Айтикеев Кеңеш, “Бата” адам таануу ааламканасынын иликтөөчүсү

2010-жылдын 20-21-мартта Жумгал районун, Таш-Дөбө айылындагы Түгөл-Ата ыйык жеринде болгон “Улуу от” салтанатында болгон маек.

Айтикеев Кеңеш, “Бата” адам таануу ааламканасынын иликтөөчүсү

Ар би  р нерсенин чеги болот эмеспи, чегине жеткенде баары урайт же жоголот. Мына ошондой эле, адамзат аакыл менен ойлонуп, акыл менен иш жүргүзүп, табиятты талкалап акылдын түбү жазга алып келип, такаганын сезбей калышты. Адамзат түштөн кийин ойлонуп, бул акыбалдан кантип чыгуунун жолдорун издеп таппай жаткан кези. Ал эми биздин ата-бабаларыбыз, кудай жараткан нерселердин баарын, ыйык деп баалап, аларга аяр мамиле жасап, табияттын мыйзамына ылайык, өздөрүнүн үрп-адат, каада-салт, нарк-нускаларын иштеп чыгышып, жашоонун жол-жобосу катары пайдаланышкан. Биздин ат-бабаларыбызды тоого, сууга сыйынат деп, күнөөлөшүп жүрүшөт, кээ бир түшүнүгү жок адамдар. Мен ата-бабаларыбыз баскан жол менен Мухаммед пайгамбардын баскан жолдорун салыштырып көрдүм. Эмне үчүн Кыргызстандын ар бир айылында, ыйык деп аталган жерлер көп? Анткени кыргыз жашаган ар бир айылда, сырдуу кубулуш көрүнгөн жерлерди элдер ал жер жөнөкөй жер эмес, ал жерге кудайдын мээрими төгүлгөн жер деп, ал жерге зыярат кылышып Кудайга таазим жасашкан. Ошол эле жол менен Мухаммед пайгамбарга кудай таалам көрсөткөн сыйкырдуу кубулуштарды, Каабадагы таш, зам-зам суусу, чыккан булак, тоодогу окуялар буга күбө. Мына ошол жерлерге бүгүнкү күнгө чейин, ислам дүйнөсү ташка, булак чыккан жерге, тоого чыгып зыярат жасап жатышканы бүгүнкү чындык. Дагы бир нерсе пайгамбарыбыздын хадистери менен биздин макал-лакаптарыбызды салыштырып көргүлөчү. Мага бир эле нерсени айтып жаткандай туюлат. Ачыгын айтканда, биздин ата-бабаларыбыз басып өткөн жол, жашо турмушун Мухаммед пайгамбар аркылуу айттырып, сахабалары аркылуу кагаз бетине түшүрүп, куран китеби пайда болгондой туюлат. Кыргызда мечит, храм деген нерселер болгон эмес. Алар ыйык жерлерди пайдаланышкан. Ыймандуулукка тарбиялоочу, кудайды тааныштыруучу мектеби болгон. Кыргыздар аалам менен байланышып, ааламдан илим алып жашап келген калк болгон.

Биз 2009-жылдын сентябрь айынын аяк ченинде беш адамдан турган топ түштүк жергесин аралап, Ыйык деп аталган жерлеринде болуп, эл менен пикир алмашып кайткан элек. Баткен жергесине барганыбызда, Баткен шаарынан 10 км алыстыкта жайгашкан Кызыл-бел деген айылга барып конуп, эртең менен эрте ата-бабадан келе жаткан, салт менен дөңсөөгө чыгып, күн чыгышты карап, ниет тилегибизди айтып, бата тартып жатсак, айыл ичиндеги адамдар бизди карап, айран таң калып, турушту. Бир мезгилде бизди көздөй бир аксакал адам келе жаткандыгын байкадык. Ал кишит бизге жетип, жетпей эле, мен силерди күн чыгышты карап сыйынып жатсаңыздар, таң калып турам. Кытайбы десем кытай эмессиңер, башыңарда калпагыңар бар, барып билейинчи деп келдим-деп оор дем алып туруп калды. Биз кыргыз элебиз. Илгери ата-бабаларыбыз күн чыгышты карап, эртең менен эрте туруп күндүн нурун тосуп, ниет, тилек айтып, элге журтка жакшылык каалап, кудайга таазим кылып келишкенидигинайтып кайра ага суроо жөнөттүк. Сиз бала чагыңызда мындай жөрөлгөлөрдү көргөн жок белеңиз десем, көргөм, бала чагыбызда ата-энелерибиз эртең менен күнгө карап, тобо кылышып, күн батаарда да ошентишчү эле. Бирок исламда мындайга жол берилбейт. Силер адашып жатасыңар, мен ажылыкка барып, ажы болуп келген адаммын –деди. Анда мен айттым. Аба, биздин ата-бабаларыбыз жөн жеринен эле, күндү карап, таазим кылган эместир. Анткени күндү жандуу, жансыздын баарына жашоо берүүчү ыйык нерсе катары кабыл алышкан. Сиз өзүңүз ойлоп көрүңүзчү күн олбосо, жашоо барбы?-десем, болду балам, жүргүлө үйгө барып, даам ооз тийип кеткиле деп калды. Үйүнө келсек аялы дасторконун жайып алып күтүп турган экен. Дөбөдөгү болгон окуяны аялына айтып бергенде, аялы, эң туура жол. Мен колдойм, ата-бабаларыбыз, эч жакка убара болбой эле, эртең менен эрте эшигинин алдынан эле, күн нурун тосуп ниет тилектерин айтып, жаратканга таазим кылып келишкен-деп бизди колдоп кетти. Ажы акебиз болсо, айтканыңарда чындык бар деп кутулду.

Бүгүнкү күндө да аалам менен байланышып, маалымат алган адмдарыбыз көп. Башындай айтып өткөндөй ар бир нерсенин чеги болот. Мына азыркы ааламдан алынып жаткан, маалыматтарга таянсак, адам баласы акылды көп иштетп, табияттын мыйзамын бузуп, экологиялык катастрофага учураганы калганыбызды туюнтуп жатат. Бул кыйроодон сактануунун бир гана жолу бар экендигин эгер адам баласы акыл менен гана эмес, ар бир пенде өзүнүн көкүрөк туюм сезими менен табияттын мыйзамына ылайык, иш жүргүзсө гана сакталып калышы мүмкүн.

Акылдын чеги бүтүн, дил сезимдин доору башталды. Диндер боюнча да айта кетсем. Алар да өз миссиясын өтөп бүтүштү. Көрүп жатасыңар, акыркы мезгилде ар кандай, ыпылас жолдор менен диге үгүттөй башташты. Анткени, азыр адамдардын аң сезими өскөн доордо жашап жатабыз. Адамдар көп нерсени кабыл албай калышты. Жаңы бир нерсени издеп жатышат. Азыркы ааламдан алынып жаткан илимдерге таянсак, мындан дагы “дүйнө элин бириктирүү, бир кудайга сыйынуу”-деген кудайдын программасынын иштей баштагандыгы айтылат. Азыркы күндө дүйнөдөгү баардык улуттарга, өз тилдеринде ааламдан илим берилип жатат. Баарында: “дүйнө элин бириктирүү, бир кудайга сыйынуу” тууралуу. Эгерде биз азыркы берилип жаткан. Илимдерге маани берип, жашоо-турмушубузга пайдалана билсек, жашоо турмушубуз оңолуп, жалпы адамзат ынтымакка келип, баарыбыз бир атанын балдарындай, бириге турган учур келди.

Leave a Reply