Асыранкулов Саманкул, Ак-Тайлак ыйык жери

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Асыранкулов Саманкул

70 жашта, Кара-Буура районундагы  Бакайыр айылындагы Ак тайлак мазарынын шайыгы

– Мен 1936-жылы туулгам. Менин чоң, өз атам да ушул жерде туулган, өмүрүнүн баарын ушул жерден өткөрүшкөн. 1960-жылы айылдын Жолдош деген башкармасы ушул жерди курорт кылам деп бак тиктирген экен, 1000 түптөн ашык бак бар. Анан мен да ушул жерде туулуп өстүм. 1945-жылы ушул айылдагы эле мектепке 1-класска бардым, анан менин чоң аталарым ушул жерге суу тегирмен куруп, иштеткен экен, андан кийин өз атам тегирменчи болду. Анан а киши ооруп, картайып кайтыш болгондон кийин, бул жерде туугандарыбыз тегирменди иштетип жүрүштү. Анан бир убактарда бул жерди сел алып, тегирменден эчтеке калбай калган. Анан мен 1990-жылы келип, сел алып кеткен жерди оңдодум, ташын өзүм курдум. Аны 3-4 жыл иштеттим. Анан айылга мини тегирмендер салына баштады, дробилкалар пайда болду, анан менин тегирменим бир капты бир саатта иштеп чыгарса, ал эми дробилкалар бир мүнөттө иштеп чыгарган. Анан ошол үчүн менин тегирмениме эл келбей калды, анан бул жер 1994-жылы токтоп калды. Ага чейин мен чабан болуп иштечүмүн, тегирменчи болдум, анан акырында торпокчу болуп жүргөндө мен жашаган жерден алыс эмес жерге кемпирлер келип, сыйынып жүргөндөрүн көрүп калчумун. Өзгөчө аябай кыйналып ооруп жүргөн кемпирлердин түрүн көрүп боорум ооруп, ошол жерге бир кара кагаздан тосуп ылымта кылып берейин дедим. Анан аңгыча эле бизге кирпич заводу ачылып калды. Ал заводдон өз жанымдан кирпич сатып алып, ашар кылып, ошол жерге чакан, бир бөлмөлүү там салып бергем. Анан ошо жерге ооруп-сыктаган кемпирлер келет, сыйынышат. Ал эми Ак тайлактын мазарына болсо менин атам, атамдын аталары, атамдын атасынын аталары эле сыйынышчу экен. Ал эми менин атам азыр болсо 100гө чыкмак экен.

Ал жерде негизинен ак тайлакка окшош 2 таш бар. Менин атам айтчу эле таштардын жанында 2 тал бар деп. Анан ошол учурда айылдагы койлордун бардыгы кара чечек (оспа) деген оору менен ооруп калышат. Ал учурда малдарды дарылай турган мал догдур болгон эмес. Ошондо 100 койду ушул жерге алып келип, ошол 2 талдын бирөөнө эле көлөкөлөтүшсө, башкача айтканда, түбүнө түнөтүшсө, эртеси ал малдар айыгып өлбөй калган экен. Анан дагы ыйлап-сыктагандар, жинди болуп кеткендер түнөсө айыгып кеткен. Мисалы, суу тегирменди дөбөт баба деп коюшчу, ошол жерге тили буулуп калгандар келип айыгып кеткенин мен өз көзүм менен көрүп калдым, анан көбүнчө бул жерден төрөбөгөн аялдар келип төрөшөт. Мисалы, мен көргөндөн 1995-96-жылдары эки келин келген. Бирөөсү айылда, бирөөсү азыр Буденныйда турат. Анан бир келин кайра ошол учурда жакшы доктурга көрүнөм деп келбей калган. Анан бирок боюнда болуп төрөп жатканда кызы чарчап калып, өзү да аз жерден өлүмдөн калган. Ал доктурга барбай ушул жерге көбүрөөк келгенде балким тигил эки келиндей болуп төрөп алмак.

– Ак тайлак мазарынан сырларды көрдүңүз беле?

– Ооба. Ак тайлак атаны көрдүм. Ошондо үйдө керебетте жаткам, таң ата элек болчу, болжол менен саат беш жарым болсо керек. Ошондо мен эки Ак тайлак атаны көрдүм, башында мен бирөө эле деп ойлочумун. Анткени бир эле таш болчу, көрсө анын нары жагында дагы бир кичинекей таш бар экен. Ал таш азыр бара-бара чоңоюп, азыр төрт метрдей болуп калды. Мурун таштын үстүндө ак мата жабылып турчу, анан бул жакка кыргызчылыгы бар адамдар келип, мата жапканга болбойт деп алдырып салышкан. Анан жанагы мен көргөн эки чоң төө айгыр бир үйүр бээлерди кубалайт, мисалы 10-15 бээни коет, анан бир айгырды коюп койсо, ал башкаларын кадимкидей айдап жүрө берет. Анан Ак тайлак ата да ошентип төөлөрдү айдап жүрүптүр, экөө эки четинде баштарын жерге салып алышыптыр. Менин огородум бар, ошону көздөй келатышат. Булар таштарга келе жатышкан го деп ойлодум, анткени таштар огородумдун нары жагында эле. Анан таштардын жанында чоң суу агып турат, ошону бойлой келе жатышыптыр. Андан кийин тегирмен жакты карасам, ал жакта чоң кара төө бирдекени кепшеп жатыптыр. Аңгыча эле кемпирим мени ойготуп жиберди. Көрсө мени намазга тургузганы ойготкон экен. «Ой бекер ойготтуң, ушундай түш көрүп жаттым эле, аягына чейин көрөт элем» – деп кейидим. Апендидей болуп кайра көрүнөр бекен деп көзүмдү жумдум, бирок эчтеке болбоду. Эшикке чыгып, изи калган жок бекен, ошол жерлерди карадым, бирок из таппадым. Анан ошол сырдан кийин бул жерде Ак тайлак ата бар деп ишенем. А кээ бирөөлөр көрбөсө деле жок нерселерди айта беришет. Бул жерден кетип калган, бул жерге жологон эмес дешет. Кээ бирлер болсо тигил жерде турат деп олуя боло беришет. Анан ушул жерге келип алышып бири-бири менен урушуп кетишет. А мен: «Силер эмне урушасыңар, силер бир эле кудайга келдиңер» – деп калам.

– Мазарларды сүрөткө же тасмага тартса терс таасири тийбейби?

– Ак тайлак мазары аябай касиеттүү болгондуктан тартпаш керек, зыяны тийип калышы мүмкүн. Өзгөчө жар салып жаткандарды тартууга болбойт. Анткени бизде бир окуя болгон, илгери айылыбызда Жамалбек деген бир киши мугалим, мектептин директору болуп да иштеп жүрдү. Өзү атеист эле, волга машинеси бар болчу. Ал убакта бүбү-бакшылар менен доктурлардын көз-карашы карама-каршы келген. Анан ал жөн эле кызыгып, бүбүлөрдүн жар салуусун көрөм деп барганда машинасы бузулуп, түндө ошол жерде калып калат. Эртеси ооруп, акыры шал болуп калат, кийин ал бала кайра ишенип намаз окуп калды. Анан жанагы мен салган тамдын фанерасын ошол бүтөп берди. Ошол окуядан кийин ал сыйынып калды.

– Кыргызчылык тукумуңузда болгон беле?

– Чоң аталарыбызда болсо керек. Мурда азыткы деген чыккан. Биздин Нарбото деген чоң аталарыбыз ошондой азыткыны кармаптыр. Кичинекей эле чымчыктай болот экен. Илгери адамдар боз үйдө жашашкан. Ичиндеги чийди калкалап, ичине сүттү коюп коюшкан. Үстү каймакташ үчүн чоң чараларга куюп коюшчу. Анан чоң аталарыбыздын сүттөрү күндө эле тешилип, оюлуп калат. Көрсө каймактарын албарстылар жейт имиш. Илгери меш жок болгондуктан, боз үйдүн ортосуна чокту коюп коюшчу экен. Ошондо Нарбото чоң атам көзүн жуумп уктамыш болуп жатса, боз үйдүн түндүгүндө чымчыктар «али уктай элек, али уктай элек» дешип отурат дейт. Чоң атам уктап кетип бир убакта көзүн ачса, чымчыктар байпактарды жайып коюп, чоктун жанында жылынышып отурганын көрөт. Анан алар сүттү чокулашканы кеткенде чоң атам акырын байпакты катып коет. Чымчыктар келип байпак жок экенин көрүшүп «аш ичкенче байпак жок, аш ичкенче байпак жок» деп жүгүрүп жүрүшөт. Анан чымчыктар байпакка келгенде кармап алайын деп ойлойт. Эртеси турса уктап кетиптир, байпакты кантип алып кеткенин билбей калат. Анан эртеси уктабай жатып, чоктон жылынышып жатканда кармап алат. Кармап алгандан кийин сөзсүз түрдө дубасын айттырып калыш керек экен. А тиги дубасын айтпай ар түрдүү болуп кубулуп кетет экен. Мисалы, чымчык болсо аны бутунан кармап алса, ал бир буюм же пияла болуп калат. Эмне болсо да кое бербей, дубаңды айт деп Нарбото чоң атам ура берет. Ошондо колду кое бербеш керек, мисалы, пияла болуп калса, муну эмне кылам деп кое берсе, тиги чымчык болуп кайра учуп кетет экен. А чоң атам кое бербей дубасын айттырып калыптыр. Ошондон бери биздин тукумубузга азыткылар жолобой калыптыр. Бирок көп адамдарды азгырып кеткендер болгон. Ал иттин көзүнө көрүнөт экен. Мисалы, бир киши жолдон келатса, башка бир киши анын каякка баратканын сурайт, «уюм алдыда кетип баратат, ошону кайрыйын деп баратам» – десе, беркиси алдыда эч кандай уй жок экендигин айтат, караса, чындап эле ую жок болуп чыгат. Ушундай учурлардан, азгырыктардан иттер көп сактап калат дешет.

Менин атам эмчектеги кезинде жетим калган экен. Анан Ленин колхозунан Мадиш деген келин айылга келип төрөп, атамды өзүнүн баласы менен эмчектеш кылып алат. Анан бир тууганыбыз Үсөк молдо атама чыбык сындырып кел дейт. Атам беш чыбык сындырып келсе, аны тептең кылып сындырып ат байлагандай кылып жип менен байла дейт. Ошондо атам 5-6 жашта экен. Ошентип атам байлап коет. Молдоке эми артты карап отур дейт. Анан мин дегенде атам бурулуп караганда опокшош беш боз ат токулгалары менен айланып турганын көрөт. «Мин, каалаганыңды мин» – деп айтат. Дагы тооктун жумурткасын алып келдирип, чоң пиялага сууну куюп туруп жумуртканы салып койсо, алар балыкка айланып кетишиптир. Анан балыктарды түртүп туйлатчы экен. Ал кишинин молдо дубасы же тубаса гипнозу болгон окшойт. Анан ошол учурда адамдарды күнөөсүз эле соттой беришкен. Ошол Үсөк молдону 3 жолу түрмөгө алып барышыптыр. 3 жолу тең түрмөнүн эшигине келгенде кое беришчү экен. Ал кишинин дубасы күчтүү болгон да. Анан түрмөнүн чоңу жиндеп, молдону урушуп суракка алып жатканда, түрмөнүн чоңунун үйүндө отурган аялы жинди болуп кетет. Үйүндөгүлөр келип: «Жеңебиз казан-аяктын баарын сындырып жатат» – деп айтышат. Ошол учурда түрмөнүн чоңу молдону урбай токтоп калып: «Сиздин касиетиңиз күчтүү турбайбы, жүрүңүз, үйгө аялым жинди болуп кетиптир» дейт. Анан молдо үйүнө кирип жатканда эле аялы басылып калат. Көрсө молдону суракка алып жатканда, ал түрмөнүн чоңунун үйүнө өз кишилерин[1] жибере берген экен.

– Сиздин кароолчу болгонуңузга үй-бүлөңүз каршы эмеспи?
– Каршы эмес, анткени кемпирим өзү ооруп мазардан айыккан. Башы ооруп жүрдү, доктурдун баарын кыдырып андан айыкпай, мазардын касиетинен айыккан. Ошол учурда мен арак ичип жүргөн кезим эле. Кемпиримди алып Манас ордого бараардын алдында мен түш-айың көрдүм. Анткени мен Манас атанын ордосун көрө элек болчумун. Кароол чокуну мурда кароол дөбө деп коюшчу. Ошол дөбөнүн батыш бетинде үч ак эчки жогору көздөй кетип баратышыптыр, мүйүзү жок эчкилер экен. Бирөөнүн чекеси ийне сызыгындай болуп кан агып баратыптыр. Эртеси туруп түшүмө деле маани берген жокмун. Анан Манас атанын ордосуна барсак, ал жерден мал сойдурбайт экен. Путемниктик Кенжегул Манас ордонун башчысы менен тааныш болгондуктан, аны менен сүйлөшүп бизди Манас атанын күмбөзүнө зыярат кылып, кароол дөбөгө бара бергиле деди. Анан даарат алып, намаз окуйлук деп жатсак, түшүмдөгү 3 ак эчки аркандалып туруптур. Анан Кенжегул аксакалга айттым мына бул эчкилерди мен түндө түшүмдө көрдүм эле, ошол эчкилер го, түшүмдө үчөө кетип баратыптыр, бирөөсүнүн чекесинен ийненин сызыгындай кан агып баратыптыр, а булар болсо аркандалып турат го десем, Кенжегул «Ии» деп эле койду. Анан кийин намаз окуп, алып барган малыбызды сойдук, зыярат кылдык. Бир күн ошол жерге түнөп, эртеси кеттик. Анан мен кудай буюрган күнү келээрибизди айттым. Ошентип бир ай өтпөй эле эчки алып Манас ордого бардык. Анан дагы мурункудай болуп кароол дөбөгө барып малыңарды сое бергиле деди. Ошондо жаныбызда бир кемпир келе жаткан, ошол: «Айланайын, кароол дөбөдө менин эки эчким бар, ошолорду чатырга киргизип койгулачы, болбосо аларга карышкыр келип тийип кетет» деп калды. Ошондо мен мурда үчөө эмес беле десем, бирөөнү курмандыкка союп коюшканын айтты. Көрсө түшүмгө чекесинен кан сызылган эчки союлган экен. Менин мазарга ишенип калганыма ушундай сырлар түрткү болду. Ошондой эле Ак тайлактан да мага сырлар көрүндү. Мазарга ишениш үчүн эң биринчи өзүңдүн жүрөгүңдү тазалашың керек, а жүрөктү тазалаш үчүн башкаларга кыянаттык кылбаш керек. Ооругандарга сыр берип, айыктырып жаткан Ак тайлак эмес, мунун баарын кудай Таалам жасап жатат. Ал эми Ак тайлак жана башка ушуга окшогондорду Алла Таалам жиберип турат, мен ушундай түшүнөм. Анан мазардан кемпирим жакшы болду.


[1] Кишилери деген сөз бул жерде колдоочу деген мааниде колдонулууда.

Leave a Reply