Акжолтоев М.: Эженин касиетине ишендим

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Акжолтоев М[1]., Амандык кызы Майрамдын шакирти.

Массалык маалымат каражаттары аркылуу келечекти болжолдоп алдын-ала айта турган көзү ачык, дарыгер, табыптар тууралуу жазылган булактарды окуп коюп, бирок ага анча деле маани берчү эмес элем. «Болбогон жомокту айтып жатышат, мыкты деген доктурлар айыктыра албаган дартты элдир-селдир сүйлөгөн табыптар айыктырып жибермек беле» деген өңдүү көз караштар менен жашачумун. Бирок, качандыр бир мезгилде өзүм дагы көзү ачык, табыптарга кайрылып калам деп ойлобоптурмун. Жигиттер да: «Тагдырың кайчы жолдо турат, ден соолугуң да жакшы эмес, жан дүйнөң булганган, кимдир бирөөлөр кара күчтөр аркылуу окутуп койгон», – дешсе, мына ушундай жоромолдорго ишенеби деп, аларды шылдыңга алчумун.

Үй-бүлөм менен ынтымактуу турчубуз. Ырыс-кешиктен кем эмес элек. Анда-санда гана иче койгонум болбосо, арактын артынан сая түшүп көргөн эмесмин. «Башымды жазчы, өлүп баратам», – деген теңтуштарымды жактырбай, тескери басып кетчүмүн. Бирок өзүм арак ичпесем, жаным жай албастыгын сезбей да калдым. Балдарым каралбай, ата-энеме да көңүл бурбай, өзүм менен өзүм болуп, жалгыздап, элден четтеп калганымды учурунда эч байкаган эмесмин. Арак болсо эле, баарын унутуп, жыргап жүрө бердим. Аялымдын, ата-энемдин, бир туугандарымдын: «Ичкениңди токтот», – деген сөздөрүн кулакка илип да койчу эмесмин. Ошентип жүрүп, үй-бүлөмдөн ажырадым. Азыркынын тили менен айтканда, «бомж» болдум.

Дүйнөдө жакшы адамдар көп экен. Ары-бери урунуп жүргөнүмдү көргөн бир тааныш эжекем мени Амандык кызы Майрамга күчкө салып ээрчитип келди. Оозумдан самогон буркурап, бутум чалыштап, тилим күрмөөгө келбей турганымды көргөн Майрам эженин: «Бул жигитте күнөө жок, ичкилик ичип, көчөдө тентип калсын деп окуттуруп койгон турбайбы», – дегенин кулагым чала-була чалды. Элдир-селдир эсиме келдим. Бирок, дале ага моюн сунбай, өз билгенимди бергим келген жок. Майрам эженин суу окуп берип: «Куран үйрөн, менин айтканыма ишенбесең, өзүң бил, бирок касиеттүү адамдардын бар экендигине ынан», – деген сөзүн көкүрөгүмө түйгөнүм жакшы болуптур. Акырындык менен акылыма келдим. Азыр арак деген ак азыткыдан биротоло кутулгам. Аялым менен жарашып, уул-кыздарымдын келечегин тилеп, жанталашып иштеп жатам.

Мурда анча маани бербеген табияттын табышмак сырларына эми башкача көз караш менен карай баштадым. Жин-шайтандын азгырыгы, кара күчтөр менен кара дубалардын түз жолдон адаштырган терс таасирлери тууралу көбүрөөк окучу болдум. Областтык, республикалык гезиттерде жарыяланган табият сырларын, укмуштуу дүйнө жаңылыктарын окуп, өзүмчө ой жүгүртчү болдум. Заманында адамдардын канын суудай агызган Чыңгыз хан да өлбөй коюунун, онтогон оорунун азабынан түбөлүккө кутулуунун дабасын издеп, табияттын табышмак сырларын билгиси келип, касиети артык олуяларды өзүнө чакыртыптыр. Демек, көзү ачыктык, олуялык касиет нечен кылымдардан берки келе жаткан салттуу көрүнүш экен да.

Майрам эженин да табият тартуу кылган өзгөчө касиети бар. Төлгөсү төп келет. Окуган дубасынын күчү бекем, таасири күчтүү. Анын айткандарына караганда, өзү да турмуштан жолу болбой кыйналыптыр, өп-чап жашоо кечириптир. Акыры кудай жолуна түшүптүр.

Ага кайрылгандар көп. Мага окшоп адашкандар да жетишээрлик бар. Биз билбеген, түшүнбөгөн табияттын сырларын, балким, Майрам эжеге окшогон адамдар аркылуу боолголойт чыгаарбыз. «Адамдардын пейилдери бузулду, каршылашкандарына кара дуба окутушат, кара күчтөрдү пайдаланышат», – деген сөздөрдүн жөн жеринен айтылбагандыгын өз жон теримден сезгенимден улам айтып жатам. Чын эле кара күч барбы, аны эч ким так айта албайт болуш керек. Бирок, кандайдыр бир күчкө, Майрам эжедей болгон табыптарга ишенүү да керек.


[1] Автордун өтүнүчү менен анын ысымы өзгөртүлүп берилди.

Leave a Reply