Турдалиева Гүлмира: Кубанычбек ким?

This post is also available in: Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Турдалиева Гүлмира. 1982-жылы Оштогу Педагогикалык институттун биология факультетин аяктап, аталган факультетте 1987-жылга чейин иштеген. Андан соң 6 жыл Балыкчы шаарындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. Бишкектеги Юридикалык академиянын Укук таануу бөлүмүн бүтүрүп, учурда Аламедин райондук балдар чыгармачылык борборунун директору болуп иштейт. Кубанычбек Моңолдоровдун шакирти.

Кубанычбек менен таанышканымдан бери өтө таңгалычтуу окуяларга күбө болуп, анын төрөлгөндөн баштап азыркы күнгө чейинки жашоосуна кызыгып, анын өзүнөн жана туугандарынан өтө көп суроолорго жооп алдым.

Кубанычбек педагогдордун үй-бүлөсүндө 4 бир туугандын улуусу болуп төрөлгөн. Кубанычбектин атасы Самаков Ыдырыс малчынын үй-бүлөсүндө туулуп, мектептен кийин Ош пединститутун аяктап, өмүр бою мектепте математика сабагын окутуп жана окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Азыркы убакта Ысык-Көлдүн Бөкөмбаев айылында ардактуу эс алууда.

Энеси Осмонова Роза Өзбековна Ысык-Көлдүн Челпек айылында бардар үй-бүлөдө улуу кыз болуп төрөлүп, Челпектеги калмактардын Осмон ханынын небереси болгон. Роза апа мектептен соң, Фрунзедеги кыз-келиндер пединститутун аяктап, эмгек жолун Ысык-Көлдөгү Бөкөмбаев айылында мугалимдик кесиптен баштап, кийин пенсияга чыкканга чейин, райондук жана областтык аткаруу комитеттерде, жооптуу кызматтарда иштеген. 1991-жылы 55 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Кубанычбек төрөлгөндө өтө катуу кыйналып, Роза апа үч күн толготуп, салмагы 5.500 болуп, 1960-жылдын 4-февралында саат 16.18 де төрөлгөн. Катуу кыйналганынан, Роза апа бир жума өзүнө келе албай, оорукананын караңгы бөлмөсүндө жаткан. Менин угушума караганда, Кубанычбектин төрөлүшүндө эле бир чоң сыр бар болсо керек.

Роза апа мектепте иштеп жүргөн мезгилинде, Кубанды бешикке бөлөп коюп, сабакка кетчү экен. Бир күнү мектептен келсе, Кубанды кимдир бирөөлөр бешиктен чечип, жерге жаткызып койгон. Ал эми Кубандын баш жагында аппак жылан баланы ойнотуп турганын көрүп, өтө чочуп калат да, андан кийин ар дайым бирөөлөрдү баланын жанында калтырып калган.

Кубанычбекти кичинесинде өтө бат-бат аруу кармап калганын ата-энеси баланын дымы чыкпай, кызарып калганынан билишчү. Дароо ошол замат аны айылдагы атактуу манасчы Чокмор уулу Мамбетке алып барып, дем салдырып келишчү экен. Ал киши балага дем салып бүткөндөн кийин, баланын оозун ачып, түкүрүп койчу экен. Манасчы Мамбет ата Кубанычбектердин уруусуна сегизинчи атадан кошулат.

Кийин мектепте окуп жүргөндө, экинчи класс болсо керек, бир жолу түн ичинде, ай толгон маалда дарбазанын кырына чыгып алып, карышкырча улуп жатканын көргөн Роза апа абдан чоочуп, баласын акырын түшүрүп, бирок өзүнө айткан эмес. Бул окуяны кийин, чоң киши болгондо айтышкан. 5-6-класс мезгилдеринде Кубанычбек тынбай ышкырганга дуушар болгон. Ал мезгилдерде мындай кубулуштарды түшүнбөгөн ата-эне баланы догдурларга көрсөтүп, ар түркүн ыкмаларды жасатышып, акыры оозго чапкылап жатып, ышкырганын азайтышкан.

Өспүрүм мезгилге чейин Кубанычбек өтө зээндүү, зирек жана эмгекчил болуп өскөн. Мектепте өтө жакшы окуп, алдына киши салган эмес, бөбөктөрүн чоңойтконго өтө чоң жардам берген. 9-10-класстан баштап, өзүн токтото албай, өтө шок уланга айланган.

Энеси Роза апа жооптуу кызматта жетекчи болуп, Каракол шаарында иштегендиктен, өтө шок уулун азыркы Бөкөмбаев, мурунку Таш-Дөбө айылында жашаган чоң атасы Моңолдор менен чоң энеси Маркаштын колуна берген.

Ошол мезгилде да бир күнү чоң атасы менен чоң энеси Кубандын өзүнүн ата-энесин шаардан чакыртышып, түлөө өткөрүшөт, бирок, себебин айтышпайт. Көрсө, түн ичинде Кубанычбектин тоонун үстүнөн учкан белгисиз жарыкты кубалап жүргөн жеринен чоң атасы араң кармап келген экен. Бул кийин билинген. Карышкырча улуганын, жарыкты кубалаганын Кубан өзү эстей алган эмес.

Чоң атасы Чекир молдо байлатма жин ооруларды айыктырган чоң молдо болгон. Ошондой жин оорудан айыккан аял ушул мезгилде Бөкөмбаев айылында сопсоо турмушун өткөрүп келет.

Кубанычбек өзүн кармай албай, арак ичип, мушташтарда жүргөн. Алты аял алган. Беш баласы бар. 1987-жылдан баштап арагын токтоткон. Ичкиликти токтотушуна түн ичинде чоң аталары мойнун кысып, чоочутканы себеп деп, өзү айтат. Менимче, ушунун бардыгы кыргызчылыкты түшүнбөй жүргөндүгүнө байланыштуу болсо керек. Кийин Роза апа көзү өтүп кеткенде, Кубан өтө чоң депрессияга учурап, жашоонун бүт кызыкчылыгынан баш тартып, 1997-жылдан 2005-жылга чейин толугу менен мазар аралап кеткен. Мазар басуу учуру мурдагы дербиштердин жашоосуна айланган. Башкача айтканда, кийим кийбей, самсаалаган кийимди үстүнө илип, тамак ичсе ичип, ичпесе жок, мазарларда түнөп калган.

Бул Кубанычбек экөөбүз таанышканга чейинки кыскача баяндама десек болот.

Кубанычбекти мен бир көргөндө эле, башкача адам экендигин сезгем. Ошончолук кыйын азап тартса да, Кубанычбектин ак сөөктүгү жоголгон эмес.

Кубан эч убакта калп айтпайт, чындыкты эч кимден жашырбайт, себеби, бул нерселер: калп айтуу жана чындыкты жашыруу – өтө чоң, кечирилгис күнөө экендигин ага Улуу Күчтөр дайым айтып турушат.

Ушуга байланыштуу, эгер адам баласы, өтө коркунучтуу чындык болсо да, аны ачыкка чыгармайын, ал адамды оору, кырсык жана азаптар кучагынан кое бербейт деп айтылат.

Экөөбүздүн жашаганыбызга эки жарым эле жыл болсо да, мен азыр өтө көп нерселерге башкача карап калдым. Себеби, биз ушул убакыттын аралыгында өтө көп мазарларды кыдырып, Улуу Күчтүн, Сырлардын, Сыйкырлардын бардыгына көзүм жетти десем болот. Ушуга байланыштуу бул дүйнөдө адам өзүн өтө абайлап жүрүшү керектигине ишендим.

Кээ бирөөлөр Кубанычбекти азыркы замандын «жаңы маалымат алуучусу» деп жатышпайбы. Мен Кубандын ошондой адам экендигине мазарларда жүргөндө өтө ишендим. Себеби Кубан Ааламдан маалыматтарды алып жаткан учурларда, анын өңү, үнү, көз караштары адам ишенбей тургандай болуп өзгөрүп, кандайдыр бир белгисиз аппарат иштеп жаткандай болот, бирок ошол эле мезгилде ал өзүн эч кандай жоготпойт. Маалымат алуу убактысы кээде тынбай 2-3 саат болушу мүмкүн. Ал мезгилде Кубанычбектин тамагы кургап, жаагы талып калат. Угуу сезими өтө назик абалда болуп, коңшу бөлмөдөгү «тып» эткен тамчынын добушун дагы угат.

Кубанычбектин маалымат алуу өнөрү жөнөкөй адамдын колунан эч убакта келиши мүмкүн эмес. Демек, Кубанычбек чынында эле өтө күчтүү, Аалам менен байланыша ала турган маалымат алуучу деп ойлойм.

Кубанычбек айтып жаткан маалыматтардын кээ бири кагазга түшүрүлсө, кээ бири диктафонго жазылып турат. Кээ бир маалыматтар «Манаска» окшош айтылса, кээ бири кара сөз түрүндө берилет. Эң кызыгы, ал маалыматтар ар түрдүү тилдерде берилиши мүмкүн. Мисалы, көбүнчө кыргыз, казак, кытай, калмак, орус, аалам тилинде айтылат. Ааламдын тилин өзү гана чечмелей алат. Менин түшүнүгүмдө, бул маалыматтар – Жер жүзүндө адамдардын пайда болуусу, дегеле ааламдын түзүлүшү жөнүндө. Мен өзүмдүн колумдан келишинче ал нерселерди дыкаттап, иретке салып, жыйнап жүрөм. Өзүмдү бир жагынан Кубандын жардамчысы сезсем, экинчи жагынан анын шакирти катары сезем. Анткени өзүмдөгү бала кезде башталган кыргызчылыктын бир учкундарын Кубандан алган таасирлеримдин аркасында тутантып жаткандаймын.

Менин баамымда, эгерде Кубанычбекти изилдей турган чоң илимий борбор табылса, адамзатка Аалам жана жер түзүлүшүнө байланыштуу чоң ачылыш жасаса болот деп ойлоймун.

Тилекке каршы, мындай изилдөө борбору бизде, Кыргызстанда жок болсо керек. Кубанычбектин мурдагы болуп жаткан жана боло турган окуяларды билүүсү да мени өтө таң калтырат.

Менимче, Кубанычбектин окуган курандарын Кыргызстандагы молдолордун бирөөнөн да угууга мүмкүн эмес деп ойлойм, анткени бул курандар биздеги куран китептеринде жок болуш керек.

Ал эми өзүм жөнүндө айтсам, менин чоң энем Токуш апа кырк бир таш менен төлгө салган, адамды бир көргөндө билген адам болгон. Өзү Көлдүн Тору-Айгыр айылынан. Таэнем Куул өкмөт кызматында иштеп, өтө көрөгөч, таанымал адам болгон экен. Чүйдүн Кызыл Аскеринен.

Чоң атам согушта (1941-45) снайпер болуп, кызмат өтөп, курман болгон. Таятам болсо, Күнтуу хандын небереси болгон. Уруусу – солто. Атам Жунушбек да таланттуу дарыгер, врач-терапевт болуп (Саламаттыкты сактоонун отличниги), Балыкчы шаарында эмгектенди. Азыр Тору-Айгыр айылында ФАПты жетектейт.

Апам Жамал да өмүр бою врач-рентгенолог болуп иштеп, Балыкчы шаарында эмгектенди. Ал дагы Саламаттыкты сактоонун отличниги, азыр ардактуу эс алууда. Апамдын колунда да биотогу өтө күчтүү, элди кармаган жери дароо айыгат. Мен алты бир туугандын экинчисимин.

Кичине кезимде эле, 6-7-класста экенимде, өзүм менен тең кыздардын кулагын тешип, сөйкө салып берчүмүн, ошондо эле кичине дарыгерлик ойгонуп жүрсө керек. Кийин мектепти аяктап, Москвадагы медициналык институтта окуп, 3-курстан кийин турмушка чыгып, Оштогу биофакты бүтүрүүгө туура келди. Ошто жүргөндө эле теңтуштардын балдарын ырымдап, чөптөрдөн дары жасап берип, көбүнчө тели-теңтуштардын, туугандардын кээ бир ооруларын айыктырып жүрдүм. Ошентип жүрүп, азыркы убакка чейин (негизги иштен бөлөк убактарда) өзүмчө дарыларды жасап, элдерге колумдан келген жардамды берип жүрөм. Негизи мен кармаган адамдар колумдун (алаканымдын) ысык экенин айтышып, ооруларынан жеңилдеп калганын билдиришет. Азыр ойлосом, Алла Тааланын жардамы менен, ааламдан кандайдыр бир бизге табышмак болгон сырлар аркылуу мага дарыгерлик берилип турса керек.

Бизди курчаган ааламдагы бүт нерселер: суудан баштап, таштар, дарактар, гүлдөр, жаныбарлардын бардыгы бири-бирибизге дары болот экен. Ошондуктан, колдон келишинче, жаратылыш ичинен көбүрөөк бириксек, көптөгөн илдеттерден оолак болмокпуз деп ойлоймун.

Leave a Reply