, анан алгам. 93-жылы болсо шакек алдым, бирок ал шакекти кайра жоготуп алдым. Бир баланы булактын суусу менен эмдеп жаткам. Бир убакта жайылып турган тасмалга шакек түшкөн.

Интервью алган Дамиранын байкоосунан: Мазарда 40 мүнөттөй болдук. Эң таң калычтуусу – булакта ак тактар бар экен. Ал тактар ар кандай таризде болуп, бирде адамдын башына, бирде адам жаралгандагы түйүлдүккө окшошот. Булак болсо бирде тогуз болуп кайнаса, бирде жети болуп кайнайт экен.