Асыранкулова Бурул

68 жашта, Кара-Буура районунун Бакайыр айылындагы  Ак-Тайлак мазарынын шайыгы.

Маалымат алган: Осмоналиева Алина, Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн студенти.

 

–  Бурул эже, кандай мазар басып калдыңыз?

– Мен 1973-жылдан баштап өзүмдөн өзүм эле катуу ооруй баштадым. Мурда деним соо, эч кандай деле оору жок болчу. Анан түш аян да көрө баштадым. Ошол тушта бир аксакал адам дайыма аян берип тураар эле. Кулагыма кандайдыр бир үн кадимкидей сүйлөөр эле. Алды менен коркуп жүрдүм, көрсө менин жөлөмөм экен. Кийин үйрөнүшүп кеттим. «Сиздин кыргызчылыгыңыз бар экен, акка моюн сунбасаңыз болбойт, болбосо ооруңуздан айыкпайсыз», – дешти. Бирок мен ал кезде кыргызчылыкка ишенчү эмесмин, уят го дечүмүн. Анан бир күнү Жыпаркүл деген бүбүгө жолуктум, анан ал мени мазарга бар, зыярат кыл, ошол жерге түнө деди, бирок мен дагы деле болбойм, ишенбейм. Кировкада эки жолу операция болдум, бирок айыкпадым, жүрөгүм ооруйт. Буттарым, колдорум такыр иштебей калган. Ошентип катуу ооруп жаткан кезимде күйөөм мени Таласка догдурга көрсөтөм деп Путемникке алпарды. Ал жактан мени Кенжегул деген аксакалга дайындап, эртең машина менен келмей болду. Анан мен барган үйгө Таластан атайын бүбүлөр ошол жердеги Кайнар булак деген мазарга сыйынганы келишиптир. Анан мени көрүп алышып: «Сенин колдоочуң күчтүү экен, сен мазар баспасаң болбойт», – дешти. Ал учурда мен тамак да иче албай калгам. Анан жатар убак келгенде менден: «Сенде акча  барбы?», – дешти. «Бар» – десем, Кайнар булакка баралы дешкенинен, эки бүбү, Кенжегул аксакал жана мен болуп төртөөбүз бардык. Кыш мезгили болгондуктан аябай кыйналып зорго бардым. Барсак, Кайнар булак кайнап туруптур. Анан мени ушул сууга бети-колуңду жуу дешти. Менин жок дегениме болушпай эки колумдан кармап туруп суу чачып жиберишти, кийимдеримдин баары суу. Ошондо силерге төгүн, мага чын, суу чачкан сайын көзүм ачыла түшүп, жеңилдене баштадым. Тиги бүбүлөр: «Бул мазар сени күтүп жаткан, сенин мазарың ушу», – дешти. Ошентип мазарга, кыргызчылыкка ишене баштадым. Анан эртеси кадимкидей туруп басып калыптырмын, тамак да иче баштадым. Бир убакта күйөөм алып кетем деп келиптир. Анан мен: «Доктурга барбайм, мен мазарга сыйынышым керек, мен мазарга барып айыктым» – десем, таңгалат. Ошентип ал жерден кетип, кайра экинчи жолу келмей болдук. Бул менин эң биринчи баскан мазарым эле.

Көп өтпөй эле кайра ошол мазарга мен, күйөөм, Кенжегул аксакал, анын бойго жеткен кызы болуп төртөөбүз бардык. Ал кызды сен барбай эле койчу десек болбой ээрчип алган. Жолдон күйөөм менен Кенжегул аксакал даарат алабыз деп жолдо калып калышкан. Тиги кыз экөөбүз алдыда келе жатканбыз. Путемникте алмалар аябай көп. Тиги кыз ак алмадан алып алыптыр.           Анан мага алма жейсизби дейт, мен жок десем болбойт, атайын экөөбүзгө үзүп алдым эле деп. Анан бир убакта астыда Кенжегул аксакал баратканын көрдүм, «ии бул киши эртерээк даарат алып, астыга чыгып кеткен го» деп койдум. Ошентип Кенжегул аксакалдын артынан кете бердим. Тиги кыз дагы деле болбойт «жебесеңиз да чөнтөгүңүзгө салып коюңузчу, анан жейсиз да» деп. Мен макул деп артты карап, алманы алып чөнтөгүмө салып, карасам, Кенжегул аксакал жок, таң калдым кайсыл жакка кетип калды деп. Артыбыздан бир убакта күйөөм менен Кенжегул аксакал келип калышты. Анан көргөнүмдү айтып берсем, «жок, мен эч кандай астыга чыккан жокмун, биз Саманкул экөөбүз чогуу эле келе жаттык» – деди. Ошондо кызга аябай нааразы болдум, «сен бул жакка келбей эле койсоң болмок, алаксыттың» дедим. Көрсө кыз шайтан экен, эгерде алаксытпаса алиги киши мага бирдеме айтып калмак экен дедим.

Анан кайра үчүнчү келишимде улак соелук дедим, молдо менен улак сойдук, ошол жерге кудай тамак өткөздүк. Мен башка мазарлардан да көп сыр көрдүм. Мазар басканыма 26 жыл болду. Билбейм, эгерде мазар баспасам айыкпайт белем, же өлүп калат белем. Мен өзүм ишенбейм деп жүрүп көп убакыт өткөрүп коюптурмун, эгерде операция жасаттырбай эле мазар бассам, балким азыр аябай жакшы болот белем, азыр өкүнөм ишенбестик кылганыма.

Бир жолу Ак тайлакта кудай тамак өткөзүп, кемпирлер болуп даараттан келе жатканбыз. Бир убакта тамдын ичинде 7 чал намаз окуп жаткан экен. Анан мен кемпирлерге алдагылардын ичинде менин чалым да отурат десем, ал жакта эч кимдин жок экенин айтышты. Мен болбой эле ошол тамга бардым. Барып кепичимди чечип кирсем эле, эч ким жок экен. Өзүм да аябай таң калдым бул эмнеси деп. Ошентип ар кайсы мазардан ар кандай сырларды көрө баштадым. Ошентип жүрүп Жыпаркүл бүбү бир күнү катуу ооруп калып мага теспесин берди да, элдин көзүнчө эми менин анын жолун улантаарымды, эл көрө баштасам боло берээрин айтты. Теспесин бергенден кийин 3 күн өткөн эле, анан түшүмдө бир атчан жигит келип:  «Бул ат сиздики, ушул атты миниңиз», – деп мага айтып жатыптыр. Мен болсо чуркап бардым, мени колтуктап мингизгени жатканда түшүмдөн чочуп ойгонуп кеттим. Көрсө ошондо Жыпаркүл эже кайтыш болуптур, түшүмдө мага атты таштаганы – ишин таштаганы экен. Ошентип мен эл көрө баштадым, азыр да эл көрөм.

Анан бир кырсык болоордун алдында менин кулагыма «шок» деген бир нерсе угулуп турат. Анткени бир жолу Ак-Тайлакатанын мазарынын кичинекей тамында намаз окуп жатканбыз. Ичинде адамдар толтура болчу. Бир убакта бир үн уктум. «Айылыңардагы Нурдин дегендин аялы ушул жерге келип зыярат кылып кетсин» деген үн уктум. Анан тигилерге уктуңарбы десем, жок, уккан жокпуз дешти. Ошондой айылыбызда барбы, бар болсо издеп ушинтип айтып койгула десем, андай жок экен деп коюшту. Анан бир күнү үйгө чуркап келишиптир… Батага барганда айттым, ошол жерден ошол үндү 10 кемпир уккан жок, эгерде ошондо менин сөзүмдү угуп жакшылап издешсе, балким бул бала өлбөй калмак деп.

Эми эмне дейин, мен мазарларга барганда өзүмдү кандайдыр бир башкача сезем. Ошол жердин олуясы колдоп тургандай ишеним пайда болот. ¤зүмдө ишеним болгон соң, 25 жылдан бери ушул Ак-Тайлакатага байырлап жүрөм. Ушул жылдардын ичинде көп нерселерди байкадым. Көп адам кеселинен айыкты, бала тилеп келип сыйынган келиндер аман-эсен төрөдү. Көп жакшылыктарга күбө болдум. Жашообузга мазардын чоң таасири бар экендигин байкадым. Мазарда турсам сезимге ыр саптары куюлгандай сезем. Биринчи теңдеш жок бир аллага жалынып, алла өзү ишаарат берген мазарларга сыйынып, өмүрүмдүн акырына чейин беш убак намаз, отуз күндүк орозону кармап өткөрө бермекчимин. Алла көрсөткөн купуялуу сыр дүйнөсү дайыма оюмда болмокчу.