Алымбекова Гүлжамал,Тамчы булак ыйык жери

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Алымбекова Гүлжамал, 43 жашта, Кара-Буура районундагы Тамчы булак айылынын Тамчы булак мазарынын кароолчусу.

Маалымат алган: Жусупова Назира, Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн студенти.

Кароолчу болгонуңузга канча жыл болду?

– Биз бул айылга келгенден баштап эле карайбыз. Бизди эч ким деле кароолчу кылып койгон жок, болгону булак биздики. Бул айылда ар кимдин өзүнүн булактары бар. Булак биздики болгондон кийин өзүбүз карап турабыз, өзүбүз шарт түзүшүбүз керек. Бирок мен мазарга шарт түзгөнгө алым жетпейт. Шарт жок. Өзүм мурдатан эле кызыгып келгендерге бизнес план түзүп, грант утуп алсам деп ойлойм. Мен булактарын цементтетип, суусун тазалап, келген адамдарга шарт түзөйүн дегем. Суу болсо да алма бактары чоңоет эле. Ошонун баарына эми каражат керек да. Анан менин 5 балам бар, ошолордон артпайт.

Тазалап, карап жүргөнүңүзгө канча жыл болду?

– Жылда жазында бир маал тазалайбыз. Анткени ал жерде камыш аябай көп, анан жазында жыландар жок болот. Эгерде ошол жердеги камышты оруп, цементтеп койсо жыландар жоголот эле. Цементтеп койсо бир таман жол менен барганга да болот эле. Эгерде там кура турган болсок топурак өзүнөн эле чыкмак. Бирок пайдубалына, булактын тегерек-четине цемент керек. Кум да өзүнөн чыгат, тегерегинин баары – кум. Балдарым чоңоюп калды, камыштарын ошолорго ордурат элем.

Ушул булактын тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз?

Бул жерде көп эле тамчылап аккан суулар бар. Бирок көп жердин ичинен бүбүлөр касиеттүү булак деп ушул 2 булакка гана сыйынышат. Анан биз бүбүчүлүккө кызыкпагандан кийин билбейбиз деле.

– Өзүңүз барып сыйынасызбы?

– Жок, биз булактын баркын билбейбиз деле. Кудай сактасын, балдарыбыз деле ооруган жок. Бул жакка оорукчандар көп келишет. Мойну кыйшайып калгандар келип айыгып кетишкен.

– Өзүңүз ушул мазардан сырларды көрдүңүзбү?

– Мен эч нерсени деле көргөн жокмун.

– Мазар үйүңүздүн жанында жайгашкан экен, кандайдыр бир таасир бердиби?

– Биздин үйдө такыр эч нерсе жок болуп калбайт, ошону ушул жердин касиети деп ойлойм. Анткени жок болуп калды деген учурда да бирдемеден бирдеме болуп, бири-бирине улана берет. Анан биз жанына 40 түптөй алма отургуздук, алар да чоңоюп жатат. 10 түптөн ашык өрүк бар, терек, тал бар. Алар да өсүп жатат. Булактын суусунан суу ичип өсүп жатат, бирок ошол булактын суусун бир жолго түшүрүп койгонго шарт жок. Биз жөн эле кол менен арык чаап койгонбуз, бирок көп суу кумга сиңип кетип жатат, ал эми цементтеп койсо жакшы болот эле.

– Бул айылга келгениңиздерге канча жыл болду?

– Биздин келгенибизге 7 жыл болду. 7 жылдан бери ушул жердебиз. Билбеген бүбүлөр келишет, каягына чыгып көрөрүн билишпейт. Анан менин кичүү кызым бар, ошол алып барып көргөзүп келет. Кичинекей жаш бала деп ошону жиберебиз, өзүбүз болсо бир жеринен жаңылып калабызбы деп көп барбайбыз.

– Өзүңүздүн канча балаңыз бар?

– 2 кыз, 3 балам, 2 келиним бар. Келиндеримдин бойлорунда бар, жакында неберелүү да болом.

– Өзүңүздө кыргызчылык барбы?

– Билбейм мен аны сезбейм деле. Бирок бул жерге келген бүбүлөр бар экендигин айтышат. «Моюнга ал, жолдошуңдуку күчтүү» – дешет. Бирок алган жокпуз.

-Эмне үчүн?

– Эми биз келин алып, кыз берип жатабыз. Кыргызча айтканда каптын оозу жаңы ачылып жатат. Куда күтүп жатабыз, анан тойлордо сөзсүз ичкилик болот, болбой койбойт. Анан ал жерге барып биз касиетин жоготуп алабызбы деп коркобуз.

– Сууну кайдан аласыздар?

– Ошол булактан арык менен алып келгенбиз. Ошол булактын суусу үйүбүздүн жанына келет, бирок бизге келгенче киргилт болуп калат, таш-кум ылайларга аралашып кетет да. Эгерде цементтеп же түтүк коюп койсо, тунук, таза суу болмок.

Бул булактын суусу көбүнчө кайсы ооруларга шыпаа?

– Көбүнчө мойну кыйшайып, же болбосо сүйлөбөй калгандарга жакшы, адамдагы импровизионный оорулар менен ооругандар келип сыйынып, зыярат кылышса, кан чыгарышса жакшы болуп кетет. «Балам жакшы болуп калды, сүйлөгөнүм жакшы, басканым тың болуп калды» – деп кайра келип кетишет. Анан биз дагы касиеттүү суу экен деп өйдө баргандан коркобуз, чыкпайбыз. Андан нары балдарды жиберем. «Быссымылда деп барып арыктарын тазалап, кайра келгиле» – дейбиз. Анан зыяратканага жакшынакай там куруп бергенге кудуретим жетпейт. Оюмда бар, бирок колумда жок дегендей.

– Аябай катуу ооруп айыгып кеткендер ушул айылда барбы?

– Мира эженин (Бейшекелик) баласы ооруп калган эле, ушул мазардан жакшы болуп кеткен, ошондон кийин Мира эже кыргызчылыкка өттү, ага  чейин медсестра болуп иштеп, биздей болуп эле ичип-жеп жүрчү. Анан баласынан кийин кыргызчылыкка ишенип, моюн сунду. Ушул жерге адамдарды да алып келип, элдерге «менин балам ушул жерден айыгып кетти» деп насаатчы да болуп калды. Анан андан угуп көп кишилер келе баштады. Анан Ключевкадан бир бүбү дайыма кызы менен келип жүрөт. Аты-жөнүн деле билбейт экенмин, Мирадан уктук эле деп келишет. Кара-Суудан бир кемпир менен бир аял дайыма келет. Жаңы жерден 3-4 аял келет.

– Эмнелери ооруп келишет?

– Балам ооруп жатат дешет, үй-бүлөмдө уруш болуп жатат, ынтымак болсун деп тилек айтышат. Бирок алар келгенде үйгө келип чай ичишпейт, түз кайра кайтышат. Анан бир жылдары мен үйдү сатам деп калдым. Коңшуларым болсо «Ой сен үйүңдү сатпа, сенин үйүңдүн түндүгүнөн кут кирип турат, болгону үйүңөрдөн ичкилик ичилбесин» – дешти. Эми биздин үйгө коноктор көп келет, ичкилик ичилет да.

– Мазардын терс таасири тийип калган жок беле?

– Ошону билбейм, ал жөнүндө уга элекмин. Бирок ушул жерге келем деп келбей калгандар ооруп калышканын уккам. «Түшүмө кирди эле, барам деп баралбай калдым эле, анан катуу ооруп калдым» – деп, 2-4-күндөрү тамактарын көтөрүп келип калышат.

Бул мазарга элдин каттамы кандай? Бир күндө канча адам келет?

– Жазга маал апрель айынан баштап июль айына чейин көп келишет. Ар жума сайын келип куран айтып, мал союп өздөрү билген зыяратын кылып кетишет. Болгону ошол зыяратчылардын отурган жери жакшы эмес. Анан ойлойм да, тоонун капталына жерди оюп, терек тигип, булакты ошол жерден агызып коюп, бир-эки бөлмө салып койсо деп. Келгендер ошол жерге зыярат кылып, түнөп кетишет эле. Анан кээ бирөөлөр үйүңө жар салалы деп сурашат. Анан мен биздин үйдө ичкилик ичилип жатса кантип жар салдырам, түшүндүрүп айтам. Анан алар булактын башына түнөп кетсек дешет, булактын башына түнөш керек экен.

– Мазардын өзүнө жар салышабы?

– Ооба салышат, бизге үндөрү угулуп турат.

– Бир күндө ошондо канча адам келет?

– Жазга маал 10-12 кишиден келишет. Кээде 15 ке чейин барып калат. Тамак алып келип, мал союшат. Анан апрелдин бешинде жылыга бул жерде жылдыгы болот. Быйыл жетинчи жылдыгы болду. Биз келгенден баштап бүбүлөр чогулуп жылдыгын өткөрүп турушат. Мира эже алачык жасаткан, үстү жабык, четтери ачык, эки жагы эле тосулган. Жамгырда далдаасына, күн ысыкта көлөкөсүнө отурушат. Мына ошондон улам ойлойм, андан көрө бир кичинекей чекчейген там салып койсом деп, бирок каражат жок. Там салып беришсе, идиш-аягынын баарын өзүм берет элем.

– Бул мазарда ырым-жырымдар жасалабы?

– Бул жерден кандайдыр бир ырым-жырым жасашарын деле билбейм. Бул жерге келгендер көбүнчө чий теришет. Ошол чий кургап калган кезде ошону шам кылышат. Ошол чийден шам тигишет, башына пахта ороп. Жардын чекесинде 2 түп чий бар, ошол бышкан кезде кичүү кызым дайындап бүбүлөргө берет, анан апалар, бул жерге келгендер алып кетишет.

– Өзүңүздүн балдарыңыз мазарга сыйынышабы?

– Менин балдарым деле сыйынышпайт. Мен аларга бейчеки чыкпагыла, арак ичкенге барбагыла дейм, анан барышпайт. Кичүү кызым билбегендерди алып барып көрсөтүп келээрин жанатан айттым. «Бул жерге олтурушат, бул жерге куран окулат» деп көргөзөт.

– Алыс жактан келишеби?

– Бишкектен Нуриса деген келин келет. 3 жылдан бери келип жүрөт. Ал өзү гайморитмин, анан кыргызчылыгым бар дейт. Анан ал уктаганда ушул мазар аян берет экен. Чаяндын уюктарын сурайт, тикенектердин арасында бар да. Анан бул жер касиеттүү жер, кудайымдын бергенинен ала берүүнүн ордуна бул жерге биз беришибиз керек дейт. Анын буту-колу да ооруйт экен.

-Башка эч кимден укпай, түшүнөн аян көрүп эле келиптирби?

– Ооба, түшүмдө ушул жерди көрсөттү. Силердин үйүңөрдүн өйдө жагында мазар булак бар экен деди. Анан биринчи келгенинде министрликтен киши ээрчите келиптир, ошондон кийин 2 жылдан бери келет. Былтыр өзү келген, быйыл да өзү менен бир баланы ээрчитип келиптир, кечээ эле келип кетти.

– Баш-аягы 3 жылдан бери келип жатса, натыйжасы кандай эми?

– Эми өзүнөн сурасам мен мазар бассам сергип калам дейт. Түшүмдөгү мазарды бассам, 1 жылга же 6-7 айга чейин оорубайм дейт. Айрыкча түштөн көргөн мазарларга келип зыярат кылганда кадыресе жеңилдеп калам дейт.

– Ушул айылдагылар мазарга келип сыйынып турушабы?

– Калктын көпчүлүгү – күрттөр, алар мазар дегенди билишпейт. Анан бул жерде көбүнчө жаштар жашайт, булар деле мазар дегенди жакшы түшүнө беришпейт.

– Күрттөр мазарга келишпейби?

– Жок күрттөр келишпейт, алар мазар экенин деле билишпей, малдарын жайып жиберишет. Анан аларды «Малыңды айда, чычырба» – деп урушуп эле жатып калабыз. Бул жерге канча деген эл келип сыйынат дейм, анын үстүнө ал жер, аянт бизге карайт.

– Бул жерге мал-сал союлат экен, тамактарын элге таратып беришеби?

– Тамактарын 2 үйгө эле беришет. Чынында 7 үйгө бериш керек экен, бей-бечараларга бериш керек. Өздөрү 10-15 киши болуп келишсе анан алардан артпайт деп ойлойм. Бизге дайыма тамктарынан куюп берип жиберишет, идиш-аяк сурап кетишет. Анан ошондон ойлойм, атайын үй курулса мен идиш-аякты сураттырбай, ошол жакка коюп коет элем да. Карап турат элек, эч ким деле кирбейт эле, мазар болгондон кийин ким алмак эле. Эгерде там курулса, тегерек-четине гүл тигип, көрктөндүрөт элем.– Өзүңүз ооруп калсаңыз же балдарыңыз назарлап калса барып сыйынасызбы?

– Жок, бизде андай нерсе болгон жок. Эгерде балдарым ооруп калса булактын суусун үйгө алып келип коюп коебуз, анан ал суу жылып калат. Анан ошол суу менен жуунсаң турган жериңден сергип, жакшы сезип каласың. Үйгө киши-кара келип ооруп турам десе булактын суусуна жуунсаңар дейм. Анан алар жуунуп чын эле сергип калдык дешет.

– Сиздерге чейин булакты карап, тазалап турган адамдар болгон бекен?

– Эч ким болбоптур, жада калса суу биз жакка жетчү эмес экен. Ошол жерде эле сиңип кала берчү экен, анан биз келдик, шиферлерди койдук. Анан улам бир шиферден алып, жерди сууга тойгузуш керек экен да. Анан жер сууга тойгондон кийин бизге суу жетти. Ага чейин суу бул жакка чейин келчү эмес экен. Суу жок деп бул жакка эч ким дагы там салчу эмес экен.

-Бул жердин мазар болгонуна канча жыл болду?

– Мазар экенин билгендерине 7 жыл болду. Биз келгенден баштап бүбүлөр да келе башташты.

Мазарды сүрөткө тартса терс зыяны тийбейби?

– Жок, зыяны деле тийбейт. Бул булакка ушул убакка чейин көңүл бурулган эмес деп сүрөткө тартып, кийин курулуш курулуп, оңдолуп бүткөндө абалы ушундай болду деп кайра тартып койсо тарыхта калат да. Биз ал жерге алма-өрүк тиктик. Келгендер жеп турса сооп болот деп тигип койгонбуз. Көлөкөсүнө барып отурушсун деп тал-терек тиктик. Мындан башка эчтеке деле кошумча кылган жокпуз, болгону сууну үйдүн жанына жеткизип койдук. Тикендерин чаап, арык каздык.

– Айылдагы жашоочулар сууну кайдан алышат?

– Бул жерде ар кимдин өздөрүнүн булактары бар. Бирок ошончо булактын ичинен бүбүлөрдүн көзүнө Тамчы булак көрүнөт экен. Бул капталда эле 7 булак бар.

– Ал булактарга да сыйынышабы?

– Жок, аларга барышпайт.

– Мазарга келгендер сиздин үйүңүзгө кирип кетишеби?

– Кирбейт, эшиктин алдынан өтүшөт. Анан биздин үйдүн алдында гүлдөр көп болгондуктан, гүл сурап үзүп кетишет. Мазар басып жүргөндө үйгө киргенге болбойт деп нан ооз тийип кетип калышат.

– Өзүңүздүн тукумуңузда кыргызчылыгы бар адамдар болгон бекен?

– Мурун болсо керек. Анан азыркы убакта эч кимибиз деле моюн сунган жокпуз, анткени кыйналып ооруган деле жокпуз. Адам качан гана кыйналып оорумайынча эчтекени сезбейт да.

Leave a Reply