Шарип кызы Озуйпа: Бул нерсе түпкү ата-бабаларымда болгон

This post is also available in: Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Шарип кызы Озуйпа. 1958-жылы Ак-Суу районундагы Каракыз айылында төрөлгөн. Орто билимдүү. 1990-жылдан бери кыргызчылык жолунда келе жатат.

Менин бул жолго өтүшүмө, биринчиден, балдарым, экинчиден, өзүмдүн энем Бейшекан себепкер болгон. Буга чейин мен бул ооруга түшүнгөн эмесмин. 1990-жылга чейин медицина боюнча мага «жүрөк порогу» деген диагноз коюлган. Балдарым талмалуу болуп, энемдин астмасы бар болчу. Менин дартымды, көзүмдүн ачылаарын, улуу баламды молдого алпарганымда Отрадныйдагы Жуман молдо айтты. Ага чейин деле көзүмө ар нерселер көрүнүп жүрчү.

Андан кийин энемди Түптөгү Айгүл деген келинге алып барсам: «Сиз качан актыкка баш ийсеңиз, ошондо энеңиз айыгып кетет», – деди. Мен үч күн ойлондум, ошону менен баш ийгенге туура келди. Мен ушул ишке өткөндөн кийин өзүмдүн талмам, балдарымдын талмасы, энемдин оорусу айыгып кетти. 1991-жылдан бери ушул ишимди улантып келе жатам. Көптөгөн кишилерге себепкер болдум. Бир нече окуучуларды даярдадым. Бул окуучуларымдын кээ бири ооруп, кээ бири түшүндө аян берип келишкен. Дем салам, мазарларга алып барам, шамга отургузам. Кимге кандай түшсө, ошол жагына оодарам. Көбүнчө кулагыма айтып турат, анан көзүмө көрүнөт. Качан алдыма киши келип отурганда, келмемди келтирип, сурай баштаганда, ал адамдын оорусу көзүмө көрүнөт. Кандай дарылоо жөнүн сурасам, кулагыма айта баштайт. Чөптөр менен дем салына турган болсо, дем салам, анан ошол колдоочуларымдын жардамы менен дарылай баштайм.

Мен өзүмдү табыпмын деп эсептейм. Өзүмдүн устатым Абдыракун кызы Айгүл азыр Бишкекте турат. Ошол жакта ушул иши менен иштейт. Курал-жабдыгымды ал тапшырган. Курал-жабдыгымды колума алгандан кийин, өзүм көп издене баштадым. Мага Чолпон айылында жашачу Шаршебай аба дагы көп жардам берди. Көл аймагындагы мазарлардын баарын бастым, тиягы Ошко, Таласка, Чүйгө, Жумгалга чейин бастым. Ошол мазарлардан энергия алам, көзүмө көрүнөт. Өзүмдүн курал-жабдыктарымды дайыма алып жүрөм. Камчы, теспе, куран китеп, бычак, кашык, төлгө таш, кол теспе. Мен ушул жолго келгенде, кыйынчылыктар болду, адегенде, үй-бүлөм, жолдошум каршы болду. Кийин жолдошум 1997-жылы катуу ооруп, доктурдан жакшы болбой, өзүм айыктырып алдым. Ошондо гана ишенди.

Өзүмө уйку-соонун ортосунда чоң аян берген. Жапжаш келин колуна боз үй кармап киргенде, мен бакырып тура калсам, энем: «Коркпо, коркпо», – деп кармап калган. Мындай окуялардын далайы болду. Энемдин да мындай касиети бар болчу, энемдин да көзүнө көрүнчү. Бул нерсе түпкү ата-бабаларымда болгон. Чоң энем өмүрү өткүчө киши дарылап, төрөбөгөн келиндерди төрөтчү. Ал киши 1975-жылы кайтыш болгон. Чоң энем менен чоң атама боз үйдөн жылаандар көрүнүп турчу экен, алар ар кимге эле көрүнө берчү эмес. Сырттан кишилер киргенде, чоң атам кобурап койсо, жылаандар өз үйлөрүнө кирип кетчү экен.

Менин үч балам бар. Үчөөнүн үч өнөрү бар. Улуу балам Арстанбаптын сезими күчтүү, алдын ала болчу нерсени сезип турат. Өзү өтүкчү, челекчи. Улан деген кийинки уулумдун сезими да күчтүү, малдын коен-жатагына чейин билет. Мирландын колунан дагы бардыгы келет.

Мен алдыда боло турган нерсени сезем. «Айгиненин» китеби чыгаарын мындан үч жыл мурун сезгем. Ушул ишке өтүп, киши көрө баштаганымда, өзүмдүн кара чечекей бир тууган эжем аябай күлүп, шылдыңдап, мага таң калган. Ошондон бир аз өтпөй эжем оозу-мурду кыйшайып, катуу ооруп, кайра өзүм Жуман атага алып барып, айыктырып алгам. Ошондо Жуман ата экөөбүздү отургузуп алып, мага: «Эжеңе үйрөт!», – деди. Анда эжем: «Жок, мен киши көрбөйм, ушул эле сиңдим көрсүн», – деди. Анда Жуман ата: «Бул кыздыкы өзүнүкү өзүнө, сиздики өзүңүздүкү өзүңүзгө», – деп айтты. Ошондо ата биздин кайсыл жерден келгенибизди сураганынан, Каракыздан келгенибизди айтсак, Жуман ата ошол тараптан Өмүраалы деген молдодон бата алгандыгын айтып калды. Биздин ошол Өмүраалынын неберелери экендигибизди укканда, Жуман ата кайра бизге батасын берди. Ошентип, эжем Амандык азыр өзү да киши дарылайт. Колдоочум – көк бөрү. Жуман атага барып калсам, мени эч качан атымдан чакырчу эмес, көбүнчө Карышкыр деп чакырчу.

Leave a Reply