Дейнеко Татьяна: Устатым жөнүндө

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Дейнеко Татьяна,

1956-жылы Сибирде Абаканда төрөлгөн. 1981-жылы Бишкектеги Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн. Көп жылдар бою өз кесиби боюнча иштеп, ишкерчилик кылган. 15 жылдан бери дарыгерчилик жолунда келе жатат. Муктарова Гүлнаранын шакирти.

Устатым шакирттерин курандын аяттары аркылуу түпкү башатына кайырып келет

Менин турмушумда бул адамга, Гүлнара Асановнага, жолугуу бактысы буюрду. Биз 12 жыл мурда таанышканбыз. Мен ага өзүмдүн көйгөйлөрүмдү, таарыныч, көңүл калууларымды айтып келгем. Менин дүйнөнү кабылдоом буйткага келип, такалгандай болгон. Көрсө, Гүлнара эже Кудай тарабынан берилген, денени гана эмес, Жан дүйнөнү дагы дарылап коюу касиетине ээ экен. Биздин бүткүл көйгөйлөрүбүз, эреже катары, өзүбүздөн, дүйнөгө карата туура эмес мамилебизден келип чыгат. Биз Гүлнара эже менен ар башка ишенимдердеги адамдар болгонубуз менен, бул биздин Рух жагынан эң жакын адамдардан болушубузга тоскоолдук боло алган жок. Гүлнара Асановна мени Кудайга алып келди, көп нерсеге көзүмдү ачты, Жан дүйнө менен сыйынууга, чиркөөгө келип, турмуштагы бардык жетишкендик үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүүгө үйрөттү. Ал мени менен көп маектешчү. Ар бир жаңы жолугушуубузду мен чыдамсыздык менен күтчүмүн, азыр дагы ошондой. Ал абдан сабаттуу жана дүйнөсү бай адам, аны угуу чоң рахат берет. Бул адам Окутуучум болуп калганына кубанычтуумун.

Гулнара эже мени ыйык жерлерге ээрчитип барып жүрдү. Биз алгач Токмоктогу Буранадагы байыркы күмбөздөргө бардык, андан кийин Ысык-Атадагы Эненин көз жашы тоосунан, Будданын аскасынан жонуп алынган делген Мухаммед пайгамбардын ири ташына (жаткан жери жайлуу болсун) бардык. Ананьево айылындагы Ысык-Көлдүн динчили Ыйык Ираклийдин күмбөзүнө бардык. Николай чиркөөсүнүн молдосу Виктор ата менен бирге биз уламыштарда апостол Матвейдин сөөгү жатат делген кечилдердин үңкүрүнө түштүк. Өзүбүздүн үй-бүлөбүз менен Каракол шаарына, Тихвин Энеге сыйынууга бардык.

Ар башка дин ишениминдеги адамдар ыйык жерлерге катташат, ал жерден алар Кудайды жана Кудайдын жакшылыгын издешет. Ошентип, Курандын гана аяттарын окуу менен, Гүлнара эже өзүнүн көпчүлүк шакирттерин алардын түпкү башатына, мени – христианчылыкка кайырып келди.

Leave a Reply