Ыйык жерлер

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китебинде жарык көргөн]

Кыргызстанда адатта ыйык жерди мазар деп аташат. Мазар – араб тилинен келип чыккан сөз, башында ыйык жерлер үстүндө тургузулган күмбөздөрдү түшүндүргөн[1].

Бара-бара бул сөз элдин аң-сезиминде ар түрлүү касиеттүү жерлердин аталышы болуп калган. Азыркы учурда өлкөбүздүн ичинде жайгашкан мазарлардын эки түрү байкалууда:

1. табигый келип чыккан мазарлар: булактар, тоолор, токойлор, үңкүрлөр, таштар, дарактар, көлдөр, ж.б.
2. адам тарабынан тургузулган мазарлар: улуу инсандардын күмбөздөрү, байыркы курулуштар, күнөөсүз өлтүрүлгөн инсандардын жайы.

Советтер Союзунун кулашы менен мурунку совет өлкөсүнүн аймагында салттык көрүнүштөрдүн пайда болуусу, кайра жаралуусу орун ала баштаган, алардын ичинде диний көрүнүштөр да болгон. Бул ар кандай түрдө жүрүп отурду. Кыргызстанда диний аң-сезимдин ойгонушу, биринчиден, ыйык жерлерди тургузуу же ачуу жана аларга сыйынуу багытында болуп, атеисттик мамлекеттен эгемендүү жана диний эркиндикке кадам шилтеген соң, өлкөбүздө мазар басуу салты кенен орун алган.

Тарых деген сөздү да тактап алууга туура келет. Биз көбүнчө «тарых» деп илимпоздор тарабынан иштелип, такталып, кагаз бетине түшүрүлүп, китеп же башка жазуу түрүндө жарык көргөн маалыматты түшүнөбүз. Бирок демейде «тарых» деп таанылган нерселер эң башынан окуялардан жана ошол окуялардын тегерегиндеги болгон ой-пикирлерден башталат. Аны «оозеки тарых» деп атап кетсек болот.

Айгине уюму 2004-жылы ыйык жерлер боюнча изилдөөсүн баштаганда, Кыргызстандагы ыйык жерлердин болжолдуу саны канча, алар кантип жана качан тургузулган же аныкталган, кимдер жана кандай максатта мазарларга барышат, алардын иштөө жагдайы кандай, мазар басууга карата бийликтин саясаты кандай деген суроолорго жазуу булактардан жооп табуу мүмкүн эмес болду. Ыйык жерлердин салты азыркы күнгө чейин сакталып келгени Ысык-Көлдүн же Ала Тоонун азыркы күндө бар болгонундай шексиз нерсе, бирок ыйык жерлер коомдук, маданий жана диний кубулуш катары изилдөөгө алына элек болчу.

Белгилүү себептерге байланыштуу узак мезгил бою ыйык жерлердин өзү сыяктуу эле, алар туурасындагы маалыматты жыйнап, жазуу мүмкүн болгон жок. Айталы, атеизмгесугарылган советтик мезгилде биз сөз кылган жерлердин касиеттүүлүгү көмүскөдө калтырылып, элдин көбү мазар дегенди дарактарга чүпүрөк байланган жерлер катары гана жупуну түшүнгөн жана андай жерлерге каттоо анчейин сейрек учураган.

Талас жергесинде иштей баштаганда ар бир ыйык жердин качан пайда болгону, ким тарабынан курулуп же ачылгандыгы, качан бузулуп, ким тарабынан оңдолгондугу жөнүндө эч бир даректүү текши маалымат табууга мүмкүн эместигин түшүнүп, Айгине башка – оозеки тарых багытында иш-аракетин жүргүзө баштады.

Ушуга дейре ыйык жерлер жөнүндө баяндар оозеки түрдө гана жашап, сакталып келди. Оозеки айтылган маалымат дайым өзгөрүп, мезгил өткөн сайын жаңы мазмун менен толукталып, кээ бир нерселер айтылбай унутулуп да калат эмеспи. Оозеки маданияттын дагы бир өзгөчөлүгү – бир эле нерсе бир нече түрдө айтылгандыгында. Ыйык жерлердин тарыхын баяндаган маалыматтар да ушундай бөтөнчөлүктөргө ээ. Муну сиз ыйык жерлердин тарыхын окуп отуруп дароо эле байкай аласыз. Анткени бир ыйык жердин тарыхы бир нече вариантта баяндалып, алар кээде бири-бирин толуктаса, кээ бирде улам убакыт өткөн сайын ыйык жер тарыхына тиешелүү урунттуу учурлар унутулуп, божомолдонуп, жомокко айландырылып бараткандай сезилет. Биз табылган, жазылган маалыматты «туура» – «туура эмес», «ишенимдүү» – «ишенимсиз» деп ылгабай, баарын сунуш кылуудабыз.

Мында берилген маалыматтарды окурман дээрлик маалыматчынын тике пикири катары кабылдоого негиз бар, дегенибиз, карапайым эл оозунан биз өткөн менен бүгүнкүнүн баянын кандай уксак, чыпчыргасын коротпой ошол тейде берүүгө аракеттендик. Ырас, айрым бүдөмүк, түшүнүксүз маалыматтарды айгинелегенге, айкындаганга аракет кылдык, бирок айтып берип жаткан адамдын кеби, ой жүгүртүүсү, дүйнөтаанымы, жеке баалуулуктары өңдөнгөн нерселер, анан албетте, эң ириде тили, ошол турушунда сакталды. Ошол себептүү ар кыл сүрөттөмө менен ар кыл баян өз ыңгайына жараша ар түрдүү тилдик боекторго ээ. Анда жай баяндоо, ички сезим, эрк, анда чочулоо, тартынуу, басыңкы маанай бар. Адамдар кандай ар кыл болсо, мындагы айтылгандар дагы ошондой ар кыл. А бирок эл дегениң кепти сыдыргыга салгандай айта бербесин эске алсак, бул өңүттө окурман өзү окуп жаткан нерселерди өз кабылдоосунда таразалап, аңдаганга, жөнөкөй сөз менен айтканда, ишенгенге, ишенбей койгонго акылуу.

Эл ыйык деп эсептеп, ар кыл учурда ар кыл чакырымдан атайы келип сыйынып жүргөн ыйык жерлер тууралу болот. Ал жерге адамдын каттамы канча, күнүнө же айына бир адам келеби, же он адам келеби, биз эң маанилүү деп эсептеген нерсенин өзү – дегеле ошол жердин же нерсенин ыйык жер катары эл тарабынан кабылдангандыгы. Бир-эки киши же бир-эки үй-бүлө келип зыярат кылган жер да ыйык жер деп көңүлгө алынды. Эл өзү туура, ыйык деп эсептеген нерсеге карым-катнаш жасайт, өздөрүнүн табити тартпаган нерсени аларга таңуулоо кыйын.

Бул баракчаларда сиз Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад аймактарындагы ыйык жерлердин сүрөттөмөлөрүн жана айрым баяндамаларды тапсаңыз болот.


[1] Ислам энциклопедиясы. – М., 1991. – 151-б.


Leave a Reply