Амандык кызы Майрам: Менин шакирттерим

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Амандык кызы Майрам. 1962-жылы Жети-Өгүз районунун Мундуз айылында төрөлгөн. 1980-жылы Балыкчыдагы Куруучулар техникумун бүтүргөн. 1981-жылдан бери кыргызчылык жолунда келе жатат.

Алгач, шакирттеримди даярдоомдо алардын көзүнө биринчи көрүнгөн жерлерди кыдырабыз. Эгер акелердин күмбөздөрү түшсө, ошол жерлерден аян алабыз. Акыл, чечен, дарыгер, көр сезими түшсө, Алла Таалам эмне буйрук берсе, ошол кабыл болот. Бизге сүйлөйт, биз ошого макул болобуз. Эгер Бугу энеден кабар болсо, элечек берилет. Убакыты келгенде, – куран үйрөтүлөт, намазга жыгылтат. Кудайдын алдында таза көргөндүн жолу таза болот. Көп учурда мазарга, булакка, агып турган сууга, эл баспаган тоолуу жерлерге, илгерки ата-бабалар баскан жерлерге барсак, эмне кылуубуз керектигин колдоочулар айтып беришет. Шакирттердин ар бирине аян ар башкача берилет. Кээ бирине Атай, кээ бирине Манас ата, башкасына Умай эне, же Жер энелер көрүнөт. Эгер шакирттериме же дарылоочулук, же төлгөчүлүк касиет берилсе, Мухамбет пайгамбардан тиешелүү периштелер келишет. «Бул пенде төлгө салсын», – деп кулак сезимине жол ачылат. Же болбосо, камчы, бычак, күзгү – ушуга окшогон нерселер берилет. Ар бир нерсенин ээси берилет. Андан кийин шакирттер намазга жыгыла башташат, кийин актыкка баш ийишет.

Мазарга кирээрдин алдында даарат алышат, андан кийин оң бут менен аттап, жүгүнүп киришет. Мазардын касиеттери алдыңдан тосуп чыгат. Ошондо шашып калбас үчүн, куран окуп кириш керек. Андан кийин боорсок, тамак-ашын арнап, куран окуш керек. Андан кийин зикир чалып, мазарды тегерениш керек. Мазардан кеткенде, сол буту менен артын карап чыгышат.

Шакирт таптоодо абдан кылдаттык керек. Көбүнчө алар баспай, талма оорусуна кабылып, же жин оорусу менен ооруп калган учурларында жардамга муктаж болушат. Биринчи, өзүнүн жүрүм-турумун өзү көтөрө алабы – ошол нерсеге көңүл буруу керек. Бир шакиртимдин мисалында шакирт таптоо жолун көрсөтө кетейин.

А. аттуу шакиртим мага келгенде, менин периштелерим анын түпкү атасы Калмак экендигин айтты. Жол сурасам, бейшемби күнү жолго чыгуу керектигин билдирди. Каракол шаарынын түндүк тарабындагы Кашка-Суу кичи районунун үстүндөгү тоонун жээгинде калмак маркумдарынын сөөгү коюлуптур. «Силердин издегениңер мен болом», – деп, илгерки эски көйнөк, ак шым кийген, көйнөгүнүн тизесинин сол жагы тилинген, бели жоолук менен курчалган бир киши тосуп чыкты. Атанын артындагы кишилер койдун терисинен жасалган чапанды тескери кийген кишилер экен. Булардын эмне болгон адамдар экендигин сурасам, тирүүсүндө каргышка калган кишилер экендигин айтты.

Ааламдан көп учурда мага буйрук берилет, периштелеримдин айтуусусуз мен иш кылбайм. Калмак ата А.нын жалган жашоо кемчиликтерин айтып, «Сен актык алаарыңды ойлонуп келдиңби? Биз сага актыкты беребиз, бирок сыноо менен беребиз», – деди. Куран окуп, Калмак атанын ыраазычылыгын алдык. Андан кийин ал бизге жети акенин мазарларын кыдырып, алгач ден соолук сураш керектигин айтты.

Манжыл-Атага барганыбызда, ал жерден акыл берди, көрүү сезимин берди. Манжылыда Манас ата келип: «Эй, бала, сен көтөрө аласыңбы, сага Балбай атаң менен Калыгул атаң олуялык берип жатат», – деди. Андан соң Түптөн чыкканда, Балбай ата чоң карагер ат менен чоң талдын жанында турган жеринен кезигип: «Аа, балам, келатасыңбы, биз сени күтүп жатабыз. Берген белекти ал», – деп, чоң курактагы боз атын чылбыр менен берди. Андан өкүм келди: «Эми Көл энең тозуп жатат, алакан жайып, ошол жерге барсаң, ак бата аласың», – деди да, Балбай ата ал мазар Чычкан айылынын жогору жагындагы үч булак экендигин айтты. Ошол жерден батаны көп алдык. Көл эне чачы жайылып, элечек кийип, жанында көл перилери коштой чыгып: «Ээ кулунум, келдиңерби, мен силерди күтүп жатам, сага көрүү сезимин бердим», – деп шакиртимдин көзүн көпкө ачып турду. Шакиртим биринчи касиетинин элесин көрө баштады. Андан кийин Балбай ата чечен, саяпкер элсиңер деп, Тилекмат аке менен Садыр акеге барышыбыз керектигин айтты Шакиртимдин куранды толук билбеген кемчилиги айтылып, аны жоюш керектиги тапшырылды.

Тилекмат акеге келгенден кийин, бир топ убакыттан соң элеси чыкты. Сарт акенин элесине жолуктук. Кыдыр акеге барсак, жолборсу менен кеңешип отуруптур. «Ай, балдар, бир жериңерден кемчилик кетиптир. Акелердин улуусу Карга акеге барбайт белеңер», – деди. «Кой!» – деп, кемчиликтерибизди билип, Карга акеге барып, кечирим жана ак бата сурадык. Эми кайда бараарыбызды сурасак, Шапак ата менен Карач атага кезиктик. Ак бата бергенден кийин, биз аталардан аң-сезим сурадык.

Шакиртим андан соң сыноодо калды. Бир күнү колдоочулары түшүнө кирип: «Эй, бала эмне кылып жүрөсүң, Кочкор атадан кечирим сура», – дейт. Мен түшүнүү максатында, Кочкор атадан: «Эмнеге чакырдыңыз эле?» -деп, сурадым.   «Шакиртиң эмне кылып жүрөт?», – деп каарданат. Менин убактым болбой, орто жерде шакиртиме жолуга албай жүргөм. Көрсө, шакиртим короодогу малын төлдөтүп, ал ортодо өзү дагы кырсыктап калыптыр. Андан кийин Кочкор атага барсак, туура эмес жерди басып, анын үстүнө куран окубай коюптур – ошого Кочкор ата каарданып, анын каарынан улам шакиртим дагы кыйналды.

Актыгы бар киши жаман нерсеге барбашы керек. Эгер бир нерсени туура эмес кылып алса, Кудай таалам: «Сен көзүңдү өзүң ачпасаң, мен ачам», – деп, адамды кырсыктатып, сыр көргөзүп турат.

Leave a Reply