Абдыраимов Жекшенаалы,Олжобайды керген таш ыйык жери

This post is also available in: Орусча

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн

Абдыраимов Жекшенаалы, 49 жашта, Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы Олжобайды керген таш мазарынын шайыгы.

Маалымат алган: Жусупова Назира, Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн студенти, Айгиненин Таластагы мүчөсү.

– Сиз бул жерге кандай байырлап калдыңыз?

– Мен Олжобайды керген таш мазарын жасаардан мурда ошол жердеги Сары үңкүр санаторийинде 15 жыл директор болуп эмгектенгем. Ошондо санаторийге барган адамдар ал чөлкөмдүн тарыхын айтып бер дешчү, анткени ошол жерде көптөгөн тарых бар да. Анан ошолорду ата-бабалардан сурап алып, анан өзүмө да кичинекейимде чоң энем көп айтып берчү эле, ошолорду жандандырып коеюн дегем, анткени эл нары өтөт, бери өтөт, кийинки жаштар такыр билбей басып жаткандан кийин, мен бир аска ташты алып келип орнотком. Анан бир жак бетине Олжобайды керген таш деп жазып, бир аз түшүнүктүүрөөк болсун деп арткы бетине бир берене (куплет) ыр жазып койгом.

Таякеси Кудуке кармап алып,

Таш төшөп тикенекке керип салып

Үстүнөн мал айдатып өткөзгөн дейт,

Олжобайды Кишимжандан ажыратып.

– деп жазып, астына Жекшен деп жазып койгом. Анан эки кара талды алып келип эки четине отургузгам. Анан өзүм жумушка баратып суу куюп же кароолчуга куйдуруп, бир жылдын ичинде талдарыбыз өсүп, Кудайга шүгүр, эки талдын башы да биригип калды.

– Сиз ошол ташты кайсы жылдары алып келип койдуңуз эле?

– 1995-жылы алып келип коюп, эки теректи тамыры менен сайдым.

– Олжобайды ошол таш менен керген беле?

– Жок, мен аска ташты алып келип койдум да, ал эми анын жанында Олжобайды керген таш төшөлүп турат. Мен болсо башына ташты алып келип коюп жатпаймынбы. Анан азыр ошол жерге дагы көп тал-терек отургузуп, бак кылсамбы деп тилек кылып жатам.

– Олжобай менен Кишимжандын окуясы кайсы жылдары болгон окуя эле?

– XVII кылымда болгон окуя, чынында ашыктардын окуясы эпосто[1] бир аз көркөмдөлүп айтылган, бирок чынында болуп өткөн окуя. Анан ал жерге көптөгөн адамдар келип сыйынышат, көптөгөн тилектерди тилешет, кудай тилектерибизди кабыл кылып жатышат деп айтышат. Ал эмес мен өзүм ошол жерде иштеп турганда Түптөн келип сыйынгандарды көрдүм.

– Мазардын кароолчусу катары сиз кандай иш-аракеттерди аткарасыз?

– Санаторийде иштеп жүргөндө экскурсовод катары көргөзүп, тарыхын айтып берчүмүн. Анан жаш өтүп бараткандан кийин бир аз да болсо ыйык жерлерге көңүл бура баштайт экенсиң да, анан эл бир жагынан сыйынып жатса, өзүмдүн жүрөгүм ошол жерге тартып, жандандырыш керек экен дедим. Эл сыйынып, Кудай таалам ошол жерден элдин тилегин берип жаткандан кийин деп карап калдым. Азыр эми келечекте ошол жерге бак тигип, көрктөндүрүп, анан жаан-чачын болсо түлөө кыла турган навес салып койсом деген тилегим бар. Анан мен туризм менен иштегенден кийин көбүнчө эки баклажкага суу алып алам, баратып да, келатып да теректерге суу куюп өтөм. Өтүп баратканда сөзсүз куран айтып, сыйынып өтөм. Ал эми келечекте элге шыпаасы тийген мазар болсо деп карап жатам.

– Ушул мазардан кандай оору менен ооруп келгендер айыгып кетип жатышат?

– Олжобайды керген таш мазарынын жанында Күркүрөө суусу бар да, санаторийге ошол жерден суу алынат. Анан бронхит, астма менен ооругандар ошол жерде отурушат, себеби Күркүрөө суусунун нымдуулугу жардам берет экен. Анан нерв ооруларына абдан жакшы экен. Бир чети мазардын касиети десем, экинчиден Күркүрөө суусу да нерв оорусун басылтып коет экен.

– Күркүрөө суусу мазардан канча аралыкта жайгашкан?

– Мазар дөңдө, суу ылдый жакта турат. 100 метрге жетпеген аралыкта жайгашкан.

– Бул мазарга элдин каттамы кандай?

– Бейшемби күн сайын бүбү-бакшылар дайыма барышат. Түлөө, кудай тамак өткөрүлөт. Анан ушул мазардын жанында Ажыдаар таш деген мазар бар, ал дагы ыйык деп аталат. Анан ал жерге да эл көп баргандан кийин мен боек менен ташка “Ажыдаар таш” деп жазып койгом. Анан ал жерге да тал-терек тигип койсом деп ойлогом.

– Сиз Ажыдаар таш мазарын да карап турасызбы?

– Ооба. Ажыдаар таш мазары көбүнчө сөөлгө, экзема ооруларына шыпаа. Бул мазар – чоң таш, анан ортосу чуңкур келет. Ал жерге жамгырдын, анан кардын суусу толот, толгондон кийин сөөлү барлар, экзема болгондор жуунса толук бойдон кетет.

– Ажыдаар таш мазарына элдин каттамы кандай?

– Ажыдаар таш мазары менен Олжобайды керген таш мазарынын аралыгы 200 метрдей жакын. Анан Олжобайды керген таш мазарына келгендер Ажыдаар таш мазарына да келишет. Анан түлөө кылганда Олжобайды керген таш мазарынын алды жагына, сууга жакын жерге өткөрүшөт.

– Ажыдаар таш мазарынын чуңкурунда дайыма суу болуп турабы?

– Негизинен бул таш ажыдаарга окшош, батышты караган таш. Суу болсо көп убакта болот, көбүнчө жайдын күндөрү бууланып, мал ичип коет. Бир жолу ошол жерге телевидениеден келип 10 мүнөттүк ролик жасаган. Анан биздин Бакыт Асыранкулович деген акимибиз да барган эле, ал аябай таң калган, өзү жайдын күнү болсо, июндун аягы болчу, башка жактагы сууну карасаң балырланып калат, ал эми бул суу жазда жааган жамгырдын суусу бойдон турат. Эч кандай тегерегинде чымын-чиркей жок, туптунук.

– Мазарда кароолчу болуп иштегенден башка дагы эмне болуп иштейсиз?

– Мен азыркы убакта Көк-Сай айылынын аксакалдар сотунун төрагасымын, андан тышкары «Узак жол туризминин» жетекчисимин. Туризм менен байланышта көп жылдан бери иштешип келе жатам.

– «Узак жол туризминде» эмне иш аткарасыз?

– Мында менин 3 күндүк турум бар, айылдан чыгып, бизде Манас атанын чокусунун бийиктиги деңиз деңгээлинен – 4485,2 метр, ошону көргөзөм, мазарларды көргөзөм. Андан кийин Киров суу сактагычын, анан Манас атанын ордосун көргөзөм. Анан ушул жерден туристтерди жөнөтөбүз.

– Сиз эмне себептен мазарларды карап калдыңыз эле?

– Себеби мен Сары үңкүрдө иштеп жүргөн кезимде, келген адамдар бул жердин тарыхын билсек болобу деп сурашчу. Анан менин Дилдежан деген энем бар болчу, кичинекейимде жетелеп жүрүп мага мазарлар туралу көп нерселерди айтып берчү эле. Анан ошол энемдин айткандары кулагымда калган. Ошондуктан элдерди ээрчитип көргөзүп жүрдүм, анан кийин бир аз жандандырып коеюн деп чоң таштарга жазып коюп, эл билсин дедим. Бала-чака тебелеп, же үстүнө чыгып алып бейшептеп койбосун деген мааниде жазып койдум. Элдин агымы келип сыйынып баштаганда менде кызыгуу башталды. Эл мазар экенин билсин деп колдон келген жардамымды жасап койдум.

– Канча балаңыз бар?

– Бардыгы – тогуз, алты кызым, үч уулум бар эле. Бир кызым өткөндө кайтыш болуп калды.

– Мазарды карап жүргөнүңүзгө Сиздин үй-бүлөңүздүн мамилеси кандай?

– Абдан жакшы, балдарым менин жасаган ар бир нерсеме ушунчалык кызыгышат, колдоо көрсөтүшөт. Кичинекей Чубак, Чыңгыз деген балдарым бар, анан Нурбек деген иним бар, ташты коюп жатканда ошолор казып, чым көтөрүп келишип жардам беришкен. Андайга көз-караштары абдан эле жакшы. Бала-чакамдын өзүнүн кызыкчылыктары да бар. Чубак, Чыңгыз деген балдарымды туризмге тартып койгом, алар да ары-бери өткөндө баклажкага суу алып барып куюшат. Себеби алар да мээнет кылышкан да, көрктөндүргүлөрү келет.

– Өзүңүздүн тукумуңузда мазарга байланышы бар адамдар болгон бекен?

– Менин тукумумда өзүмдүн чоң атам чоң түкүрүкчү[2], андан аркы чоң атабыз куучу[3] болгон экен. Жанагы адамдын жанын алып бараткандарды көргөн экен деп айтышат. Түкүрүкчү чоң атам жараларга түкүрүп коюп айыктырган экен, биздин тукумубузда негизи эле ушундай нерсе бар экен. Ошон үчүн кудай Таалам мени ушул жолго түртүп жатат болуш керек, же болбосо менден мурда да канча адамдар жашап өткөн. Бир жолу ушул мазарлардын тарыхын айтып берип жатсам, жетимиштеги карыя, ырахматы болгур каза болуп кетти, ошол: «Башыма жүн чыкканы бул жерге эч ким келчү эмес эле, сен мазар кылыптырсың» – дейт. Чынында союз убагында көп нерселер билинген, элес алынган эмес эле. Анан ушинтип жандандырып койсок, жанынан өтүп баратса да ыйык жер экен деп башкача көз карашта өтүшөт да.


[1] Олжобай менен Кишимжан (Алымкул Үсөнбаевдин айтуусу боюнча). Эл адабияты сериясы. 9-т. – Б.: Шам. 1997.

1 Түкүрүчү – табыптардын түрү: түкүрүк менен дарылаган адамдар .

[3] Куучу – «төрөттөн кыйналган аялдардын төрөтүн жеңилдетүү максатында чакырылган бакшы, эмчи» //  Кыргыз тарыхы .Энциклопедия, Бишкек, 2003, б.254

Leave a Reply